(Башы өткөн сандарда)
xxx
Дайыр баарын таң калтырып үйдөн чыкпай жатты. Эч кандай достору менен дагы байланышкан жок. Өзүнчө бактылуу боло кубанып отурган Дайырды Алтынайдын Аланды кийинтип, өзү дагы сырткы күрмөсүн кийип кирип келгени чочутту.
– Силер каякка кетип жатасыңар?- деп отурган ордунан алая тура калды.
– Эмне чочуйсуң? Үйгө барып кийимдерибизди даярдайлы.
– Кийимди жөн эле койчу, керектүүлөрдүн баарын ал жактан эле алып алабыз. Бул жактан чогуу эле жолго чыгалы.
– Дайыр, сага эмне болду анча? Жок дебесе документтерибизди алып, апам-атам менен учурашып келели,- деп жылмая сүйлөдү.
– Мен алып барып келбейминби. Чогуу эле барып келели,- Дайыр Алтынайды үйүнө кетирүүдөн коркуп жатты. Ага кеткен бойдон кайра келбей койчудай сезилди. Жанынан эч жакка коё бергиси жок. Дароо шашыла чыгып, эшик алдында турган унааны от алдырды.
“Бул өзгөргөнүң канча убакытка жетер экен. Ылайым эле ушундай болуп калсаң кана” деп ичинен ойлонгон Алтынай Аланды ээрчите басып унаага отурду.
xxx
Шамэл бир нече күн үйүнөн чыкпай жата берди. Көп күндөн бери кабарсыз кеткенинен агасы Алтынбек анын үйүнө келди. Эшиктерин илип алыптыр.
– Чаламандын чак түшүндө эшиктерди илип алып буга эмне болгон,- деп Алтынбек күңкүлдөп каалганы каккылады. Эшик бир топко ачылбаганынан төркү үйдө жатса керек деп ошол бөлмөнүн терезесин ургулады. Бир топко ары-бери басып жүрө берди.
Такылдатып кетер деп ордунан турбай жаткан Шамэл “турбасам кетчүдөй эмес” деп ышына айласыздан төшөктөн туруп, уктап жаткандай түр көрсөтө эшикти көздөй басты.
– Ой, сага эмне болду, чак түштө эшикти бекитип уктап?
– Келиңиз, байке.
– Келдим. Эмне дайын-отуң менен жоксуң. Жол карай берип бүттүм. Бир нерсе болдубу деп сарсанаа болуп басып келдим.
– Ой, байке, бекер убара болуптурсуз. Мага эмне болот эле? 15 жыл түрмөдө өлбөгөн, эми өлөт белем?- бурк этти.
– Жыйыштыр, андай жаман кепти. Ал жактан аман-эсен чыкканың жеңиш эмеспи.
– Эмнеси жеңиш, байке, тирүүнүн өлүгү болуп жатам. Жашоомду эмнеден баштаарымды билбей турам.
– Акырындык менен баары өз ордуна коюлат, Шамэл. Керели кечке үйдөн чыкпай жатып депрессияга түшүп жаткансың го.
– Жаным эле жер тартат, байке. Эч нерсеге көңүлүм чаппай жатат.
– Жаткан сайын чөгөсүң. Андан көрө туруп бир иш башта. Кандай сонун сүрөт тартчу элең. Азыр сүрөтчүнүн иши деле катуу бааланып калбадыбы.
– Мени ким баалайт дейсиз, кесипкөй сүрөтчүлөр турса.
– Жалаң эле жаман жагын ойлой бербей, жакшы жагын деле бир ойлочу. Бас, айылга барчы, бир аз алаксып дегендей...
– Байке, айылга эртең барайын. Бүгүн үйдө болоюнчу.
– Мейлиң, Шамэл, балким, жакшылап эс алып бир жакшы иш баштаарсың. Эртең сөзсүз, бар, жок дебесе үйгө барып, тамак ичип кетип турчу, бай болгур.
– Макул, эртең барам. Алтынбек үйдөн чыгып узап кетти.
Кайрадан керебетке сулап жатып калды Шамэл. “Эх, сүрөт, сүрөтчү... Кичинекей кезде кыйын сүрөтчү болом деп кыялданчу элем. Класстан кыздардын баары менин сүрөтүмө суктанып, сүрөт сабагынан баарына сүрөт тартып берчү эмес белем. Сынактарга катышып жеңүүчү болгонумчу. Ошол бойдон сүрөтүмдү улантып, сынактарга барып жаман адаттардын, жаман жүрүм-турумдан алыс болсом, балким, мен деле баркталган кесипкөй сүрөтчүлөрдүн катарын толуктамакмын” деп терең ойго чөмүлдү. Ойлор бирин-бири улай берет эмеспи. Шамэлдин жүзүнө жылмаюу түштү. Өзүнөн бир класс кичүү Асылай деген кызды жакшы көрүп калып, анын сүрөттөрүн жайната тарткан. Сабак окуганы отурганда дайыма Асылайдын сүрөтүн тартуу менен жыйынтыктачу. Сүрөт тартып баштаганда мага эч кимиңер келбегиле деп ата-энесине чыр салып, аларды жанына жолотчу эмес. Бир сүрөтүнүн алдына "мен сени сүйөм, Асылай" деп жазып, анын үйүнүн алдына ташка бастырып коюп кеткени бар. Экөө жашоодо жетелешип баспаса дагы, балалык кыял менен экөөнү сүрөттө жетелештирип айда бир бактылуу болгонучу... Азыр дал ушул окуяны эстеп бир жылмайып алды...
xxx
“Өткөндө баарын жыйыштырдым эле, кетем, туура жолдо жүрөм, жаңылдым деп ата-энемдин күмбөзүнө чейин барып актанып жаттым эле. Кыздардын баары ар жакка чачырап кеткенде кайрадан эле бул чөйрөнү колго ала турган болуп, болгондо да кеңейтип чоң бизнеске айлантам дегеним кайдан гана чыкты?- Айзада өзүн мазактай күлдү.
– Табиятыбыз ушул экен да бир күнкү оюң эртеңкисине окшобойт. Ушунча пландалып калды, ишке ашыра берейинчи. Менин эмнем кетип жатты эле?- колундагы кофени ууртай телефонго үңүлдү. Телефонуна Амандан кат келиптир. “Айзада эже, мага чындап акча керек. Мен таксини токтотуп сиз менен иштешем” деп жазыптыр.
– Хмм, билгем сенин ушинтип эле жооп берериңди. Акчадан көзү катып турган киши эч бир сунуштан баш тартпайт. Анан да анын кандай болорун талдап отурбайт. “Анда ишке киришели, сүйлөшөлү үйгө кел” деп кат жазып койду да, Айзада мурда иштеген кыздарга байланышка чыга баштады.
– Кыздар, иштешем дегендер мен силерди чакырам. Силерге акчалуу, жүрүм-туруму жакшы, силерге кызматтан тышкары кордук көрсөтпөй турган кардарларга кепилдик берем. Бул жакта иштейм десеңер башка ишти жыйыштырып келишиңер керек, кандай учур болбосун, кардардын талабын аткара тургудай болуш керек,- деп бир сыйра баарына маалымат берип койду.
– Биздин ала турган акча кандай болот?
– Канча пайыз менен иштейбиз?
– Шарттары кандай болот?
– Канча жашка чейинкилерди аласыңар?
– Бизди ким “крышавать этет?”
– Ишибиздин жашыруун, жабык болоруна кепилдик барбы?- келген ар түрлүү суроолор жайнап келди.
– Канча жаштан аласыңар?
– Кыздар, баары жолго салынат. Акчадан эч ким нааразы болбойт. Келе албайм дегендер өзүңөр билесиңер. Эң жаш кыздар, сөзсүз, 18 жаштан өйдө болуш керек. Ал эми жаш улуулар сарсанаа болбогула, силерге дагы иш каралды. Биз атайын 40+ деген бөлүм кылдык. Силерге дагы кардар табылат,- деп жооп берип жатты Айзада.
Кечинде Аман келип калды. Анын жүзүнөн тынчсызданууну Айзада даана көрүп турду.
– Аман, эмне болду сага, тынчың кетип эле. Бир көйгөй барбы?
– Макул дээрин деп койдум. Бирок мен бул чөйрөдө эч нерсе түшүнбөйм.
– Алиппени биринчи күнү эле үйрөнүп кетпейт да окуучу. Ишти жасап жатып үйрөнөбүз. Коркпо, биз каалаган акчаны таба алабыз.
– Кыздарды кантип табабыз? Кыйнап алып келебизби?
– Эч кимди кыйнабайбыз, зордобойбуз. Ар ким өз каалоосу менен келет. А сен ойлоп жатасыңбы бул чөйрөдө иштегендин баары кыйноо, зордоо менен келген деп... Андай деле эмес, ал жүздүн бири.
– Ммм,- башын ийкеп отурду.
– Биз азырынча менин үйүмдө иштеп турабыз. Бирок бул даректи сен экөөбүздөн башка эч ким билбеши керек. Кардарлар менен онлайн гана сүйлөшөбүз. Сен кыздардын сүрөттөрүн алып, алардын жеке делолорун жасайсың.
– Айзада эже, дело, сүрөт деп отурбай, андан көрө сайт жасабайлыбы. Кыздар тууралуу маалымат ошол сайтта жарыяланат. Кардарга да ыңгайлуу, бизге дагы.
– Мына сага идея! Акыл жаштан дейт го, ушул менин оюма келбетир. Алардын сүрөтүн чыгарып дело топтоткону жүрбөймбү. Жакшы идея, дароо жасатууга киришиш керек. Сен түзүмүн даярда,- Айзадага бул идея майдай жакты.
(Уландысы кийинки санда)