«ПАЧЧАГЫҢДЫ ЧЫГАРЫП ТАШТАЙМ»

Өткөн саныбызда бул рубрикабыздын коногу Сапар Эркебаев болгон эле. Шарт боюнча Сапар кийинки тамаша эстафетасын бир ырчыга сунуу менен бирге ал ырчынын жашыруун же биз билбеген жактарын айтып, “розыгрыш” кызыктуу болуусуна шарт түзүп бериши керек болчу. Бул жөрөлгөнү Сапар эске алып, учурда Замир менен Нелянын “Кайып булак” деген кинодогу негизги каармандардын ролдоруна тартылып жатышкан кездерине байланыштырып, Замир Мырзаны тамашалоону сунуштады. Албетте,
биз мындай мүмкүнчүлүктү текке кетирбей, “Тамаша тор” рубрикабыздын кайырмагына

Замир Мырза
ны илип алып, каалашыбызча калчылдаттык.

– Алло, бул Замирби?
– Ооба, ким бул?
– Кандайсың, мен Нелянын подружкасы Элизамын. Замир, мен сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.
– Эмне боюнча?
– Неля экөөңөрдүн мамилеңер жөнүндө.
– Түшүнгөн жокмун. Неля менен кандай мамилем бар экен?
– Кандай мамилең бар экенин элдер билип, анан сен кантип билбей каласың?
– Эмне деп жатасың? Мен билбеймин. Билсең айтпайсыңбы?
– Билбесең анда айтайын. Неля менен эмнеге жүрүп жатасың? Эмне, анын жигити бар экенин билбейсиңби?
– Анын жигити бар экенин билсем да, билбесем да мен аны менен жүр­бөймүн. Ким айтты аны сага?
– Өткөндө элдер көрүшүптүр го кафеден экөөңөрдүн жетелешип жүргөнүңөрдү
– Койчу, эй, калпыңды. Мен Оштон кечээ келсем кантип аны менен жетелешип жүрмөк элем?
– Анан эмнеге акыркы убакта Неля менен бирге ырдап, бирге киного тартылып жатасың? Ортоңордо бир мамиле бар үчүн ошентип жатасыңар да.
– Ортобузда эч кандай мамиле жок. Болгону, киного бирге тартылат экенбиз. Мен бул киного эң акыркы болуп кабыл алындым. Даже Неляны көрө да элекмин.
– Аябай актанып жатканыңа караганда бирдеме бар окшойт, ээ?
– Ошол бирдемени ортодо силер чыгарып жатат окшойсуңар. А Неля менен мамиледе боломбу же башка менен боломбу, ал менин жеке ишим.
– Мен сага Нелядан алысыраак ойно деп жатам. Анан бирди көрүп калып жүрбө...
– Сен мага чалып алып мээни чакпачы?! Керек болсо Нелядан башка кыздар да толуп жатат. Эмне, мен жигити бар кызды карап калыптырмынбы? Керек болсо менин кадамым сайын сулуу кыздар, уктуңбу?
– Бул жерде сенин сулуу кыздарың жөнүндө сөз болгон жок. Эмне мактанып жатасың?
– Эй, галдир, сен эмне, сөзгө түшүнбөйсүңбү? Эмне деп сүйлөп жатканыңды билесиңби? Нелядай кыздар толтура.
– Мен эмес, сен галдир. Бул жерде сен эки адамдын мамилесин бузуп жатпайсыңбы?!
– Чоң кыз, кечирип кой, бул жөнүндө мен сени менен эмес, Нелянын жигити менен сүйлөшөм. Причём биякта сен? Пожалуйста, жигити мага чалсын.
– Биринчи мени менен, анан Нелянын жигити менен сүйлө­шөсүң. Кааласаң мына, ал жанымда турат. Кел, азыр бетме-бет сүйлө­шөбүз.
– Телефонду бер­сең?!
– Мен телефонду бере албаймын. Азыр “Вефа центрге” келип кала аласыңбы 10 мүнөттүн ичинде?
– Эй, чоң кыз, анда мага ал жигиттин номерин бер. Мен аны менен өзүм сүйлөшүп, жолугуп чечишип алам.
– Эмне, мен сага справочникминби? Керек болсо өзүң таап ал!
– Анан эмне чалып алып жинге тийип жатасың? Сенин мээң жайындабы же анча-мынча жылып кеткенби?
– Менин мээм менен ишиң эмне? Андан көрө өзүңдүн мээңди карап көрчү?!
– Эй, эшек, галдираба! Азыр энеңди окутуп коём, бля...
– Энеңди өзүң окуп каласың! Эмне телефонго жашынып алып кыйын болосуң? Кел, сүйлөшө­бүз...
– Иди на... бля. Чалып алып мага кыйын болуп жатканын! Эмне, ал өзү сүйлөшө албайбы? Сен эмне ортодо мага жеңе болосуң? Азыр керек болсо “паччагыңды” чыгарып таштаймын.
– Замир, азыр мобул айткан сөзүң үчүн жооп берип калып жүрбө.
– Эй, кайсы жердесиң азыр? Барам, ошондо сен мага жооп бересиңби же мен сага жооп беремби, көрөбүз. Жөн койсо бүтпөгөн ненормальный турбайбы...
– Ушунча маданиятсыз бала экениңди билген эмесмин.
– Эй, чмо, эмне, сен маданияттуу болуп жатасыңбы? Эмне, ушунуң маданиятпы, ыя?
– Замир, кой катуу кетпе. Турмушта баары боло берет турбайбы. Сен “Супер-Инфо” гезитинин “Тамаша тор” рубрикасындасың.
– Ыя, эмне-е?
– Биз сага редак...
– Ой, кечирип койгулачы?! Мен өзүм көчөдө чоңойгон баламын да. Аябай катуу кеттим окшойт. Анын үстүнө, нервим да жукараак эле.
– Жаман сөктүң го?
– Кечирип койгулачы, эч кимди минтип сөгө элек элем. Жинденип кеттим окшойт. Тизе бүгүп кечирим сураймын, кечирип койгулачы?!

Тамашалаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-15 17:46:28
Точно оштукча создор менен суйлоптур.
0
№ 245, 13-19-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан