(Башы өткөн сандарда)
– Сен эмне дедиң?- Канат ишенбей дагы бир жолу тактап сурады. Жанат бир саамга айтпай эле койбой деп өкүнүп кетти. Бирок ошол эле учурда көкүрөгү жеңилдеп калганын сезди. “Баары бир билет болчу, жашырганда эмне?” деди ичинен.
– Шоола келди. Бүгүн аны менен жолуктум.
Канат бир нерсе деп сүйлөйүн деп бара жатканда бөлмөгө Жанаттын келинчеги кирип калды. Ал майда-барат алганы жакынкы супер маркеттердин бирине кеткен эле. Пакеттерин жерге коюп, эки бир тууганга күлүңдөй карап алды.
– Аа, сен да келгениң жакшы болгон тура, эми баарыбыз таттуулар менен чай ичели.
Канат уккан жаңылыгына нес боло туруп калды. Жанат да үн катпады. Экөөнүн ортосунда бир нерсе болгонун сезип келинчек алмак-салмак карап туруп калды.
– Мен кеттим, жакшы жаткыла,- деди Канат думуга сүйлөп.
– Чай ичип кетсеңиз болмок,- деп калды келини.
– Жок, башка жолу...
Эшикке чыгары менен абадан кере жутуп алды. Машинесине отурду. “Шоола келди” деп жатты көкүрөгү, мээси. Не кубаныч экени, не кайгы экени билинбеген көкүрөгүндө ызылдаган бир шамалдын пайда болгонун байкады. “Унуттум” деген, бирок ошого өзү да ишене алган эмес. Жашы бир топко жетип калса да үйлөнбөй жүргөнү ошол себептен. Башка бир адамды бактысыз кылып албайын деп ойлочу. Адилетсиздик деп эсептечү. Качандыр бир кезде “Шоола” деген ысым көкүрөгүнөн өчүп кетишин каалаган. Жок дегенде атын укканда жүрөгү топтой секирбей калышын каалаган. Жок, болбоду! Канча жылдардан бери “унуттум” ысымды угар замат чабалактай баштады. Акыл токтотту. Жанатты ойлоду. “Бул келесоо дагы деле Шоола деп жүрөбү? Келинчеги менен мончоктой баласы турса? Жолуктум деп коёт дагы. Мен сага эртең жолуккан кандай болот көрсөтөм” деп жатты. Машинесин от алдырып жөнөп калды. Жанат терезеден агасын карап турду. Анын көкүрөгүндөгү чычаладай күйүп турган нерсени от алдырып жибергенин да сезди.
– Байкеме эмне болгон?- деди келинчеги.
– Билбейм, эмне болуптур?
– Купкуу болуп араң чыкты го. Апамдар менен проблемасы бар бекен?
– Билбейм, мен эч нерсе байкабадым. Кеттим, мен жаттым.
Жанат жалдырап турган келинчегин көрбөдү. Деги эле Шоола келгени ал эч нерсени көрбөй калды. Уулуна да көңүл бурбады. Аял кишинин сезими күчтүү да, анын жашоосунда бир нерсе өзгөргөнүн сезип жатты. Бирок баш ийгенден башка амалы жок эле. Элдин аялдарындай болуп текшерип, бир нерсенин аркасына түшкөнү да жок болчу.
ххх
Шооланын келгенин Канаттын апасы Жаркын дагы уккан. Эки уулунун жашоосунда тең роль ойногон адам экенин билет. Жанаттын го үй-бүлөсү бар. Канат кыйналат деп ойлоду. Канаттын өңүнөн эле ал дагы билет экенин сезди. Ичинен тынды. Шоола келгенин уккандан бери Канат ордуна тура албай калды. Эмне кылып атканын деле билбейт. Кичине балдарды машыктырчу эле, жакшы көңүл бөлө албай жатканын шылтоо кылып бир ай эс алуу сурады. Үйүнө батпайт. Мындан төрт көчө ары жакта Шоола жашап атканын сезүү кандай оор. Баягы майып досу Зарлыктан башка арманын айта турган адам жок эле.
– Келди дегенден бери тынчым кетти, дос. Эмне кыларымды билбей калдым. Кайсы ташка урунарымды билбейм. Эмнеге келди, бактылуу болбосом да шүгүр кылган бир жашоом бар эле. Асытын-үстүн түштү. Эми баары өз нугуна тушкөндө келди да, кайра жашоомду тозок кыла баштады. Элестет, менден төрт көчө ары жакта жашап жатат. Ошону ойлогондо жинди болуп кетип жатам.
– Сен аны кимден уктуң?
– Жанаттан.
– Ал кайдан билет экен?
– Экөө жолугуптур. Эмнеге экенин ит билсин. Келинчеги, баласы бар, ал жинди болуп калбаса болду.
– Эмне кылайын деп жатасың?
– Билбейм, жоголуп кетким келип жатат. Бирок атам оорукчан, билесиң. Апам аны жалгыз карай албайт.
– Канат, сен өзүңдү ойлочу. Сен баарын ойлойсуң, сени ойлогон киши жок. Атаңдарга бул жолу Жанат жардам берип турсун, а сен көкүрөгүң сууганча башка жакка кетип кал. Тынчтан, ойлон, чечим чыгар. Минтип өрттөнө берген болмок беле...
– Өзүмдөн кайда качып кутулмак элем. 10 жылдан бери качып келе жатам,- деди Канат. – Эң оору Жанат да ушундай абалда экенин сезип турам. Анын да жашоосуна бүлүк тушүп жатаканын сезип жатам. Болбосо эмнеге жолугат эле?
Залкар үн каткан жок. Жанындай көргөн жалгыз досуна эч бир кеңеш айта албай отурду.
ххх
Канат Шоола экөө мектеп учурунда жолукчу жерге келди. Бул жерди алар “биздин жер” жеп алышар эле. Экөө бул жерде отуруп алып болочок жашоосун кыялданышчу. Канча балалуу болорун, балдарына ысым талашып элестетип бактылуу болушчу. Экөөнүн жашоосунда эч бир мүшкүл болбой тургандай сезилчү да анда. Аркасында бир шырп эткен кадам угулду. Жүрөгү токтоп калгандай боло түштү. Бурулуп карабай туруп сезди. Шоола үн катпай жанына келип отурду. Бири-бирине бурулуп карагандан коркуп отурушту. Жүрөктөрү кабынан чыгып кетчүдөй согуп жатты.
– Салам!- деди Шоола калтыраган үнү менен.
– Салам.
– Качан келдиң?
– Бир сааттай болуп калды.
– Сени бул жерден кезиктирем деп ойлогон эмесмин. Үйдө отура берип тажаганда бул жактар кантип өзгөрдү экен деп басып келе жаткам. Карасам сен отурупсуң. Дароо тааныдым...
– Эмнеге келдиң?- деди Канат буулуга.
– Билбейм. Сагындым окшойт.
– Качан кетесиң?
– Кетпейм.
– Кетишиң керек!
Шоола Канатты жалт карады. Канат да аргасыз тиктеп калды. Канча жылдардан бери унуттум деген кептер кайда жоголуп кеткени белгисиз. Баягы эле Шоола менен Канат. Экөөнүн тең көздөрү жашылданып турду. "Кучакта, сагынганыңды айт. Унута албаганыңды айт. Келгениңе сүйүндүм де" деп жатты кыздын жүрөгү от боло. Канат анткен жок. Көздөрүндө тек коркунуч. Анын жашоосунда бийлиги бар бул кыздан коркуп турду. Өзүнөн коркуп турду. Кыбыр эткенден коркуп турду. Экөөнүн тең көкүрөгү көөрүк сымал күшүлдөп от боло кайра өчө калып жатты. Шооланын көздөрүнө туруштук бере албай Канат көзүн ала качты.
– Кетишиң керек.
– Хм, Кыргызстан жалгыз сеники беле? - деди таарынычтуу.
– Меники эмес, бирок сен ал жакта бактылуу болушуң керек эле.
– Көрүп турганындай, бактылуу боло албадым. Ал бир жерден сатып ала турган нерсе эмес экен.
Шоола ызаланып кетти. Кыялында Канат менен кезиге турганын миң жолу элестеткен чыгар. Бирок минтип “сен кетишиң керек” деген сценарий эч биринде жок болчу. Жок дегенде көзүнө тике карап, он жыл мурун андан эмнеге баш тартканын айтат деп ойлогон. Ушунча жыл көзүнөн учканын, кыйналганын, чет жакта жүргөнүнүн баасы ушул эле беле. “Сен кетишиң керек” дейт! Эмнеге?
– Сен катуу өзгөрүпсүң! Жылдыз болгондор ушундай болуп калабы?
– Кандай?
– Муздак, текебер, бирөөнүн жашоосун ээлик кылып алчудай сүйлөгөн.
– Жылдыз деле болгонум жок. Бирок сен кеткениң дурус.
Канат адатынча ичинен Жанатты ойлоп жатты. Анын башы айланып бала-чакасын таштап, Шооланын аркасынан ээрчип кетет деген коркунуч турду жүрөгүндө. Шооланы көргөн сайын Жанаттын коркунучтуу көздөрүн көргөндөй боло берди.
(Уландысы кийинки санда)