Айгерим Саматова, актриса: “Мурда кумир туткан айымдар менен бир сүйлөшкөндөн кийин назарым сынды”

Актриса Айгерим Саматовадан ачык-айкын, тузу, мурчу, шекери да бар маек. Депрессия, өзүнө кол салуу аракети, жалгыздык жана бактылуулук... Башынан өткөн оор да, бактылуу да күндөрүн айтып берди. 

 – Айгерим, салам! Келиндик доорду сүрүп жатасыз. Балаңыз жаш экенине карабай чыгармачылыкты улантып иштеп жатасыз. Оорбу?

– Ушул жерден бир куплет ыйлай берсем болобу (күлүп)? Бала менен кыйын, ооба. Бирок жашоого жеңил караш керек экен, баары биздин аң-сезимибизден көз каранды. Азыр тиш жарып ыйлактап жаткан учуру. Колдон түшпөйт, башка бирөөгө көнбөйт. Мындай учур бардык эненин башынан өтөт. Кичинесинен ысык-суукка көндүрүп, коомго аралаштырып өстүргөн бала чыйрак болот деп ойлойм. Жумушту “балам чоңойгондо кылам” деген туура эмес. Себеби бала чоңойгондо артынан кийинки балдар келишет. Алар чоңоюп жашоого аралашканча биз карып кетебиз. Азыр энергиям бар, иштешим керек. Үйдө отуруп чарчаганча, иштеп чарчаган жакшы.

– Кайын журтуңуз кандай көз карашта буга?

– Бир столдо атасы-апасы, бир туугандары отуруп, келин чай куюп жаткан картинаны элестетип, ошону кыялданчумун. Азыр чоң үй-бүлөбүз. Кызмат кылам, чай куям, бул мага жагымдуу, бактылуулук тартуулайт. Ата-энем (ред.: кайната, кайненеси) түшүнүктүү адамдар. Менин жумушум үчүн менден өтүп кабатырланышат. Мен ойлогондон да эки эсе жакшы адамдарга туш болдум, шүгүр.

– Буга чейинки маегиңизде “өзүмдүн үстүмдөн иштеп жатам” деген элеңиз. Өзгөрдүңүзбү?

– Өзгөрдүм. Текебер, айтканымдан кайтпаган адам болчумун. Өз каалоомду биринчи орунга койчумун. Аял болуу – кээде ийилүү экен. Пластилиндей болуш керек тура, тиги жакка чаптаса да чапталып, берки жакка чаптаса да чапталсаң, ошондо жашоо уланат экен. Кээде Мадияр “ушундай аял алганыма сүйүнөм” дейт. Сүйлөшүп жүргөн кезде “сени менен кантип жашайбыз” дечү. Азыр “өзгөрдүң, өзгөрөрүңдү билгенде 6 жыл сүйлөшпөй эрте эле үйлөнбөйт белем” деп калат.

– Чыгармачылыктагы Айгерим менен кадимки жашоодогу Айгеримдин кандай айырмасы бар?

– Айырмачылык чоң. Бул чөйрөгө сиңип кетиш үчүн адам 2 эмес, 5 жүздүү болуш керек. Мен мурда теледен көрүп суктанып, кумир туткан айрым айымдарга жолуктум. Бир сүйлөшкөндөн кийин назарым сынды. Себеби камера алдында өздөрүн идеалдуу көрсөткүсү келип башкача болушат экен. Ал эми чыныгы жашоодо жүзү такыр башкача экенин көрдүм. Мисалы, айрымдар атайын кымбат тамактарды, кымбат үйлөрдү сүрөткө тартып жүктөп “ушундай жашайм” деп элди алдашат экен. Мен жасалма жашоону эмес, чыныгы өзүмдү көрсөтүүгө аракет кылам. Кыргыз эли баары бир жөнөкөйлүктү жакшы көрөт. Бизди көтөргөн да, түшүргөн да эл. Ошондуктан “эл айта берет” дебейм, элдин ою менен эсептешем. Хайпка илинип калуудан корком, бирок кээде кантип илинип калганымды өзүм түшүнбөй калам.

– Жакында бир хайпка илиндиңиз. УТРКнын жыл мыктыларын тандоо аземине ачыгыраак көйнөк кийип барыптырсыз, талкуу жаратты...

– Тартуу иштеринен такыр бошобой жүргөм. Ал көйнөктү ошол күнү эле интернеттен буюртма аркылуу алдыргам. Кийип унаага отурганда жакшынакай эле болчу. Унаадан бала эмиздим да, түшүп кызыл килемде басып баратсам тиги көйнөк ылдый түшүп баратат. Көрсө, байланган жери бошоп кетиптир. Кудайлап коюп басып бараттым. Ооба, ар кандай сындар айтылды. “Көөп калгансың го, ажырашайын дегенде ушинтип калчу элеңер” дегендер болду. Стресс болдум. Кудай сактасын. Негизи ачык кийине албайм.

– Эне болуу сизде кандайдыр бир жаңы сапаттарды ойготтубу?

– Эненин түрлөрү болот. Өтө мээримдүү, өтө баласаак же баласаак эмес. Менде энелик инстинкт 100 пайыз ойгоно элек, бирок өтө жоопкерчиликтүү энемин. Эне баласын урган ар кандай окуялар болуп жатпайбы? Буга энелерди гана күнөөлөбөш керек экен. Эне аябай чарчайт тура. Андай учурда ага психологиялык жардам, колдоо керек. Бала чоңойтуу аябай оор. Кыргызда бала кароого апа гана жооптуу деген түшүнүк бар. Эми баланы ата да карашышы шарт деген норма киргизиш керек. Эненин түйшүгүнүн жарымын ата алышы кажет.

– Өзүңүз ушундай кырдаалга кабылдыңызбы?

– 10 күндөй башкача абал болду. Депрессия деп айта албайм, гормондор ойноду окшойт. Денем шок абалында болуп калды, кесарево аркылуу төрөдүм да. Наркоздун да таасири тийдиби, айтор, өзүмдү таба албай кыйналдым. "Мен каяктамын? Эмне болду? Эмнеге ичим кесилип калды?" деген суроолорду өзүмө берип жаттым. Анан өзүмдүн үстүмдөн иштеп, бул абалдан чыкканга аракет кылдым.

– Биринчи жолу депрессияга кабылышыңызбы?

– Мен дайым эле депрессияда жүрөм, балачагымдан бери эле. Классташтарыма кошула албай, кийин тайпалаштарыма кошула албай жүрүп окууну бүттүм. Эми гана бул абалдан чыга баштадым.

– Ошондой кезде кимдир бирөөгө кек сактаган учур болдубу?

– Болду. Тайпалаш бир кыз бардык тайпалаштарымды мага сүйлөбөй турган кылып койгон. Ыйлачумун. Бир жолу Ата-Бейитке Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө барып алып “Чыңгыз ата, мени тайпалаштарым кошпой жатышат, мага жардам берчи” деп ыйлаганым эсимде (күлүп). 86 баатыр каза болбоду беле, алардын маңдайына барып фамилияларын окуп, “мага жардам бергиле, өзүм жалгыз калып калдым” деп ыйлагам (күлүп). Депрессиядан улам эмне кыларымды билбей калгам. Кызыгы, ошол кыз азыр эң жакын курбум. Эх, эмне деген гана окуялар өтпөдү башымдан.

– Айтып берсеңиз.  

– Кичине кезимде бир жолу таятам “тамак жаса” десе, “жасагым келбей жатат” дедим. “Кандай жасабайсың? Бекер ичип-жегенди жакшы көрөсүң, элдин кыздары мындай-тигиндей” десе ыйладым. Анан эч кимге керегим жок окшойт деп, үйдө эч ким жокто таенем ичкен дарылардын баарын ичип алгам. Бир маалда дарылар таасир берди. Паласты тытып, колдорум канап жатат. Турайын десем башым айланат. Анан эсим ооп жыгылып калыптырмын. Турсам үйдөгүлөр сүт берип чый-пыйы чыгып жатышыптыр.

– Азыр деле тайпалаштарыңызга таарынасызбы?

– Мен ошол адамдарга рахмат айтам. Алар мага күчтүү болгонго, өзүм менен күрөшүүгө үйрөттү, өнүгүп өсүүмө жардам беришти.

– Жолдошуңуз менен дуэт ырдаганыңызды көрдүк. Чогуу ырдоону ким сунуштады?

– Мадияр сунуштады. Менин 4 жылдык вокалдык билимим бар. “Ырда, билимиң бар” деди. Ырдап, клип тарттырабыз. “Эл колдосо ырдайм, колдобосо токтотом” деп жатам.

– Алдыда сизди ырчы катары да көрүп калат экенбиз да?

– Ооба, эмнеге болбосун? Өзүмө ишенем, үнүмө ишенем. “Ырдап берчи” дешсе, айрымдарга окшоп “тамагым ооруп жатты эле” дебейм. Колумдан келет.

– Сонун, максаттарыңыз ишке ашсын!

 

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1101, 12-18-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан