Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал )

(Башы өткөн сандарда)

Арадан 10 жыл өттү. Жараткан үч адамдын  тагдыр жолдорун ар башкача кылды. Жанат эл аралык мамилелер боюнча мыкты адис болуп, окуусун бүтүрүп келгенден кийин Тышкы иштер министрлигинде иштеп калды. Канат болсо эркин күрөш боюнча эл аралык деңгээлде таанымал спортчу болду. Шооланын Америкага окууга кеткен боюнча дайыны чыкпады. Жашоо өз нугунда өтүп жатты. Канат эшикке чыгып бара жатып Жанаттын машинеси токтоп, андан Жанаттын келинчеги, уулу түшүп жатканын көрдү. Жүзү жаркып аларды утурлай басты.

– Кандайсыңар? Күттүрдүңөр го...- деди Жанат менен кол алышып. Келини жүгүнгөндө “өмүрүң узун болсун” деп алкап койду. Эч эле ушул алкаганга көнө албады. Дайыма жүзү кызарып, шашкалактап кетмейи бар. Машинадан түшкөн эки жаштагы Жанаттын уулу Айдар  Канатты көрүп талпына берди.

– Байке-е-е...

– Айдарбай, ой, сен чоңоюп калган турбайсыңбы? Жакында мени менен залга барып машыга баштайсың.

Канат баланы ала коюп өөп-жыттап жатты. Жанат аларды көрүп жылмая берди. 

– Жанды койбой байкеме барам дей берди. Мурунку дем алышта эле келмекпиз, ооруп калып келе албай калбадыкпы? Атам менен апам үйдөбү?

– Үйдө, баарыбыз күтүп жатабыз. Киргиле...

Тагдырдын тамашасын кара. Жусуп анчалык жакшы көрбөгөн уулу Канаттын багуусунда калды. Дегеле ата-энесине Канат күйүмдүү чыкты. Алар дегенде ичкен ашын жерге койгон жигит болду. Жусуптун мурункудай кара жини кармабай калган, анын үстүнө ооруп да калды. Апасы болсо мурункудай, баарын ичке каткан токтоо аял. Бир гана өзгөрүлбөгөн нерсеси – Канатты көргөндө көздөрү жадырай түшөт.  Уулуна бүт дүйнөсү менен жакын экенин анын ушул көз карашы билдирчү эле. Азыр да үйгө кирип келип учурашып жаткан Жанатты эмес, баланы эркелетип эзилип жаткан Канатты жадырап карап жатты. Бул көрүнүш Жанаттын көз жаздымында калбады. Куду бала кездегидей кызганычтык жүрөгүн тыз эттирип жиберди.

– Кандайсыздар, апа?

– Жакшы, уулум. Иштериң жакшыбы? Эмне көп келбей кеттиңер?

– Тиги тентек бир аз сыркоолоп калды, ошого.

Апасы эле эмес, атасы да Канат менен Айдардын оюнун эзилип карап жатканын көрүп эми Жанат уулун кызганып кетти.

– Болду да эми, кечке тайрактатпай албайсыңбы баланы?- деп жиберди келинчегине зирк эте. Жанаттын келинчеги Айсулуу дал кайненесиндей токтоо жан эле. Күйөөсүнө аябай берилген, чын дили менен урматтаган, анын сөзүнөн такыр чыкпаган жакшы жубай чыкты. Канаттын колунан уулун тартып ала албай ыңгайсыз абалда калды. Моокумдары кангыча ойноп бүткөндө Канат менен Айдар дасторконго келишти.

– Кана, эми чоң атаңа мен үйрөткөндөй салам айтчы, Айдар?

– Ассолом,- деп былдырады эки жашар тили таттуу наристе.

Чоң ата-чоң энеси баланы ортого алып мээрим төгүп калышты. Канат болсо Жанаттын чачын уйпалай кучактап алды.

– Эми сенин кезегиң келди, кел, эркелетип коёюнчу,- деп тамашалай берди.

– Жөнчү, Канат,- деп Жанат көз айнегин оңдой берди. Бирок дал ошол Канаттын мээрими ага жетпей жатканын, ошол мээрим үчүн ушул үйгө келе турганын көз  ирмемге сезе калды. Болбосо окуусун бүтүрүп чет өлкөдөн келгенде бул үйгө такыр кайрылбайм деп чечкен эле.

– Иштериң жакшыбы?- деди Канат.

– Болуп жатат, сеникичи?

– Шүгүр...

– Качан анан үйлөнүү той?

– Хм, ошону билбейм,- деди Канат. Үйлөнүү тууралуу сөз болгондо эле кызарып, оңтойсуз абалда калмайы бар.

– Үйлөнсө кана эми, биз Айдарды сагынып жол карабай, Канаттын балдарын эркелетип калат элек,- деди апасы.

Жанаттын дагы да талуу жерине тийди бул сөз. Канаттын балдары болгондо анын балдарына чоң эне мээрими да, көңүл буруусу да жетпей каларын ойлоду. “Ушул такыр үйлөнбөй эле калса экен, менин балдарыма ушинтип зар болуп калсаңар экен” деп табалап жиберди ичинен. Сыртынан күлүп тим болду.

– Жакында министр болот деп жатышат го сени, ия?- деди Канат чын дилинен сүйүнө.

– Ким айтат?- деди Жанат жактыра бербей.

– Уктум да, эмне жаманбы?

– Эми андай сөздөрдү айта бербеш керек да, Канат.

– Ой, эми бул жерде өзбүз го. Тим эле сактана бербечи.

Дал жаш кезиндегидей калышты булар. Жанат дайыма сак, өзүнүн гана пайдасын ойлогон, ачылып сүйлөй бербеген, ар нерседен шектенген адам. Канат дагы да болсо баарына сүйүү бере алган, ичинде эмне болсо сыртына чыккан, мээримдүү, баарына камкор  инсан болду. Кимиси бактылуураак эле? Ичиндеги жанын эзген сагынычка карабай Канат бактылуу болчу. Жакшы жумушу,  идеалдуу үй-бүлөсү бар, кымбат машине тээп, эки кабат үйдө жашаган Жанаттын дагы деле көкүрөгүндө өксүгү бар эле. Акылы да бар, куулугу да бар, жетем дегенине жеткен өжөрлүгү да бар. Бирок эмнегедир Канатчалык бакыты жок эле. Жанат бул тууралуу көп ойлончу.  Канатка болгон ушунчалык сүйүүсү менен бирге, тымызын ич тардыгы да бар. Кээде сүйүүсү жеңип кетет, кээде ич тардыгы үстөмдүк кылат. Азыр да дасторкон четинде отурган Жанат Канаттын бактылуу жүзүн көрүп ичи өрттөнө ойлоно берди.

 

ххх

Иллюминатордон сыртты тиктеген сулуу кыз ойлуу эле. Апакай жүзүнө жарашкан капкара чачтары куюлуп түшүп өзүнчө көркөм.

– Апа, аябай сулуу экен, ээ?- деди шыбыраган өспүрүм кыз андан көзүн албай. Кыз жай бурулду. Кыргыз тили ага аябай жагымдуу угулду. Шыбыраган кыз кызара түштү.

– Салам,- деп койду сулуу кыз.

Аны кыргыз деп ойлобогон өспүрүм кыз уяла түштү.

– Салам,- деди. – Сизди кыргыз деп ойлогон эмесмин. Япон же корей актрисаларына окшош экенсиз.

– Кыргызмын,- деди таптак сүйлөгөн кыз. – Атың ким сенин?

– Айдана.  

– А меники Шоола.

Экөөнүн сүйлөшкөнүнө кыздын апасы да кошулду. Таанышып, сүйлөшүп калышты.

– Канча болду мекенден кеткениңе?

– 10 жыл.

– Сагынсаң керек.

– Сагындым. Апам жыл сайын келип кетет. Атам андан да көбүрөөк каттады. Бирок баары бир Кыргызстанды сагынат экенсиң. Саякатым бүттү, эми мекениме келе жатам.

– Окуганы кетсең керек.

– Ооба, окуп, иштеп, биротоло чет жерде жашайын дегем. Бирок бир күнү мекенимди аябай сагынганымды түшүндүм. Дароо ишимди өткөрүп берип, учакка билет алдым. Апама айткан жокмун. Сюрприз жасайын деп чечтим.

Шоола жылмайып койду. Апасынын кебетеси  көз алдына тартылып бактылуу жылмайып алды. Чын эле ушундай болду. Жакшы жумушун, көнгөн шаарын таштайм деп бир күндө чечим чыгарды да, койду. А чындыгында чечим эбак эле кабыл алынса керек, болгону өзү көкүрөгүнө үңүлбөгөндүр. Эмнеси болсо да мекенине кайтууну чечти.

Шоола учактан түшөрү менен терең дем алды. Канчадан бери ушул жыт, ушул керемет тоолор анын жашоосуна жетишпей жүргөнүн түшүндү. Тез эле такси кармап даректи айтты. Саналуу мүнөттөрдөн кийин апасынын дарбазасынын алдында турду. Эшикти какты. Чыга келген апасы Шооланы көрүп нес боло түштү.

– Кызым?

– Апа, мен келдим.

Аны кучактай калган аял ыйлап жиберди. Кызын ушунчалык сагынган эле. Шоола да көзүнөн жаш куюлуп жатканын байкады.

– Каап, алдын ала айтып эле учсам болмок экен. Сизди мынчалык реакция кылат деп ойлогон эмесмин. Сюрприз кылам деп ойлогом да.

– Сен келдиң, келдиң...

Шолоктогон аял башка сөз айта албай жатты...

(Уландысы кийинки санда)      

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1101, 12-18-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан