Назира Мамбетова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «Актриса катары бышып, жетилип турган кезим»

Белгилүү актриса, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетованы кимдер гана тааныбайт? Анын ар бир ролунун өзгөчөлүгү бар, каармандарын көрүүчүнүн жүрөгүнө жеткире ойнойт. Актрисага байланышканыбызда, кичине сыркоолоп, ооруканадан мына эртең чыгам деп турган экен, барып кабар алып, кызыктуу маек куруп кайттык. 

– Назира эже, жакшысызбы? Ден соолугуңуз жакшыбы? 

– Жакшы, Кудайга шүгүр. Ооруканага жатканым, кичине стресс алдым, 20 күндөй уктай албай калдым. Кудай жалгап, жакшы болуп калдым. Буюрса, эртең ооруканадан чыгам. 76га чыксам да энергиям толтура, иштей турган учурдамын.

– Бизге мындан 4-5 жыл мурун берген маегиңизде театрда бут тосуулар болгонун айткан экенсиз, азыр абал кандай?

– Ал эми өткөн чак. Өткөн жылды эле айтайын, Кайрат Иманалиевдин “Үмүт” деген спектакли менен Өзбекстанга эл аралык фестивалга, Николай Коляданын “Старая зайчиха”, биз “Экөө” деп которгон спектакли менен Екатеринбургга барып келдим. Ал жактан мага карата жакшы баалар берилди, “Аялдын мыкты ролу” наамын утуп алдым. Андан кийин Бакуга Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына, Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган кинофестивалга бардык. Ушул эле маараке менен Түркияга конок катары бардым.

Алдыда дагы жакшы иштер бар, февралдын аягында Ташкентке, Алматыга спектакль коюп барабыз. Андан кийин март айында Беларустун Могилёв шаарында жаш режиссёрлордун фестивалы болот экен, ага “Үмүт” спектакли баратат. Мен күчүмдү ошол жакка топтоп жатам.

– Сонун! “Мен карьера издеген жокмун, роль издедим” дегениңиз бар. Издеген ролуңузду таптыңызбы?

– Билесизби, мен “Саманчынын жолундагы” Толгонайды ойногум келчү. Ошто иштеп жүргөндө бул чыгарманы коёбуз деп жүргөндө режиссёр Ысык-Көлгө көчүп кетип, ойнобой калгам. Бул роль көкүрөгүмдө жүрчү. Аны Уланмырза Карыпбаев (ред.: режиссёр) билет эле. Ошон үчүн дагы Улан “Үмүт” спектаклин мага алып келди. Ойнодум, аны 2020-жылы чыгарганбыз. Андан бери, Кудай жалгап, фестивалдан фестивалга кетип жатат. Демек, менин тилегимдин бир канча пайызы ишке ашты десем болот. Анткени андагы Кайрат Иманалиевдин каарманы менен Чыңгыз Айтматовдун Толгонайы экөө окшоп кетет.

Учурда 76га чыктым, дагы алым, күчүм бар. Дагы иштесем деген ойдомун, бирок иш жок. Театрда 52 жыл иштедим, мен азыр жетилип, сахнанын кайсы бурчунда, кайсы чекитинде эмне бар, бүт баарын таап алган кезим. Мага 4-курамды берип койсо дагы үйдө шыпты тиктеп жаткандан көрө кирип-чыгып турсам, ал мен үчүн майрам.

– “Мен Тянь-Шандагы” Кадичанын ролу тууралуу канча сөз кылсак да кызыгы түгөнбөйт. Бул ролго кантип тандалганыңызды дагы бир эстеп көрбөйлүбү?..

– Киного тартылам деген оюм жок болчу. Киного сулуулар гана тартылат деп ойлочумун. 4-курста бир күнү аудиторияга Ирина Поплавская келди дагы, керектүүлөрдүн фамилиясын тандап алды. Анан фотопробага, кинопробага бардык. Андан кийин алар Кыргызстанга келип кинопроба өткөзүштү. Наталья Аринбасарова, Таттыбүбү Турсунбаева үчөөбүз кинопроба жасадык. Өтүп кеттим. Киного тартылдым. Мен ошондо эле Поплавскаяга айткам, “Кадича бузулган аял эмес, ал өзүнүн бактысын издеди, ал дагы адам катары жашашы керек, сүйүшү керек” деп. Ал жөнөкөй, карапайым аял, анын да сүйүүгө, жакшы жашоого акысы бар. Мен ошондой образ жараткам. Бирок эл тескерисинче кабыл алат.

– “Сулуулар гана киного тартылат деп ойлочумун” дедиңиз, өзүңүздү сулуумун деп эсептебейт белеңиз?

– Ыкы. Азыр деле. Мен өзүмдү негедир сулуулардын катарына кошпойм. Ооба, бет түзүлүшүм туура, көзүм кичинекей эмес, мурдум мыйрык эмес, ошол эле. Мен сулууларга кошулбайм. 

– Назира Мамбетовадан актрисалыкты алып койсок, кандай адамды көрөбүз?

– Ой-ий, Назира Мамбетова бетке чабар. “Койчу, ай, эмне болсо ошо болсун” дебейт. “Муну туура жасап жатасың, муну туура эмес жасап жатасың” деп айтышым керек. Жөн турбайм, бетке чабармын, күйүп кетип чындыкты айтып салам. Театрда да бирөөнү кемсинтпейм, бирөөгө жаман сүйлөбөйм. Бирок күйүп турам. Театр деген тартиптен, жамааттан курулат, бири-бирибиз менен байланыштабыз. Анан жетпей жатса, “мындай кылбайсыңбы” деп өнөктөштөрүмдү кыйнап жиберем. Жетсе кучактап барып өбөм, жаным жыргайт.

– Сизди 76 жашта деп айтуу кыйын, энергияңыз ашып-ташып, харизмаңыз чачырап турат экен...

– Толтура.

– Бала кезиңизден ушундайсызбы?

– Ой, кичинемде мындан тың болчумун. Беш жыл мурун тепкичтен түшүп бараткам. Байкасам, минтип акырын, абайлап эптеп түшүп баратам. Анан “койчу ай, эмне кемпирлердей түшүп баратам?” дедим да, жеңил түшөйүн деп аракет кылсам эле бетим менен кулап кете жаздадым. Ошондо “оме-ей, карыган турбаймынбы” дедим. Жүрөгүң, көңүлүң карыбайт экен. А денең, бетиң карыйт тура.

Мектепте ырдадым, баскетбол, волейболдорго көңүлдүү катышчумун. Ошонун пайдасы азыр деле тиет. Абдан кыймылдуумун. Ошон үчүн чарчадым деп айта албайм.

– Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз...

– Алар эң эле жөнөкөй адамдар эле, өмүр бою чабан болушту. Биз 7 бир тууганбыз. Анын экөө учкуч, азыр пенсияда. Мен актриса болуп кеттим, бирок тукумубузда актриса жок болчу. Бирөө өтүп кетти, азыр алтообуз барбыз, Кудайга шүгүр, жакырчылыкта эмес, бакубатчылыкта жашап жатышат. Ата-энебиз бизди эркибизге койгон. Ошон үчүн ар кимибиз өзүбүздүн кесибибизди өзүбүз таап алганбыз.

– Сиздин актриса болушуңузга кимисинин таасири көбүрөөк болду? Ал кезде артисттик кесипти көптөр жактырчу эмес дешет...

– Мен эч кимге айткан эмесмин. Музыкалык педагогикалык окуу жайда окуп жатып эле, “Москвага окууга тандоо жүрүп жатыптыр” дегенди угуп, тапшырып, өтүп алып анан үйгө барып айттым. Жиберишти. 5 жыл окуп келип, Ошто 22 жыл иштедим. Андан кийин курсташтарымдын баары жер-жерине тарай баштаганда мен да Бишкекке келдим. Мен бул жакка чоң чыгармачылык издеп келдим. Облус менен борбордун айырмасы бар да. Академиялык театрда орун жок дешти, анан Алмаз Зарлыкбеков Жаш көрүүчүлөр театрына жумушка алды, ошол тейден ушул театрда агарып-көгөрүп жатам. Ошол жерден “Манас” орденин, Токтогул атындагы сыйлыкты алдым. Ошол жерден Лондонго, Пекинге бардым спектакль менен, Айтматовдун 90 жылдыгында “Жамийланы” пенсияма койдум деп жатпаймынбы. Ошол спектаклди коюп Роза Отунбаеванын демилгеси менен Пекинге барып келдик. Азербайжанда коюлду, эл алдында коюлду. Сейиттин ролун ойногон актёр башка жакка көчүп кетип, өмүрү азыраак болуп калды. Бул жерде масса жок, Жамийла, Сейит жана Данияр үчөөнүн эле таптаза сүйүүсү, башка эч ким жок.

– Жашоодо ошондой таза сүйүүгө кабылдыңыз беле?

– Кабылгам. Сүйүү деген көп түрлүү, жаратылышка, ата-энеңе, балаңа, жумушуңа, окууңа болгон сүйүү. Бирок жан дүйнөңдүн сүйүүсү такыр башка. Эгерде сен бирөөнү сүйүп калсаң, анда бул дүйнөдө эч нерсенин кызыгы жок болуп калат экен. Бассаң да, турсаң да, көзүңдү жумсаң да, бир гана сөлөкөт турат.

– Эмнеден коркосуз?

– Керексиз болуп калгандан корком.

– Бир маегиңизде “балаң жакшы чыкса, ошол бакыт” деген экенсиз...

– Ооба. Кудайга шүгүр. Бир кыз, бир уулум бар. Экөө тең иштейт, 4 неберем, бир чөбүрөм бар. Оой, чөбүрөмө мен эзилем, эзилем. Неберелеримди жакшы көрчү элем, азыр чөбүрөмдү андан өтүп жакшы көрөм.

– Өмүрлүү болушсун! Сиз да ден соолукта болуңуз!

 

Кайрат Иманалиевдин “Үмүт” спектакли боюнча Өзбекстандагы эл аралык фестивалдагы актрисанын ролуна чет элдиктердин пикирлери:

 Грузин сынчысы:

– Ал абдан мыкты ойноду. 2 саат бою өзү жалгыз залды ушундай маанайда кармап, ушундай чоң трагедияны ойноп жатат. Бул, албетте, өтө кыйын. Ал жүрөгү менен, бардык эмоциясы менен ойноду.

 Поляк сынчысы:

– Бул фестивалда мен үчүн Назира Мамбетова аткарган спектакль өзгөчө болду. Ал өзгөчө актриса, андай актрисалар чанда кездешет. Бардык эле режиссёр аны менен иштешүүнү кааламак. Мен үчүн бул актриса Элеонора Дузе сыяктуу. Модернизмдин актрисасы, абдан оригиналдуу, пластикасы да өзгөчө.

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан