Арина Исакова, актриса: “Мындай ырахатты эч бир ролдон сезген эмесмин”

Театрда, көркөм тасмаларда, клиптерде ролдорду жаратып жүрөт каарманыбыз. Өзбекстанга да барып тарыхый тасмада роль жаратып келди. Актриса Арина Исакова менен кенен таанышалы.

– Арина, жакында Өзбекстанга барып тасмага тартылып келиптирсиз. Ошол тууралуу айтып берсеңиз. 

– Ооба, Өзбекстан президентинин буйругу менен тартылган “Баходыр Ялангтош” деген тарыхый-көркөм тасмада башкы каармандардын биринин ролун ойнодум. Өзбекстандын белгилүү режиссёру Жахонгир Ахмедов тартты. Тасмада 1638-жылкы окуялар чагылдырылат. Кантип тандалып калдым? 2022-жылы кастингге катышып өтүп кеткем, эл аралык долбоор экенин билген эмесмин. “Ушундай тасмага тартыласың” десе башында ишенген жокмун. Ташкентке барганда гана ишендим. Кыргызстандан актриса катары жалгыз эле мен өттүм, каскадёрлорубузду кошпогондо. Ошол мени сүрдөнттү, толкундантты. Бул тасмага тартылууда чоң тажрыйба топтодум, мыкты режиссёр менен иштөө чоң сыймык. Массовкага костюмдарды Түркия, Казакстандан алып келип жатышты, калган каармандардыкы бүт колго тигилди. Бардык керектүү нерсени толугу менен жеткирип, кенен иштегендерин көрүп таң калдым. Бизде кино тартууда көбүнчө көп нерсе ойдогудай болбой, акча тартыш болуп калат эмеспи. Биздин өлкө да ушундай деңгээлге жетсе экен деген үмүт, кыялдарым бар. Тасма 2023-жылдын аягында тартылып бүттү. Жакында жарыкка чыгат.

– “Чоочун киши” сериалына да тартылдыңыз...

– “Чоочун киши” сериалы “Баходыр Ялангтош” тартылып жаткан учурда башталды. Мени режиссёр Сүйүн Откеев кастингге чакырды, өттүм. Убактым тар болгонуна карабай макул болдум, анткени мындай мүмкүнчүлүктү коё бергим келген жок. Сериал Зуура Сооронбаеванын “Чоочун киши” чыгармасынын негизинде заманбапташтырылып тартылды. Мен Зыйнаттын ролун аткардым.

– Буга чейин канча тасмага тартылдыңыз, арасынан өзгөчө жүрөгүңүзгө жакын каарманыңыз барбы?

– Эң алгач 2014-жылы “Одноклассники КG” деген тасмада ырчы Сарышкиндин окуучу кезин ойногом. Кийин клиптерге тартылып жүрдүм. Канча тасмага тартылганымды так билбейм. Жүрөгүмө өзгөчө жакын роль деп да эч бирин айта албайм, баары жагат. Ишенип берип жаткандан кийин ролду колумдан келишинче жакшы аткарууга аракет кылам. Эптеп эле тартылып бүтсөм болду дебейм. Кыска ролик болобу, клип болобу, берилип аткарам. Бирок жүз пайыз ачылып-чачылып аткарган ролум боло элек.

– Кыргыз драма театрынын дагы актрисасысыз, ал жактагы жумушуңуз кандай болуп жатат?

– Көп театрларга чакырышты. Бирок мен жолдошум менен бирге иштеп көргүм келди. Театрдагы ролдор бөлөкчө ырахат тартуулайт. Кинодо толук кандуу жашай албайсың, жашооң 1-2 мүнөткө эле жетет. Жаңы ачылып келе жатканда режиссёр “стоп” деп коюшу мүмкүн. Театрдагы спектакль эки саатка созулат, ичиңдеги сезимдердин баарын ойготот. Кинонун өзүнчө, театрдын өзүнчө ырахаты бар. Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде коюлган “Ашуу” спектаклинде Кадичанын образын жараттым. Аселдин ролун берсе деле ойномокмун. Бирок Кадичаны аткаруудан алган ырахатты андан ала албайт болчумун деп ойлойм. Бул каарманды жан дилим менен ачып берүүгө аракет кылдым. Мындай ырахатты башка ролдордон алган эмесмин.

– Искусство курмандыкты талап кылат. Кайсы тасмага тартылууда же театрда роль аткарууда кандай курмандыктарга баргансыз?

