(Башы өткөн сандарда)
Жанат ноутбугун тиктеп ойлуу отурду. Келинчеги уулу менен болуп, маал-маалда эшикти ачып карап койгону болбосо тынчын албайт. Ушундай жанга тынч аялы бар экенине ичтен ыраазы болуп келет. Жумуштан кеч келеби, эрте келеби унчукпайт, эмне кылып жатасың деп мээсин эзе бербейт. Жанат болсо Шооланын социалдык желедеги баракчасын дайыма карап турат. Сүйлөшпөйт деле, жөн эле эмне кылып жүргөнүн билип турбаса кымбат бир нерсесин жоготуп алгансып кайсалактай берет. Бул жолу ал жүктөгөн учактын сүрөтүн, астына жазылган “үйгө” деген билдирүүсүн көрүп жүрөгү булкуп кетти. Көз айнегин оңдонуп кайра карады. Демек, мекенге келе жаткан окшойт. Каникулга келе жаткандыр... Бир жолу алыстан эле көрүп койсом деген кыялга жетеленип кетти. Жөн эле... Балким, ошондо аны жүрөгүнөн биротоло чыгарып сала алаттыр? Балким, ошондо өзүндөгү бул түшүнүксүз кусалык жоголуп кетер. Кандай бийиктикке жетсе да өзүнө ыраазы болбогон, бир нерсе издей бергендегидей сезими өчөр. Ким билет? Келинчегинин жылуу колдору ийинине тийди. Ноутбугун жаба калды.
– Эмне болду?- деди кабагын чытый.
– Сени күттүм, келбегениңден эмне болду экен деп келгем.
– Канча убактан бери турасың?
Келинчеги түшүнбөй калды. Күйөөсү “Шооланын сүрөтүн карап отурганымды билип калды” деп кыжырланып кеткенин кайдан билсин аялы.
– Сага эмне болду? Апамдардыкында эле ушундай абалда болчусуң. Канат байкеме да кызыктай карадың. Ал Айдарга эле жакшы болсун деп...
– Мен өз уулумду өзүм билем!
– Канат байке бирок...
– Канат, Канат,- деп жиберди кыжырланган Жанат. – Баарыңар ал гана баарын билет деп ойлойсуңар. Баланын тарбиясын да ал жакшы билет, а мен эч нерсе билбейм.
– Мен ошентип айттымбы?
Көздөрү алаңдап, келинчеги эмне болгонун түшүнбөй калды. Жанат эмнеге минтип жатканын да билбеди. Ал байкесин жанынан артык жакшы көрөт го.
– Жата берчи, менин бир аз иштерим бар,- деди Жанат.
– Макул.
Келинчеги кеткенден кийин деле отура берди. Уйкусу биротоло качты. “Балким, ал эбак учактан түшкөндүр, эмне кылып жатты экен азыр?” деп жатты оюнда.
ххх
– Эмнеге Кыргызстанга келүүнү чечтиң?- деди апасы.
– Сагындым.
– Мениби?
Апасы шектене карады. Бул суроонун төркүнү кайда жатканын билет экөө тең. Шоола Канатты унута албаганын апасы жакшы билчү. Турмуш курганга да аракет кылды Шоола. Бирок болбой турганын сезип, тойго жакын калганда баш тартып койду. Апасы “эмнеге андай кылдың?” деп сураганда, “аны да, өзүмдү да, келечекте жарала турган балдарыбызды да бактысыз кылгым келген жок” деди. Андан тереңдеп сурак кыла албады апасы. Ошондон улам экөө тең Шооланын жүрөгүндөгү Канат деген жара али да айыга электигин жакшы билишет эле.
– Сени, Кыргызстанды, а балким өзүмдү,- деди Шоола.
– Өзүңдүбү?
– Америкада мен башка бир адамдын жашоосун жашап жаткандай эле боло бердим. Көп ийгиликтерди багындырдым. Дүйнөнү көрдүм. Жашоонун ар кыл учурларын баштан өткөрдүм. Жыгылдым, турдум, күрөштүм. Бирок ал баягы Шоола эмес болчу. Мен өзүмдү издеп тапкым келет, апа. Туура, мени дагы ката кетирбесин деп коркуп жатасыз. Ошол үчүн да менин мекенге кайтышымды каалабадың окшойт. Бирок мен өзүмдү табышым керек, апа. Аны кантип табам деле билбейм. Бир билгеним, мен өзүмдү артта калган күндөрүмдөн табам. Мен мурунку кыялкеч, бактылуу, бейкапар, мээримдүү Шооланы тапкым келет. Оор болот. Коркуулар, кыйноо менен гана боло турган нерсе. Бирок коркуп жашаш да кыйын экен. Ичиңдеги толтура суроолорго жооп таба албай жашоо андан да кыйын. Өзүңдү алдаштын кажети жок. Эми кандай болсо да өзүм менен беттеше турган учурум келди.
– Канат баары бир сени менен чогуу болбойт, аны билесиң да, ээ? Азыркы абалында дегеле болбойт. Чемпион, жылдыз, жана башка...
– Билем.
– Жүрөгүңдү оорутуштун кажети жок го дейм да.
– Апа, сен капа болбо. Баары жакшы болот. Сени чындап сагындым. Ушул кантип жашоо болсун, сен бул жакта жалгыз. Мен ал жакта жалгыз. Мен сени чындап сагындым.
Шоола апасын кучактады. Апасы мээрим төгө кызынын чекесинен өптү. “Туура, балким, ириңдей берген жараны жарып тынган жакшы болор. Чындап үмүтү үзүлсө башка бир жакшы адам менен турмуш куруп кетер” деди ичинен.
ххх
Шоола келгенден үч күндөн кийин Канат машыккан залга барды. Кара көз айнек тагынып, таанылып калбаштын аракетин кылды. Өспүрүм балдарды машыктырып жаткан экен. Дароо тааныды. Канат анын карап турганын байкабай жан дили менен ишин кылып жатты. Шоола колун жүрөк тушуна койду. Арадан он жыл өтсө дагы дал мурункудай жүрөгү чыгып кетчүдөй кагып жатканын кара. Канат өзгөрүлүптүр. Далысы керилген, бой-турпаты келишкен чыныгы спортсмен болуптур. Добушу да ишенимдүү, коңур, мээримдүү туюлду. Көпкө карап турду аны.
– Сиз бирөөгө келдиңиз беле?- деди аркасынан бирөө.
– Саламатсызбы? Жок, бир таанышымды издеп келдим эле.
– Ким?
– Канат Баялиев.
– Аа, Канат байкеби? Тигине, балдарды машыктырып жатат. Азыр чакырып коём. Сиз күтүп туруңуз.
– Рахмат.
Тиги жигит чуркап кетти.
– Канат байке, сизге бир кыз келди.
– Ким?
– Билбейм, сизди карап турган экен, чакырып коём дедим. Канат менен тиги жигит кызды таппай калышты.
– Кызык, жаңы эле турган. Фанатыңыз окшойт. Сүрдөп качып кетти го,- деди тиги жигит тамашалай.
Канат жылмайып гана койду. Саатын карап Жанаттын уулу Айдарга машыгуу залын көрсөтөм дегенин эстеп кетти. Шашылып жөнөп калды. Бала бакчадан алайын деп барса Жанат да келип калган экен. Экөө машинеден тең түшсө да Айдар Канатты көздөй чуркай берди.
– Байке-е-е...
Жанаттын ичи туз куйгандай куйкалана түштү. Эмнеге, жок, эмнеге баары Канатты сүйүшөт? Апасы, Шоола, уулу Айдар. Эмнеге өзү аябай жакшы көргөн адамдарынын жашоосунда биринчи орунда эмес? Кайрадан Шоола эсине түштү. Айдарды өөп-жыттап жаткан Канатка жакын келди.
– Салам!
– Жанат, кандайсың. Мен Айдарга залды көрсөтөм деп убада кылдым эле. Чогуу барып келели, ээ?
– Бүгүн бир жерге конокко чакырышты эле, Канат,- деп калп айтты Жанат. Анткени уулу менен Канаттын дагы да эзилишип жатканын көргүсү келбеди.
– Мен жеткирип коём, атайын келдим. Айдарбай, мени менен барасыңбы, же атаң мененби?
– Сени менен!- деди уулу.
– Анда кеттик. Жанат, силер коноктон келгиче мен жеткирип берем.
Инисинин далысына таптай берген Канат баланы көтөрүп өз машинесине карай басты. Жанаттын жини келип кетти. Бирок тубаса интелигенттиги үчүн агасына орой эч нерсе айта албады. Баласын колунан жулуп да ала албады. Адатынча баары ичинде кала берди.
– Канат, сен билбесең керек. Шоола келиптир!
Канат уккан жок. Анткени ал кичинекей бала менен божурашып бактылуу болуп кетип бара жаткан. Машинесине түшүп, жадырап кетип бара жаткан агасын узата карап кала берди.
– Шоола келиптир!- деди өзүнө-өзү. Ошол сөздүн канчалык мааниси бар экенин өзүнөн башка эч ким билбесе керек эле. Эбак унуттум деген. Жок дегенде мурункудай сыздатпай калды деген жан оорусу кайра козголо баштаганын сезди...
(Уландысы кийинки санда)