ЛИМОНАД САТЫП ЧОҢОЙГОН РЕЖЕП ТАЙИП ЭРДОГАН

Бейне

Көчөлөрдү кыдырып «лимонад алгыла» деген кичинекей Режеп Тайип аттуу баланы кийин чоң өкмөттү башкарат деп ким ойлоптур? Талыкпай эмгектенген Эрдоган мырза жашынан саясатка аралашып, азыркы деңгээлге өзү күчү менен жете алды.

Туулган жылы – 1954-жыл, 26-февраль
Туулган жери – Түркия, Стамбулдун Касымпаша району
Ээлеген кызматы – Түркиянын өкмөт башчысы, “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” исламчыл партиясынын лидери
Үй-бүлөлүк абалы – 2 уул, 2 кыздын атасы

РИЗЕДЕН СТАМБУЛГА САПАР
Бүгүнкү түркиялык саясий жана мамлекеттик ишмер Режеп Тайип Эрдоган карапайым үй-бүлөдөн чыккан.Ата-бабаларынын тукумунда грузиндердин бар экени айтылат. Эрдогандын атасы Ахмет жумуш издөө максатында Стамбулга көчүп келген. Ал деңиз жээгиндеги порттордун бирине ишке орношот. Чоң шаарга келүүнүн дагы бир максаты 5 баласына татыктуу билим берүү болгондугу да жазылып келет.
Өспүрүм кезинде кичинекей Режеп Тайип шаардын көчөлөрүн кыдырып лимонад жана таттуу токоч сатчу. Мектепте окуп жүргөндө ырларды көркөм окууга жана дил баян жазууга абдан кызыкдар эле. Атасынын тилдегенине карабастан, андан жашынып футболго да бара турган.

САЯСАТКА ЭРТЕ КАДАМ ТАШТАП...
Студенттик курагында, тактап айтканда, 1976-жылы ал “Милли Селамет” партиясынын жаштар канатына кошулуп, ошол эле жылы анын төрагасы болуп дайындалат. Бирок 1980-жылы өлкөдө аскердик төңкөрүш өтүп, бардык саясий партиялардын ишмердигине тыюу салынат.
1981-жылы Режеп Тайип Эрдоган Мармар университетинин экономика жана соода илимдер факультетин аяктап, 1982-жылы аскердик кызматын өтөйт. Аскердик мөөнөтү бүтүп, 1983-жылдан тарта кайрадан саясий майданга “Рефах” партиясы менен кайтып келет.

МЭРЛИКТЕН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА
1994-жылы Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын чоң шаары Стамбулдун мэри болуп шайланган. Ал башка шаар башчыларына үлгү болууга жетишип, анын башкаруу мезгилинде Стамбул байкаларлык өзгөрөт. Жаңы көпүрө, айланма жол жана өткөөлдөрдү курган Режеп Тайип Эрдоган эмгеги менен элдин ишенимине ээ болот. Бирок 1997-жылы кезектеги аскердик төңкөрүш болуп, 2 жылдан соң Эрдоган айрым көз карашы үчүн камакка алынат. Аны менен катар мэрлик кызматтан да кол жууйт. 4 ай камакта отуруп бошотулгандан кийин саясий санаалаштары менен “Адилет жана өнүгүү” партиясын түзөт.
2002-жылы парламенттик шайлоого катышкан бул партия жеңишке жетип, өкмөттү башкаруу укугуна ээ болгон. Тилекке каршы, бир кезде соттолгон окуясы Эрдогандын өкмөт башчы болуусуна тоскоолдук жаратып, мыйзамдуу түрдө акталуу процессинен өтөт. Ошентип, 2003-жылы 15-мартта Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын премьери болуп дайындалат. 2007-жылы июлдагы шайлоодо Эрдоган жетектеген партия кайрадан жеңишке ээ болуп, элдин ишенимине татыктуу болуу менен өкмөт башчы кызматын улантат.

СЫНЧЫЛЫКТЫН ЧЕБЕРИ
2009-жылы Эрдоган Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу учурунда Газа тилкесинде операция жүргүзүп жаткан Израилдин иш-аракетин коргогон президент Шимон Перести элдин көзүнчө катуу сынга алган. Ушул жылы Үрүмчүдө болуп өткөн уйгурлар менен кытайлардын кагылышуусуна да токтолуп, Кытайдын дарегине карата “уйгурларга каршы геноцид жүргүзүлдү” деген сөздү айткан.

ҮЙ-БҮЛӨСҮ
Жубайы Эмине экөөнүн ортосунда 4 баласы бар. Уулдары – Ахмед Бурак, Нежмеддин Билал жана кыздары – Эсра менен Сүмеййе.

ЭРДОГАН КЫРГЫЗСТАНДА
Бул аптада Түркиянын өкмөт башчысы атайын сапары менен Бишкекке келди. Ал президент Роза Отунбаева, премьер Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту. Атамбаев мырзанын түркиялык бийлик өкүлдөрү менен өз ара мамилеси жакын экени көп айтылат.
Режеп Тайип Эрдогандын расмий сапарынын жыйынтыгы иретинде Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы визалык режимди жоюу каралды. Бул маселе жылдын аягына чейин чечилип калышы мүмкүн. Ал эми президент Роза Отунбаева түркиялык өкмөт башчыга Данакер орденин тапшырды.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Ernees
2011-02-04 21:54:14
Belgiluu sayasat4y
0
i-net
2011-02-11 06:39:23
Абдан жакшы! Ошон учун айтат да: "Карындагы баланын ХАН болорун ким билет? Бешиктеги баланын БЕК болорун ким билет?" деп.
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан