Тамак сиңирүүнү жакшырткан кара мурч

Ашканада кара мурч колдонбогондор аз. Тамак-аштын даамын, жыпар жытын арттырган бул татымалдын организмге тийгизген оң жана терс таасирин билип алыңыз.

Витаминдерге бай

Кара мурч – түрдүү витаминдерге, пайдалуу минералдарга бай татымал. Анын курамында В тобундагы витаминдер, андан сырткары С, К, калий, кальций, магний, фосфор, темир, марганец, жез, цинк жана башка активдүү биохимиялык кошулмалар бар.

 Организмге оң таасири

1. Тамак сиңирүүнү жакшыртат. Кара мурчтун эң негизги кызматтарынын бири тамак сиңирүүгө активдүү салым кошуу.

2. Салмак таштоого көмөктөшөт. Курамындагы пиперин заты, биринчиден, адамдын тамакка болгон табитин басаңдатат. Экинчиден, организмдеги майдын бат корошуна көмөктөшөт. Андыктан арыктагысы келгендер кара мурч менен “дос” болушу керек.

3. Антиоксидант. Окумуштуулар кара мурчтун антиоксиданттык касиетке ээ экенин байкашкан. Антиоксиданттар – бул клеткаларды эркин радикалдардан коргой турган заттар. Эркин радикалдардын пайда болушуна тамеки чегүү, туура тамактануу эрежелерин сактабоо, активдүү күндүн таасири, зыяндуу заттардын таасири себеп болот.

4. Сезгенүүлөрдүн “душманы”. Кара мурч чынында эле сезгенүүлөргө каршы мыкты каражат. Эгер сезгенүүнү убагында дарылабаса, коркунучтуу өнөкөт оорулар жаралышы мүмкүн. Татымалдын курамындагы ошол эле пиперин заты сезгенүүлөрдү алдын алганга аракет кылат.

5. Эркектердин потенциясын көтөрүүгө жардам берет делет. Андан сырткары физикалык оор жумуштардан кийин булчуңдардын жыйрылуусун жазат. Ал эми кара мурчтун курамындагы активдүү заттар аялдардын сулуулугуна кам көрөт. Эрте бырыш түшүүнүн алдын алат.

 Терс таасири

Ар бир нерсенин өз чеги болушу керек эмеспи. Андыктан кара мурчту да нормасынан ашык колдонгондо организмге зыян келтиребиз. Ашыкча кара мурч ашказандын, кызыл өңгөчтүн жана ичегилердин былжыр челин күйгүзүп жибериши ыктымал. Бул татымалдан зыян тартпаш үчүн күнүмдүк норма – 5 граммдан ашпашы кажет. Кара мурч гастрит, ашказан жарасы барларга, ичеги, бөйрөк, заара чыгаруу жолдорунун ооруларында, жүрөк-кан тамыр дарттарында жана башка ооруларды калыбына келтирүүчү диета учурунда колдонууга болбойт. Анан да аллергиктер абайлап колдонушу керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1101, 12-18-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан