Токтобек Асаналиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «Шакирти күчтүү устат эч качан өлбөйт»

Сиз маегин окуганы турган адам – белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев. Маегибиз бир тең, гезиттин башкы бетине арналган фотосессиябыз бир тең болду. Сүрөткө түшүүгө да жоопкерчиликтүү мамиле кылып, жубайына үйүнөн улам бир кийимин алдыртып кийип, ырдап, тамаша айтып, маанайыбызды көтөрдү. Маегибиз да көңүлдүү уланды. 

– Арыбаңыз, ага! Учурда экзамендер жүрүп жатат деп калдыңыз. Окутуучулук, устаттык жаатта иштегениңизге көп жыл болуптур. Кандай мугалим, кандай устатсыз?

– Бар болгула! Чыгармачылык чөйрөдө устат болуш өтө кыйын. Жашың жетилип, көп нерсени көрүп, териштирип, Атай, Муса, Мыскал сыяктуу улуу инсандардын ырларын жаттап, аларга анализ жасап, биринчи өзүң киши болуп, өзүң дагы устаттан тарбия алып, анан бирөөгө устат болосуң. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында иштегениме 20 жылга жакындап калыптыр. Устат менен шакирттин ортосунда сый мамиле болуш керек. Бирөөнүн баласын шакирт кылып, анын келечегинин милдетин алып, сабак өтөсүң. Ал күйөрман табабы, таппайбы, адам болобу, сенин колуңда. Устаттын милдети өтө чоң. Мыкты талантты жасай алсаң, анда сенин өлбөстүгүң ошол. Шакирти күчтүү болсо устат эч качан өлбөйт. Колумдан келишинче эмгек кылып жатам. Эмгектин этегин тараза ташын салганда тарых өзү көрсөтөт.

– Мурунку маегиңизде “азыр 100 ырчынын 7-8и гана жакшы ырдай алат” деген экенсиз. Андан бери фонограмма жоюлуп, концерттер жандуу үн менен өтүүдө. Бул пикириңиз өзгөрдүбү?

– Министрибиз Алтынбек Максүтов “чыгармачылыкка кыянаттык кылбайлы” деп жарлык чыгарган. Мурун филармонияда “21-кылымдын жылдыздары” 2 күн болуп, ал 4-5 сааттан, анан котологон ырчы 6-7ден ырдашчу. Быйыл Өзбекстанда болуп, концертке катышпай калдым. Бир жарым сааттай концерт болуптур. Баягы бетин боёп, көзүн көктү каратып чийген ырчынын баары жок дейт. Мунун баары иргелүү, Маданият министрлиги кичине болсо да кыймылдап иштеп, саман менен чөптүн айырмасын биле турган убакка келтире алды. Филармонияда азыр Кудайга шүгүр, мен да ошол жакта “Камбаркан” фольклордук тобунда иштейм. Биздин концертибиз дайыма жандуу үн менен өтөт. Ал жакка эч ким деле даап келе албайт го дейм. Чоң ырчылардын арасына, дүбүртүнө кошулуш үчүн ырчы чоң жерден билим алып, такшалып анан келет.

– Азыр Улуттук филармонияга жаш ырчылар көп алынып жаткансыйт...

– Эми алардын баарын “солист, кыйратып жиберди” деп айта албайм. Бирок арасында бычакка сап жигит-кыздар бар. Ошол филармониянын жамааты, Кыргызбай Осмонов болуп элдин табитине, заманга жараша эстрадалык ырчыларды дагы алып, эстрадалык-симфониялык оркестр түзүп, ошол багытты да өстүрүп жатышат. Азыр биз үрөндү сээп жатабыз, ал жерден эмне өнүп чыгат, кийин кандай түшүм берет, аны убакыт көрсөтөт. Биздин алдыга койгон максатыбыз, филармониянын жамаатынын үмүтү, тилеги – жаңылануу. Азыр компьютердин заманында ырчылар иттин кара капталынан көп болуп кетти. Эптеп бирөө сөзүн, бирөө обонун, бирөө аранжировкасын жаза калып, ошону болгон радиого берип, алар күнүгө какшатып бере беришет. Бир ыр кечке жаңыра берсе, эл “аа, баланча деген ырчы, ыр чыгыптыр, укмуш болуп жаткан турбайбы” деп ойлойт экен да. Элдин табитин бузуп жатат булар, ачык айтканда. Бул ич күйдүлүк эмес. Обондорунда түрктүн, казактын, орустун, арабдын кайрыктары, сериалдагы кайрыктар жүрөт. Сөзүнүн деле мааниси жок. Манасчылар, дастанчылар, салттуу ырчы-чоорчулар улуттук колоритти даңазалап турат. А эстрада батыштан келген жамаачы көйнөктүн бирдемеси.

– Жаш кезде дискотекага барчу белеңиз?

– Оо, дискотека бизден калды да (күлүп). Ал кезде “Ласковый май”, “Мираж”, “Бони Эм” деген сыяктуу көптөгөн топтор бар эле. Андан кийин “Биз” тобу чыкты. 1992-жылдан 95-97-жылдарга чейин кыйчалыш эле жашоо болду да. Биз жаштыгыбыз менен суу ичип эле жүрө бериптирбиз. Бир бөлкөнү бөлүп жеп алчубуз. Кечинде дискотекага, жетелешип алып жаман арыбызда Кыз-келиндер педагогикалык институтуна барабыз. Кыздар бөлмөсүнө киргизсе, жасаган тамагынан жеп келебиз. Анын ичинде окуялар толтура. Жаштык сонун да.

– Жаштыкта эмнелер болбойт, чын эле. Уурулук кылып көрдүңүз беле?

– Айылда өспүрүм куракта тоок уурдаганбыз. Уурдаганда да алысыраак тууганыбыздын ак корозун уурдагам. Балдар менен барып, бирок мен уурдап чыккам. Мени киргизип жиберип, баары качып кетишиптир. Үйдө деле эт бар, сөзсүз тоок уурдап, анын жүнүн тытып, тазалап, куйкалап, ошончо мээнет керекпи бизге? Ошондой өткөөл мезгил болот окшойт. 3-4 жыл мурун ошол аке менен тойдо жолугуп калып, кучактап “байке, мени кечирип коюңуз. Мектепте окуп жүргөндө ак корозуңузду мен уурдагам” деп кечирим сурадым. Ал киши “алдыңа кетейин, силер жесеңер, аш болсун. Мен дайыма сени менен сыймыктанам, кечирдим, кечтим” деди. Кетирген кемчилигиңди кеч болсо да моюнуңа алган жакшы. Жаштык менен далайды кылат экенсиң. Студент кезде тамак уурдап жеген учурлар болду.

– Ырчы болом деп аябай көксөө менен шаарга келип окууга тапшырганыңызды айтып жүрөсүз. Башында “тилинде дефект бар, операция кылыш керек” деген сөздөр болуптур. Көксөөсү бийик жаш жигит үчүн бул катуу тийсе керек?..

– Ал учур Москвага барып операция жасатуу эмес, кара курсакты тойгуза албай жүргөн кез. 1992-94-жылдары болгон окуя бул. Мен филармониянын студиясында окуп жүргөндө бир жыл Асек Жумабаевде окудум. Ал кишинин пенсияга чыга турган убагы экен, бир жыл “Ош базардан” бозо ташыдым. Сабак башталганда мага идишин берип, “бозо саткан жерге барсаң, паланча деген келин бар. Ал жок болсо аркысына бар, Асек абам жиберди де” деп бозого жиберет. Ал киши жайында кымыз, кышында бозо иччү. Кыскасы, бир жыл бозо ташыдым. Анан ал киши пенсияга чыгып кеткенде, окуткан агайлар “тилиңде дефект бар экен” деп мени кичине ырдатып көрүп, ырдатпай коюшту. Анан эмне кыласың? Студенттерге кошулуп жыргап эле жүрдүм. Талант бирөөдө эрте, бирөөдө кеч жетилет экен. Кээде мугалимден ушинтип бирөөнүн баласынын тагдырын чечип, чекилик кетип калат экен. Ал кишилерге таарынбайм эч качан. Маңдайыңарда турган Токтобек Асаналиев деген адамды өзүмдүн колум менен жасадым. Үйдөн качып келгем шаарга. Ушинтип талаада тамтаңдап жүрүп окудум. Жатаканаларга киргизбейт, Талант Төлөнбаев деген асыл досум Айыл чарба институтунда окучу. Ошонун жатаканасына жашырынып кирип жаткан күндөр болду.

Менин адам болуп чыңалышыма Улукмырза агайдын чоң таасири бар. Окууну бүтүп, филармониядан Элмирбек Иманалиев экөөбүз келатсак агай алдыбыздан чыгып, "эмне кыласыңар?" деп сурап калды. Мен “Ат-Башыдан кандай келсем, ошондой кетип жатам, менден эч нерсе чыкпайт окшойт” дедим. Капа болуп, жер тиктесем керек да. Агай “быйыл Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда сабак бергени жатам, ошол жакка кел, өзүм окутам” деди. Ошентип агайдын колунда 8 жыл окудум. Токтобек Асаналиев деген ырчы ушинтип пайда болду.

– Уул-кыздарыңыздын ырга жакыны барбы?

– 3 уул, 2 кызым бар. Кичинекей 3 жарым жашта. Андан башкасы баары комуз чертишет. Улуу комузчулар, улуу ырчылар чыгат деп аша чаап айтпайын, Кудай буюрса, комуздун, кыргыз ырларынын, кыргыз жыттанган салт-санаанын күйөрмандары болот деп ишенем. Боогачы аттуу уулум Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте 11-класста окуйт, комузчу. Канат аттуу уулум бар эле, көзү өтүп кетти. Тагдыр экен. Кенедейинен Түркияда чоң фестивалдан 7 алтын медаль тагынып келген, мени кубанычка бөлөгөн. Дүйнөнүн көп жерине барып, комуз чертип жүрдү. Боогачы уулум ошол агасынын жолун жолдоп комуз чертип, мен барбаган өлкөлөргө барып келди. Кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын даңазалап жүрөт. Кубанам.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1102, 19-25-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан