МАРТ, АПРЕЛЬ... ЭМИ КЕЗЕКТЕ ФЕВРАЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫБЫ?

Мезгил үнү

Акыркы күндөрү “Кыргызстанда февраль айында үчүнчү төңкөрүш болот имиш” деген кеп калктын калың катмарына тарап, гезит беттеринен түшпөй калды. Эмне үчүн мындай сөздөр көп айтыла баштады? Ушакпы? Бул божомолдун артында ким турат? Эгерде бул айда революция болуп кетсе (Кудай өзү сактасын), анда бийлик башына кайсы саясий күчтөр келиши мүмкүн?

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСО...
Декабрдын аягында чыккан саныбызда “Үчүнчү революция болобу?” деген макала жарык көргөн. Ошондон ай айланбай төңкөрүш болору жөнүндө маалыматтар байма-бай айтыла баштады. “Таза багыт” коомдук бирикмеси парламенттик коалицияга, өкмөттүн курамына кечээги “бакиевчилер” келип алганына нааразы болушкан эле. “Кыргызстанда үчүнчү революция бышып-жетиле баштады”,- деген “таза багытчы” Орунбек Чондоев. Алар 7-апрелден соң Атамбаев жетектеген КСДПнын өкүлдөрү “бакиевчил” реваншисттердин кайтып келбей тургандыгына сөз берип, убадада турушпаганына да нааразы болушкан. Ошентип, алар парламент менен өкмөттү таратууну талап кылышып, жакын арада митингдерин баштай тургандыгын кабарлашкан.

ЭМНЕ ҮЧҮН ФЕВРАЛЬ?
Кайсы бир күчтөрдүн тымызын аракеттери менен «үчүнчү төңкөрүш февралда болот» деген кеп таратылууда. Албетте, буга чейин март жана апрель революцияларын баштан өткөрдүк. Серепчилердин айтымында, массалык митингдер май айына чейин башталат. “Анткени былтыркы жылы аянтка чыккан миңдеген адамдар өздөрүнө “бир жылдын ичинде эмне өзгөрүүлөр болду?” деген суроону коёт”,- дешет. Бул суроого жооп издөөдө бир эмес, ондогон жана жүздөгөн чечилбеген маселелер калкып чыгары айдан ачык. Себеби 7-апрелден кийин карапайым калктын жашоосу баары бир май көл, сүт көл болуп кеткен жок.
Тарифтер арзандап, 60 тыйындын жоюлгандыгы баарыбызга байкалды. Бирок ошол эле учурда азык-түлүктүн баасы кымбаттап кетти. Анын ичинде баасы асмандаган күйүүчү май да бар эле. Айдоо-себүү иштеринин башталышына аз калгандыктан, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшүүгө үлгүрдү. Сегиз айдан бери төлөнүп келген күйүүчү майды ташуу салыгы алынып салынып, апта сайын анын баасы бир-эки сомго арзандап жатат.

ЭМИ КИМ ТӨҢКӨРҮШ КЫЛЫШЫ МҮМКҮН?
Биринчиден, өткөн аптада Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсү учурунда президент Роза Отунбаева “эгерде депутаттар түздөн-түз милдеттерин аткарбай интрига уюштура беришсе, эл талап кылгандай, парламент таркатылат” деп катуу коркутту. “Таратам” деген сөз “менмин” деген депутаттардын да көзүн умачтай ачты. “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев шашыла элди тынчтыкка чакырды. “Жаңы мыйзамга ылайык президенттин андай укугу жок”, “президенттин сөзүн жазып бергендер катачылык кетирди” дегендер болушту. Ошого карабастан, “айтылган сөз – атылган ок” дешет.
Экинчиден, былтыркы жылы парламенттик шайлоодо жеңишке жетпей калган 24 саясий партия бар. Алар утулуп калган соң саясий майдандан жоголуп кетпей, “Акыйкаттын” лидери Аликбек Жекшенкуловдун демилгеси менен биригишкен. Эч биринин өкмөткө кошулбай калганы жеңилгендерди ызалантканы анык.
Үчүнчүдөн, парламенттик коалиция экинчи аракеттен соң түзүлүп, эки бараандуу партия – “Ата Мекен” менен “Ар-намыс” оппозицияда калып кетти. Булар да өзүнчө чоң күч экенин айтпаса да түшүнүктүү.
Анын үстүнө коалициядагы “Республика”, “Ата Журт” жана КСДП өз ара келишкени менен, ага добуш берген электоратында бири-бирин көрөйүн дегенге көзү жоктор көп. Кожосуна болгон ишеними кеткенде, башкага ооп кетери бештен белгилүү. Жогорку Кеңештин биринчи жыйынында “ата журтчуларды” Ак үйгө киргизбеген кыймылдардын өкүлдөрү да эсибизде. КСДПнын депутаттары чыгып, аларды жаш баладай сооротконун да унута элекпиз.

КИЙЛИГИШМЕЙ ТОКТОБОДУ
Кандуу июнь окуясынан кийин биз сырттан болгон кийлигишүүнүн залалы канчалык экенин жон терибиз менен сезип калдык. Анда 11-июнга чейин эле Бишкек аркылуу Ош шаарына Орусия, Европа, АКШ өңдүү өлкөлөрдүн журналисттери байма-бай каттай башташкан. Чет жердик журналисттердин мурду ушунчалык жыт билеби, кыскасы, кандуу окуя баштан өттү. Бул жолу да ошондой көрүнүш кайталанууда. Анткени “жазында Кыргызстанда үчүнчү төңкөрүш болот” деген кеп алгач чет өлкөлүк ММКлар (орусиялык “Коммерсант”, “Голос России”, “Вашингтон Пост” ж.б.) тарабынан айтылып, жазыла баштады.
Президент менен өкмөт башчынын бул сыяктуу кептерге көңүл бөлүүгө чамасы жок чыгар, бирок ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков алдын ала чара көрүүгө киришти. Алсак, спикер бул аптада парламентке өтпөй калган айрым партиялардын лидерлери менен жолукту.
Ал эми мурдагы вице-премьер Азимбек Бекназаров «жазында революция болуп кетсе, буга Алмаз досум жоопкер болот» деди.

ИШТЕБЕГЕН ЭМЕС, ИШТЕГЕН ТИШТЕЙТ
Аналитиктер “Кыргызстан дагы бир төңкөрүштү көтөрө албайт” деп айгай салышууда. Ооба да, экономиканын кыбырап жылышына да мүмкүнчүлүк бербей кырылыша берсек, Ооганстандын таз кейпин киебиз. Бирок 7-апрелде “Ала-Тоо” аянтында 80ден ашуун кыргыз уулдары жыргаганынан каза болгон жери жок. Жашоонун оордугу, жумушсуздук, кымбатчылык, өкмөт чечпей жаткан жүздөгөн көйгөйлөр аларды аргасыз аянтка чыгарды. Кырчындай өмүрлөрдүн каны менен бийликке келгендер кандай жол менен ошол орунга дайындалганын унутуп, айтылган сөздөрүн аткарууга киришпей жатышат. Жарандык коомдордун Жогорку Кеңештин ишине болгон нааразычылыгы чоң. Алардын айтымында, депутаттар мыйзам чыгаруунун ордуна бири-бири менен айтышканын тыйбай отурат.
Негизи, бийлик укуругун бекем бучкактаган аткаминерлер элдин үнүн уга жүрүүнү унутушпаса, өздөрүнө эле жакшы. Кыргызстандын эли дүйнөгө бир эмес, эки жолу төңкөрүш жасап коюунун канчалык бат экенин далилдеп койбодубу.

Эльвира Караева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ҮЧҮНЧҮ ТӨҢКӨРҮШ БОЛСО, КАЙСЫ ТОП БИЙЛИККЕ КЕЛИШИ МҮМКҮН?

Курсан Асанов,
КСДП фракциясынан депутат:
– Үчүнчү төңкөрүш болбой эле койсунчу. Өкмөттүн куралганына бир жарым ай эле болбодубу, жок дегенде 6 ай убакыт берели. Элге иштин жыйынтыгын көрсөтүшсүн. Ошондо мындай сөздөр өзүнөн-өзү жок болот. КСДПнын таламын талашып жаткандагым эмес, башка партиядагылар да иштеп, тыянагын чыгарыш керек.

Турат Акимов,
саясий серепчи, “Деньги и власть” гезитинин баш редактору:
– 3-төңкөрүш болушу кыйын. Азыр эми нааразы болгон ар кандай топтор кой деген кожосу, ай дээр ажосу жок жүрөт. Азыркы бийликтегилер төңкөрүш эмес, «Отунбаеванын ордуна ким президент болот?» деген ой менен убара. Төңкөрүш болгондо да бийликке күчтүү топтун келиши күмөн.

Сюита Соурбаева,
ОшТВ телеканалынын жетекчиси:
– Көзү ачыктык кылып төңкөрүш болот деп айталбайм. Азыркы экономикалык шартта мындай нерсенин кереги жок. Төңкөрүш болсо, тигил же бул топ бийликке келет дегенден да алысмын. Мамлекетибизде кыргыз деп күйүп-бышкан чыныгы инсандар жок эмес, аларды бийликке алып келүү калктын колунда.

Жанар Акаев,
“Азаттык+” берүүсүнүн алпаруучусу:
– Революцияны жасоого аракеттенгендер – парламенттик башкарууну, демократияны каалабаган күчтөр. Орусия муну Феликс Куловдун колу менен жасашы мүмкүн. Өкмөт жазга чейин бюджеттегилердин маянасын жогорулатып, коррупция менен күрөштү күчөтсө, элдик толкундоонун алдын алат.

Бегалы Наргозуев,
“ак жолчу”, экс-депутат:
– Кыргызстандын шартында ар кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн. “Дагы төңкөрүш болот” деген маалыматты ар кайсы күчтөр, бийликтегилерге кулак кагыш иретинде жайылтып жатышы да ыктымал. Бирок азыркы саясий кырдаалда калктын бир тарапка ооп кетиши, баш ийиши оңойго турбайт.

Азимбек Бекназаров,
экс-вице-премьер-министр:
– Үчүнчү төңкөрүштүн болуусу же болбошу азыркы мамлекет жетекчилердин иш-аракетине, бүгүнкү бийлик төбөлдөрүнүн жүргүзгөн саясатына байланыштуу. Өлкөбүздө үчүнчү жолу төңкөрүш болуп кетсе, анда бийликке жаңы муун жана жаштар келет.

Бурул Исмаилова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Naziwka
2011-02-05 20:38:11
Kirgiz elimde jerimde tin4tik ele bolso eken. Sagindim kirgizstanimdi...
0
sulusha
2011-02-06 22:13:16
eh kudai ozung sakta4y KG dy,suranam.jaman jadatywty go tongkoruwtoru mn!
0
imperator
2011-02-06 22:17:16
Ушул кетиште 2-3 жылда козго корунор алга жылуулар болсо,ошого шугур кылыш керек.Бул шарттарда дуйнонун менмин деген саятчыларын топтоп келсен да бир жылда абалдан чыгып кетиш кыйын.А "Супер-Инфо" ,Кыргыз эли дуйного тез убакыттын ичинде 2 ынкылап жасап тастыктап койду деген отко май тамызган созунорду койгула.Коруп атабыз ошо 2 ынкылаптын запкысын. Дагы бироо боло турган болсо,уруп чыгар ити жок эмес,сыгып салар бити жок абалга тушуп калабыз.
0
meerime
2011-02-06 23:24:33
Uchunchu tonkorushko elder ozdoru dele chygyshpasa kerek..Andai bolboi ele koisun..
0
UvE
2011-02-07 12:52:39
Дуйного шерменде болуп жатабыз! Кыргыз улуу калк дейбиз, чыныгы улуу, тарыхка бай, жерибиз бай мамлекет болсок дуйного далилдейли, эл эки ынкылаптын жыйынтыгы менен мамлекетти которду, онукту катары корунолу! мынтип эки-уч бизнесмен уюштурган "толпа" менен Ак уйду басып алууга жонобой! Кыргыз элим акылдуу бололу, эсинди жый, болбогон нерсеге кочого митингке чыгып албай! Эгер ар бир инсан оз баласынын келечегин ойлосо бул жолго эми барбай мамлекетти которгонго аракет кылат деген ойдомун!
0
Шаиста Шатманова
2011-02-08 13:40:45
Туптуура, UvE сиздин айтканынызга кошулам.
0
smile
2011-02-09 15:00:04
men imperatorgo koshulam, chin ele superchiler otko mai kuibai eldi tinchtandiruu kerek!
0
Alymkan
2011-02-09 16:04:53
Kaira-kaira kotorulush chygara bersek akyry Kyrgyzdar jok bolobuz go
0
Baha Kg
2011-02-09 19:33:33
Туура атасыз Live
0
rico
2011-02-09 22:29:56
Ким ушундай созду айтса дагы ким ушундай ойлосо дагы ооздоруна чириген картошка!!! Болбой эле койсун. Эми учунчу жолу боло турган болсо болок элдерге шерменде эле болобуз. Бизди эч ким сыйлабай калат.
0
nurali1989
2011-02-10 11:31:26
Элдер Пикеттен багшка еч нерсени билбей калган го, андан коро оздорунун жумуштарын кылышса болмок... Отунбаева да кыйратпай жатат, кайра кымбатчылык болуп кеткенин елдер айтып жатышпайбы
0
SherhaN
2011-02-10 12:49:30
Айланайын кыргызым тынч эле жашайлычы, андан коро кобойолу!
0
kubik
2011-02-10 14:30:05
Бизди каяктансынар деп сураса, КЫРГЫЗСТАН десек, CRAZY STAN??? деп кайра сурашат.
Чын эле Крейзистан болуп калдык, бир нерсе десе эле тонкоруш деп.
0
Kanubek
2011-02-10 15:45:37
Которулуш кылбай эле иштесенер болбойбу? Андан коро мамлекети кабалына келтиргилечи сураныч!
0
Баян
2011-02-15 15:08:22
Тьфутьфутьфу!!!кудай сактасын!туугандар азгырылып революцияга чыкпай талаага чыгыш керек-кузундо ачка калбайбыз!
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан