Таз баштардан, жумурткадан, уктагандан коркуу... Фобиянын түрлөрү

Окурман, буга чейин фобия эмне экенин, анын келип чыгуу себептерин, дарылоо жолдорун жазганбыз. Бул ирет фобиянын түрлөрүнө токтолдук. Дүйнө жүзүндө ондогон фобиянын түрлөрү бар. Арасында жылмаюу жаратканы, таң калтырганы, сестенткени да бар. Бирине күлкү, бирине коркунуч жараткан фобия түрлөрүнө көңүл буралы.

 Номофобия – мобилдик байланыш жок калуудан коркуу

Номофобия – заманбап жашоодо пайда болгон, эң жаш фобиялардын катарында дешет психотерапевттер. Бул фобияны аныкташ үчүн окумуштуулар 5 жыл изилдөө жүргүзүшкөн. Анда айрым адамдар тааныш эмес жерде телефону тартпай калса коркуп, паникага алдырышкан. Кээ бирлер үйүндө отуруп эле “балким, азыр телефонум өчүп же антеннасы чыкпай калса эмне болот?” деп корко беришкен. Бул фобия өөрчүп кетсе, адам телефонун көрбөй калса тынчсызданып, кээде эс-учун жоготкон да учур болот.

 

Трихофобия – чачтан коркуу

Пеладофобиянын карама-каршысы трихофобия деп аталат. Трихофобдорду титиреткен нерселер: жерге түшкөн чач, таракта калган чач, кийимге же эмерекке жабышкан чач. Мындай адамдар жаныбарлардан да алыс болушат, анткени алардын да жүнүнөн коркушат. Эми өзүңүздүн үйүңүздү элестетиңизчи, жерге же башка жерге түшкөн чач барбы? Айтор, трихофобдорго жашоо кыйын эле экен.

 

Омфалофобия – киндиктен коркуу

Ыя? Киндиктен да киши коркобу? Ооба, коркот. Корккон адамдарды омфалофоб деп коюшат. Алар өздөрүнүн киндигин бирөө жарым кармаганын (медициналык текшерүүдө жана башка), караганын көтөрө алышпайт. Кошумча өздөрү да башканыкын карагандан коркушат. Андыктан башкалардын киндигин көрүп калчу коомдук жайлардан (суунун жээги, бассейн, мончо жана башка) алыс жүрүшөт.

 Ксантофобия – сары өңдөн коркуу

Ар бирибизде эле жаккан жана жакпаган өңдөр болот. Бирок жакпаган өңдөн коркуп айланып качкан учур чанда кездешет. Мисалы, сары өңдөн коркуп, жаа бою качкан адамдарды ксантофоб деп коюшат. Күн, сары гүл, сары өңдөгү кийим, сары өңдөгү буюм-тайым, тамак-аш, өрчүшүп кеткен учурда “сары” деген сөздү укканда өзүн кармана албай паника болгон адамдар бар экенин биле жүрөлү.

 Сомниофобия – уйкудан коркуу

Суткасы менен кебелбей уктаган адамдар бар экенин көрүп эле жүрөбүз. Бирок тескерисинче, уктагандан корккондор бар экенин билчү белеңиз? Сомниофобдор уктаганда өзүн өлүп, кайра тирилгендей сезишет. Бул фобия көбүнчө дайыма коркунучтуу түш көргөндөрдө, же болбосо ар бир мүнөт-саатын өзү көзөмөлдөп, башкарган жана уктаганда ал көзөмөлдү жоготуудан корккон адамдарда пайда болот. Кээ бирлери болсо убакыт – бул адамдын негизги байлыгы, ал эми уктаганда ошол баалуулуктан кол жууп калам деп титиреп коркушат.

Овофобия – жумурткадан коркуу

Овофобия биздин планетадагы миңден бир адамда кездешет дешет окумуштуулар. Бул фобия менен жабыркагандар жумуртканы көргөндө жийиркенип, алыс качканга аракет кылышат. Америкалык белгилүү кинорежиссёр Альфред Хичкок овофоб болгон, ал өмүрүндө бир да жолу жумуртка жебегенин айтканы бар.

Омброфобия – жаандан коркуу

Омброфобиянын келип чыгуу себептерин так айтуу кыйынга турат. Андай себептердин бири жаан учурунда болгон психикалык травма болушу мүмкүн. Кандай себеп менен болсо да омброфобдорду калчылдаткан жаан болуп эсептелет. Бул фобия менен жабыркагандардын айрымдары жаанга калганда түрдүү оорулар жугушу ыктымал дешет, жаан учурунда адам өзүн жоготот деген ишеничтегилер да кездешет.

 Фагофобия – жуткандан коркуу

Тамактануу учурунда тамак-ашка чакап калам деп жегенин жуткандан корккондор да бар. Бул кайсы бир учурда тамакка чакап, аябай коркуп калгандан келип чыгышы мүмкүн. Тамак жегенден, тагыраагы, жуткандан корксо кантип жашашат дейсизби? Фагофобдор көбүнчө суюк тамак-ашка басым жасашат.

Коулрофобия – маскарапоздон коркуу

Жаш балдарды тынчтандырыш үчүн коркунучтуу окуяларды, жомокторду айткандан, ужас кинолорду көргөзгөндөн түрдүү фобиялар жаралат. Муну дайыма эске ала жүрүш керек! Мындай фобиялардын бири – коулрофобия. Коулрофобдор цирктеги же кино, комикс, же башка иш-чараларда кездешкен маскарапоздорду (клоун) көргөндө паника боло башташат. Атактуу Голливуд актёрлору Дэниел Рэдклифф менен Жонни Депп да аталган фобия менен жабыркашат. Алар өз коркунучун бетин боёгон адамдардын чыныгы ниетин түшүнүү мүмкүн эместигин, күтүлбөгөн чабуул жа башка жамандык жасашы ыктымал деп түшүндүрүшөт.

Пеладофобия – таз баш адамдардан коркуу

Мындай адамдар жанында таз баштар пайда болгондо тынчсыздана башташат. Алар өзүнүн да чачы түшүп, таз болуп калуудан аябай коркушат. Таз баш адамдар пеладофобдорго күзгүнүн кызматын аткарып калат, караса эле өзү чачы жок жүрөт...

Хилофобия – бак-дарактардан коркуу

Бул фобиянын булагы да кичине кезде бак-дарактар, чытырман токой, андагы коркунучтар, жырткыч жаныбарлар менен байланышкан окуяларды көп уккандан болушу ыктымал. Хилофобдор бак-дарагы көп сейил бактардан, токойлордон айланып качышат.

Трипофобия – тешиктерден коркуу

Көп кездешкен жана бул фобия менен жабыркаган адамдарды кыйнаган коркунуч. Анткени жашоодо тешиктер ар бир кадамыбызда бар да. Кандай гана тешик болбосун, андан коркунучтуу нерсе чыгат деген ой адамды жеп салат. Буюм-тайым, эмерек, дубалдагы тешиктер, өсүмдүк, жашылча-жемиш, тамак-аштардагы тешиктер, аарылардын уюгу, айтор, чеги жок бул коркунучтун.

Эйсоптрофобия – күзгүдөн коркуу

Эйсоптроф грек тилинен которгондо “күзгү” деген маанини берет. Дүйнө жүзүндө күзгүдөн өзүн көргөндөн корккон адамдар да бар. Алар күзгү адамдын “эгизин”, башкача айтканда, өзүнүн жаман жагын көрсөтөт деп ишенишет. Тагыраагы, күзгүдө түрү суук желмогуз турат деп сезишет. 

 

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1101, 12-18-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан