Аптанын жаңылыгы
Күчтүү президенттик башкаруу орун алган Орусия Кыргызстанды «катастрофа күтөт» деп опузаласа, парламенттик Түркия биздин багытты колдоорун айтты.
Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга 1-февраль күнү келген сапарында өлкөнүн парламенттик башкарууну тандап алганын колдой тургандыгын билдирди. Союз кезинде союздаш болгон Орусиянын президенти Дмитрий Медведев “Кыргызстан үчүн парламенттик башкаруу – катастрофа” деген эле. Эми суроо жаралат: Кыргызстан үчүн кимиси күйөт?
“Парламенттик башкаруу системасы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө тажрыйбадан өткөн. Кыргызстанда бул системанын келечегинен шек саноонун кереги жок”,- деди Эрдоган мырза.
Түркиялык өкмөт башчы Кыргызстан коррупция менен болгон күрөшүн күчөтүшү керектигин баса белгиледи. Бир кезде Түркияда да уюшкан кылмыштуулук жана паракорчулук гүлдөп-өнүккөнүн айтат. Бирок түрк боордоштор бул баш оору менен күрөшүп, ооздуктай алышкан. Экономика маселелерине токтолгон ал: “Ишеним менен туруктуулук – эң негизги нерселер. Алар жок болсо, экономика өнүкпөйт”,- деди.
Эми март айында премьер Алмазбек Атамбаев Түркияга иш сапары менен барары белгилүү болду. Эрдогандын айтымында, өкмөт башчылар жыл сайын жолугуп турууга келишишкен.