– Башынан эле үй-бүлөмдү биринчи орунга коём. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жарым жыл иштегенден кийин жумуштан чыгууга аргасыз болдум, ушул курмандык десем болот. Театрды канчалык сүйсөм да, бул сүйүү үй-бүлөмө болгон сүйүүдөн ашып кете албайт. Учурда окуумду аяктап жатам. Театрга кайтып келем деген тилектерим бар. Искусство биз жок деле улана берет, ал эми биздин үй-бүлө биз жок үй-бүлө болбойт. Үй-бүлөнү алып кетүүнүн өзү искусство. Үй-бүлөсүз ийгиликтерге жетсе болот, бирок ийгилигиңди эч ким менен бөлүшө албасаң – ошол жаман.

– Актрисалыкка кызыгууңуз кийин пайда болдубу же кичинеңизден кызыгуу бар беле?

– Кичине кезимден эле кызыгуум бар. Кичинемде апам “Жими, жими” десе, “Ача, ача” деп парданын аркасынан чыга калып бийлечүмүн. Үйдөгүлөр Индия кинолорун көрүшчү да. Кийин Голливуддун кинолоруна кызыгып баштагам. Мила Йовович, Шарлиз Терон, Ума Турмандын кинолорун көрүп, мушташкан кыздардын образдары жагып, кыялданчумун. Футбол, бокско барам дей берчүмүн. Бирок байкелерим коё беришчү эмес, бийге берип коюшкан. Бала кезимден сүрөттү жакшы тартам. Өзүмдү камера алдында ойноп жаткан актриса кылып сүрөткө тарта берчүмүн. Ырчы, бийчи болом го деп жүрчүмүн. Хореография, музыкалык колледжди бүтүрдүм. Шаарга келгенде айланып келип эле театралдык окуу жайга келип калгам. Учурда жогорку билим алып жатам. Жолумду таптым десем болот. Жашоодо негизги багытым актрисалык болот деп чечим чыгаргам.

– Ушул эле учурда 2 баланын апасы, бир үйдүн келинисиз. Сиздин социалдык желедеги баракчаңызды көрүп турам, дайыма айылга барып келиндик кызматты кылганга да жетишесиз.

– Турмушка чыкканыма 8 жыл болду. Келиндик кызматты аткаруу мен үчүн оңой эле, ырахаттанып жасайм. Мени апам үйдөн “жумуш кыл” деп кыйначу эмес. Ошондуктан жумуш кылган мага биринчи кезекте кызыктуу болду. Мисалы, алгач келин болуп барганда “уй саап көрөйүнчү” деп кызыккам. Бош убакытта малдын алдын тазалап, чөп чаап жардам берип жүрө берем.

– Мындан тышкары дагы эмнелер менен алексиз? Бош отурганды жактырбайсыз, байкашымча.

– Туура айтасыз, бош отурбайм. 1 айдан ашты, таеквондого катышып жатам. Үйдөн майда-чүйдө иштер менен алек болгон учурлар көп. Көп нерсе үйрөнгүм келет. Таеквондонун негизин үйрөнүп, өз нугуна түшүрүп алсам, дагы жаңы нерсе үйрөнүп баштайм. Мени көрүп 2 балам да таеквондого кызыгып барып жатышат.

– Жолдошуңуз дагы актёр. Бир үйдө эки актёрдун болушу кандай?

– Жолдошум Аскар Качкынбаев мен үчүн Кыргызстандагы эң мыкты актёр, анын эң биринчи фанатымын. Учурда Кыргыз драма театрында эмгектенет. Кесибин мыкты билет деп сыйлайм. Өзүнүн ажары бар сахнада, кинодо. Баары жолдошумду орой деп ойлошот. Жашоодо андай эмес. Мыкты ата, мыкты жолдош. Бири-бирибизди түшүнөбүз, колдойбуз.

– Бири-бириңерди кызганган учур болобу, эгер башка өнөктөш менен ойноп калсаңар?

– Сахнада, кинодо сүйүүнү жан дүйнөбүз менен ойнойбуз. Анткени көрүүчүнү алдай албайсың. Сахнадагы сүйүү менен жашоодогу сүйүүнү бөлө билебиз. Камера алдындагы сүйүү “стоп” сөзүнөн кийин, сахнадагы сүйүү спектакль бүтөрү менен өчөт. Андыктан кызгануу деле болбойт. Ал эми жашоодо, албетте, кызгануу болуп турат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1102, 19-25-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан