Коста-Рика - бактылуу адамдардын өлкөсү

Бул ирет дүйнөгө жомоктогудай жаратылышы, кофеси менен таанымал Латын Америкасындагы өлкө – Коста-Рикага бет алабыз. Коста-Риканы да “жердеги бейиш” деп аташат. Адамдар узак жашаган, эли бактылуу өлкө, эл аралык бакыт индекси боюнча бир нече жолу алдынкы орунду ээлеген. Анда жагымдуу эмоцияларды көздөй чогуу “учалы”. 

Кофенин мекени

Коста-Рика Борбордук Америкада жайгашкан унитардык көз карандысыз демократиялык мамлекет. Түндүгүнөн Никарагуа, түштүк-чыгышынан Панама менен, түштүк-батышынан Тынч океан, чыгышынан Кариб деңизи менен чектешет.

Коста-Рика испанчадан “бай жээк” деп которулат. Бул атты Христофор Колумб 1502-жылы бул аймакты ачканда койгон. Жаратылышынын кооздугунан жана жергиликтүү индейлердин алтын жасалгаларынын көптүгүнөн улам ушинтип атаган делет. Кийин көчүп келген испандыктар күткөндөй бул жерде алтын көп болгон эмес. Коста-Рика бай эмес, жакыр аймак болуп чыккан. Индейлер аңчылык, жер иштетүү менен алектенишкен.

Болжол менен 1530-жылы Испаниянын колониясына айланган. Испандыктардын отурукташуусу жана экономикалык өнүгүү өлкөнүн климаттык шартынан жана 16-кылымдын аягынан тарта 19-кылымдын ортосуна чейин испандыктарга кол салган англиялык, голландиялык пираттардын айынан аябай жай жүргөн.

1808-жылы Коста-Рикага Кубадан биринчи кофе дарактары алынып келинген. Ошентип бул жер кофе өстүрүүгө ыңгайлуу экени аныкталып, өлкө азыркыга чейин негизинен кофе өстүрүү менен алектенет. Кофени дүйнөлүк рынокко экспорттоодо алдынкы өлкөлөрдүн бири жана Коста-Риканын кофеси мыкты кофелердин катарында.

Өнөр жайы, айыл чарбасы өнүккөн өлкө. Экономикалык активдүү калктын 30 пайызы айыл чарбасы менен алек. Банан, кофе, деңиз азыктары, пальма майы экспорттолот. Дүйнөдө банан өстүрүп экспорттоо боюнча да алдынкы орунда. 

Өлкөнүн экономикасынын негизин туризм да түзөт. Туристтерди укмуштуудай жаратылыштан тышкары, кумар оюндары да тартып турат. Коста-Рикада кумар оюндары жана сойкулук мыйзамдаштырылган.

Армиясы жок

Бул аймактын тарыхын улай сөз кылсак, 1563-жылы испандыктар тарабынан Картаго шаары негизделген. Картаго өлкө көз карандысыздык алганга чейин колониянын борбору болгон. 19-кылымдын башында испан колонияларында боштондук согуштары болуп, бирок бул абалдын Коста-Рикага тиешеси болгон эмес. 1821-жылы 15-сентябрь – Коста-Риканын көз карандысыздык алган күнү. Ушул күнү Гватемаланын генерал-губернаторлогунда актка кол коюлган. Бирок бул боюнча Коста-Рика өзү 2 айдан кийин гана кабардар болгон. Анткени атчан кат ташуучу 2 ай дегенде аймакка жетип келген. Коста-Рика өзү көз карандысыздыкка умтулган эмес. 1824-жылы борборун Сан-Хосеге жылдыруу чечими кабыл алынган.

1948-1949-жылдары өлкөдө жарандык согуш жүргөн. Ушул согуштан кийин өлкө армиядан баш тарткан. Ошол жылдан тарта өлкөдө армия жок, полиция гана бар.

Коста-Рика Панама, Уругвай менен катар Латын Америкасындагы демократиялуу, коррупциядан алыс, коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирет.

Өлкөдө медицина жана билим берүү акысыз. Аймак жашыл энергияны колдонот. 98 пайыз электр энергиясы жаңыланып туруучу булактардан, негизинен ГЭСтерден, күн батарейкаларынан, шамал тегирмендеринен, геотермалдык булактардан алынат. Сууну крандан коркпой ичсе болот, сапаты мыкты. Ошондой эле коста-рикалыктар таза сууну барктаганды билишет.

Бийик имараттар жокко эсе

Коста-Рика бай флора жана фаунасы менен мактана алат. Ар кандай климаттык зонага ээ. Канаттуунун 850дөн ашык түрү, өсүмдүк жана жаныбарлардын 500 миңден ашык түрү бар. Орхидея гүлүнүн эле 1400 түрү, колибри чымчыгынын 50 чакты түрү, көпөлөктүн 1500 түрү байырлайт. Өлкө үй өсүмдүктөрүн өстүрүп Амстердамга аукционго жөнөтөт, ал жактан дүйнө жүзүнө тарайт.

Өлкөдө коруктар көп, саны 70тен ашык. Улуттук парктар, укмуштуудай тоолор жана дарыя өрөөндөрү, тоодогу жана суу астындагы үңкүрлөр, шаркыратмалар, жанар тоолор жана тарыхый жерлер, археологиялык эстеликтер адамды өзүнө тартып турат.

Климаты субэкваториалдык. Негизинен жылуу аба ырайы, кар жаабайт. Мындай климатта тоолордун боорлорунда эң чокуларына чейин чытырман токойлор каптап турат, ал эми жээкти бойлой кокос пальмалары жайнап турат.

Ар түрдүү температуралык шарт болгондуктан банан, ананас жана папайядан тарта кадимки пияз, картошка жана кулпунайга чейин өсөт.

Жаныбарлар үчүн баш калкалоочу жайлар, реабилитациялык борборлор көп.

Тынч океанда, Коста-Рикадан 550 чарчы чакырым алыстыкта аянты 24 чарчы чакырымды түзгөн Кокос аралы жайгашкан. Ал расмий түрдө адам жашабаган эң чоң арал деп саналат. Жак-Ив Кусто бул аралды “дүйнөдөгү эң кооз арал” деп атаган. Арал дайвингдин борбору катары да таанымал. Жыл сайын миңдеген туристтер дүйнө жүзүнөн дайвинг үчүн да барышат. Аймакта мындан башка да аралдар бар. 

Дагы бир туристтерди тартып туруучу кооздук – вулкандар, 140тай вулкан бар. Эң активдүүсү – Ареналь.

Коста-Рикада жер титирөөлөр болуп турат. 7,5 балл менен жер титирөөлөр 50 жылда бир кайталанат. Андыктан өлкөдө бийик имараттар аз. 

Баарына баары бир

“Пура вида” фразасын Коста-Рикадагы жашоо стили, негизги баалуулугу десе болот. Сөзмө сөз испанчадан "таза жашоо, жөнөкөй жашоо" деп которулат. Чет жактан келгендер муну “баарына баары бир” деп которуп алышкан. Бул сөздү костарикалыктар учурашуу, кечирүү, макул болуу сөзү катары колдонушат. Бул бар нерсени баалоо, кабыл алуу, негативди ойлобоо жөндөмү. Коста-рикалыктардын өздөрүн бактылуу сезишинин жана көп жашаганынын себеби ушул. Жашоочулар көбүнчө 90 жашка чейин жашашары айтылат. Пура вида менталитетинен улам адамдар ийгиликтүү болом, көп нерсеге жетишим керек деп ойлонушпайт, эч нерсеге шашышпайт, жашоонун агымына жараша жашай беришет, чындыгында бул өлкөдө бардык адамдарга баары бир. Бардык жумуштар аларга ыңгайлуу учурда жасалат.

Коста-Рикалыктар футболду аябай жакшы көрүшөт. Үй-бүлөлүк же бизнес жолугушууларда сөзсүз футболду талкуулашат. Футбол аянтчасы бардык айылда бар.   

Перизат Музуратбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан