Жылдын жылдызы – Педро Паскаль

Дүйнөлүк кинематография тууралуу маалымат топтогон эл аралык масштабдуу IMDb платформасы 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Анда “Жылдын жылдызы” делип актёр Педро Паскаль аталган. Ал эми “Жылдын сериалы” номинациясында Паскаль башкы ролдогу “Биздин бирибиз” сериалы жеңишти илип кетти. 40тан өтүп жылдызы жанган актёрдун өмүр жолу, чыгармачылыкка аралашуусу, атактуулукка чейинки чыйыры окуган адамды кайдыгер калтырбайт.

Качкын үй-бүлө

Голливуд жылдызынын мекени Чили Республикасынын борбору Сантьяго шаары. Бирок Педро 1 жашка чыга электе үй-бүлөсү менен мекенинен качууга аргасыз болушкан. Атасы врач, апасы балдар психологу болуп эмгектенчү. Ошол кезде өлкөнүн башында Аугусто Пиночет турган эле. Ата-энеси Пиночеттин диктаторлугуна каршы оппозициялык кыймылга катышканы үчүн мамлекеттен качып, Даниядан баш паанек сураган. Көп өтпөй АКШга көчүп, үй-бүлө биротоло отурукташып калган.

Актёрлукка чейин...

Кичинесинде спортко кызыкты. Болгондо да сууда сүзүүгө. Бош убактысында бассейнден чыкчу эмес. Баланын кызыгуусун колдогон ата-эне аны профессионалдардын колуна тапшырышкан. Анан 11 жашка чейин Техастын атынан жарыштарга катышып, келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчулардын тизмесине кирген.

Бирок Педронун кызыгуусун ойготкон дагы бир нерсе бар болчу, китеп деген. Улам эс тартканы адабиятка болгон сүйүүсү артып, өзүн каармандардын ордунда көргүсү келе баштаган. Бул анын театрга, сахнага болгон алгачкы кызыгуусу эле. Спортко болгон кызыгуусун театр жеңип, драмалык ийримге жазылган өспүрүм бассейнди таштап салган. 

Апасынын фамилиясында

18 жашка чыкканда жигит көп ойлонбостон Нью-Йоркко багыт алып, ал жердеги атактуу Тиш искусство окуу жайына тапшырган. Көп өтпөй үйүнөн апасын жоготкону тууралуу кабар жетип, Педро жашоосундагы алгачкы чоң жоготууга дуушар болгонун айтат. “Апам – өмүрүмдөгү эң негизги адам эле. Кичинемден эле мен билбеген суроолордун баарына апамдын жообу бардай, ал дүйнөдөгү эң акылдуу адамдай сезилчү. Негизги колдоочум, кеңешчим болчу. Ал болбосо азыр кандай адам болмокмун элестете албайм” деген жигит атасынын Бальмаседа фамилиясын апасынын Паскаль фамилиясына алмаштырган. Бул анын апасынын элесин, атын түбөлүк сактоо, ага болгон сый-урматын көрсөтүү аракети болчу.

4 Бир тууган

4 бир туугандын арасынан Педро жалгыз уул. Тагыраагы, Люкс аттуу агасы бар болчу. Азыр деле бар, болгону жынысын алмаштырып, эжеге айланган. Педро бир тууганынын тандоосун туура кабыл алып, дайыма колдоо көрсөтүп келет. Учурда Люкс да өзүн актёрлук жаатта сынап жүрөт.

Жакшы актёр, жаман официант

Педро Паскалдын актёрлук карьерасы театр сахнасынан башталган. Анда деле эпизоддук ролдордо болчу. Өзүн бакканга каражаты жетпегендиктен кошумча жумушта иштеши керек эле. Анан кечкисин кафе-барларда официанттык кызматын аткарчу. “Сахнада актёр болгонум менен, жашоодо бетке чабар түз адаммын. Официант ийкемдүү болуш керек да. Мен анте албай койдум. Кардарлардын жакканы жакчу, жакпаганы жакчу эмес. Ар кимдин өзүнө жараша мамиле кыла берип 10 жолу жумуш алмаштыргам” деп күлүп эскерет официанттык доорун.

Кыбыраган кыр ашат

Театрда өз ордун таба алды. Ал катышкан постановкалардын көбү ийгиликтүү. Эми Педро өзүн кинодон сынагысы келди. Дебюттук ролу 1999-жылы чыккан «Баффи – вампир өлтүргүч» сериалында болгон. Андан кийин көптөгөн тасма-сериалдарда экинчи пландагы актёр катары жүрдү. Анын багын ачкан атактуу “Так талашуу оюну” сериалы болду окшойт. 2013-жылы сериалда Оберин Мартеллдин образында чыккан Педрого олуттуу ролдорго сунуштар түшө баштаган. “Нарко” сериалынан баштап актёр башкы ролдогу актёрлордун тизмесине кирип, көптөн күткөн дүйнөлүк атактуулукка жеткен. “Мандалорец”, “Биздин бирибиз” сериалдары да рейтинги жогору долбоорлордун катарына кирди. Булардын баары Педро Паскалдын талантын, атагын бекемдеген эмгектер. Азыр Паскалдын кино куржунунда 40тан ашык роль бар. Өзү да 40 жаштан кийин атактуулукка жетти. Бул “кыбыраган кыр ашат” деген сөздүн чындыгы канчалык экенин далилдейт эмеспи.

Эң кымбат актёр

2023-жылдын башында экранга чыккан “Биздин бирибиз” сериалы 2013-жылы чыккан ушундай эле аталыштагы (The Last of Us) компьютердик оюндун негизинде тартылган. Башкы ролдогу Педро ар бир серия үчүн 600 миң доллардан гонорар алган деген маалымат бар. Мындай гонорар аны автоматтык түрдө Голливуддун эң кымбат актёрлорунун катарына кошот. Сериалга даярдануу учурундагы кызыктарды актёр “режиссёр бизге алдын ала оюнду көрбөгүлө, ойнобогула деп эскерткен. Ага макул деп коюп, үйгө келерим менен оюнду көчүрдүм. Бирок мен мындай оюндарга карылык кылат окшойм да, бат эле утулуп, кийинки турга чыга албай калдым. Дагы жакшы, кичинекей жээним жардамга келип, оюнду аягына чыгара ойноп көрсөтүп берди” деп эскерет.

Карт бойдок

48 жаштагы актёр али үйлөнө элек. Жеке жашоосун ушунчалык бекем каткандыктан анын ким менен жок дегенде кыз-жигит мамилесинде болгондугу тууралуу так маалымат жок. Тасмадагы өнөктөш актрисалар менен болгон мамилесин сүйүүгө айланткысы келгендер көп, бирок актёр ал маалыматтардын баарын достукка алып келип такайт.

 

Асыл Орозбекова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1102, 19-25-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан