Мен чоң энемдин колунда чоңойдум. Мен төрөлгөн кезде ата-энем студент болуп, мени энеме эки айлыгымдан беришкен экен. Энем мени аябай кызганчу. Ошол кызганычынан улам апамды көрдөн алып жерге салып жамандай берчү. Өз апамды мен жашоодон артта калган, чечкинсиз, өз пикири жок адам катары көрчүмүн. Оюмда кадимкидей апамды соттоп, кайра ичимден бир боор толгоо тартып, кыскасы, ушул эки сезим менен жашадым. Бала деген бала да, ага эмне эксең ошол чыгат. Мен да энем эккен сезимдер менен чоңойдум.
– Аа, итирейген өлүгүңдү көрөйүн, ал эмнени билип коюптур...- дечү энем апамдын бир нерсени өзү билип кылып койгонун укса.
– Антпеңиз, ал аябай таланттуу мугалим. Кичине балдардан чоң адамдарга чейин эжейди жакшы көрөбүз,- деди бир жолу кошуна келин апама болушуп. Энеме эч ким кайрылып каршы сүйлөй алчу эмес, эмне болор экен деп элтейип карап калдым. Энем тиги келинди жактырбай бир сыйра урушту. Ал кеткенден кийин мени жонго бир урду.
– Эмне тирмийип калдың? Жакшы сөз уга калдыңбы? Ишенбей эле кой ага, эгерде ал жакшы деп жатышса, демек, менин уулумдун зоболосунан улам айтып жатышат. Ошонун аялы деп сыйлап жатышат. Болбосо ал итирейген...
Эми ойлосом, энем уулуна апамды тең көрбөй жаны кашая берчү окшойт. Же өзүнөн бийлик кетип калат деген жандалбастоо беле, билбейм. Айтор, мен чоңоюп 9-класс болгуча ушундай тарбия алдым. Андан кийин энем каза болуп, айласыз өз ата-энемдин коулна келдим. Такыр көнүшө албадым. Бир туугандарым мени өгөйсүнтүп жаткандай, мен өзүмдү бул үйдун сасыткы жумурткасындай сезип жүрдүм. Апам канчалык мага мээрим салбасын сыртымды сала бердим. Мен аны куду энем соттогондой соттодум. Дал ошондой буйрук берген тон менен сүйлөшөт элем. Апам байкушум үн дебей чыдап койду. Кийин алакачып кетип, айласыз отуруп калдым. Турмуштун ысык шорпосу моюнума төгүлдү. Күйөөм менен ажырашып, Москвага жол алдым. Иштеп, жашап жүрдүм. Бир күнү атам телефон чалды.
– Кызым, апаң аты жаман оору менен ооруп калды.
Биринчи жолу атамдын каргылданып, өзүн жоготкон үнүн уктум. Жүрөгүм шуу дей түштү. Тез жыйналып учакка билет алдым. Апам ооруканада экен, мектеп курагындагы инилерим сумсайышып, үйдүн нуру өчкөндөй. Атам экөөбүз эртеси ооруканага бардык. Алайган, арыктаган апам тозуп алды.
– Апа-а!- деп бакырып ыйлап жиберип кучактап калдым. Ыйлап жатам, ыйлап жатам. Өмүрүмдө андай ыйлаган эмесмин. Апам болсо чачымды сылап, чекемден өөп мени жооткотуп жатты. “Назгүл, коркпо, мен айыгып чыгам. Сөзсүз айыгам. Көрөсүң го, али сенин балдарыңды багам. Ыйлабачы, кызым” деп жатты. Мен ошондо биринчи жолу “апа” дедим. Ага чейин “жеңе” дечү элем.
– Кызым, үйдө мен жаткан үйдө сандык бар. Ал сенин сандыгың. Сага айта албаган сүйүүмдүн баарын ошол жакка чогулттум. Сен ачсаң баарын түшүнөсүң,- деди апам.
Үйгө келдим. Апамдын сандыгын ачтым. Алтыным апам, менин ар бир туулган күнүмө көйнөк алчу тура. Ар бирин коробкага салып, ичине кат жазчу экен. Кайненесинен айбыкканы ушунчалык, сүйүү менен алган белектерин мага бере албаган экен. Көз жоосун алган көйнөктөр сандыкта кала бергени ошондон экен. Апамдын мага жазган каттарынан...
...Менин алтын кызым үчкө чыкты! Элдин баары мага окшош дешет. Бирок мага аябай сулуу сезилет. Жакын келгенде жанталашып жыттап алам. Кайын энем кучактап жатсам, булкуп жаман көзү менен карап, өз үйүнө көтөрүп кетти. Эки жашында ага арнап тиккен көйнөгүмдү көз алдымда тытып, экинчи менин кызыма белек алып келбегин деп катуу уруш чыгаргандан кийин белек бере албадым.
...Назгүл жетиге чыкты. Мектепке барды. Алтыным десе, биринчи партага бойтоюп отуруп алыптыр. Эжейинен суранып, мен ал класска сабак бердим. Улам карап жаттым. Бул форма фартукту да сатып алгам. Бирок энеси кийгизбей койду. Дагы тытып салбасын деп алып келип сандыкка салып койдум.
Ушул сыяктуу каттар экен. Көзүмдөн жашым чууруп жатты. Менден кийин, балким, дагы бир кызы болгондо апамдын мага болгон кусасы мынчалык болмок эместир. Менден кийин эки иним төрөлгөндүктөн мага деген сүйүүсү тек гана ушул сандыктан катылган окшобойбу. Ошол түнү мен апамдын мага жазган бардык каттарын окуп чыктым. Эртеси таптакыр башка кыз болуп ойгондум. Ошол күндөн баштап апамдын көзүнүн кареги менен тең айландым. Жыйнап жүргөн акчамдын баарын коротуп, күчтүү врачтарга көрсөттүм. Көшөрүп отуруп врач айткандын баарын жасатып, баладай карадым. Кудай тилегимди, аракетимди көрүп апакемди айыктырып берди. Аты жаман ооруну тез арада жеңип чыкты. Кайрадан төрүбүздүн көркү болду. Мен да турмушка чыгып бактымды таптым. Эне болдум. Ошондо гана апамдын мага деген чоң сүйүүсүн түшүндүм. Бекеринен “бейиш эненин таманынын алдында” делбейт тура. Мендей жагдайда тарбияланып калган балдар-кыздарга айтарым, ушул сөздү эч качан унутпагыла. Апабыз бейишибиз болсо, бейишибизге кандай мамиле жасап жатканыбызды бир ойлонуп коёлу. Сүйүү – баарын айыктырат дешет. Апама болгон сүйүүм аны айыктырса, анын мага болгон сүйүүсү мени айыктырып турмушумду оңдоп кете алдым. Жактырган адамыма турмушка чыгып, эне болдум. Апам таене болду. Ошондо гана эне менен баланын сүйүүсү эч нерсеге тең келбеген сүйүү экенин билдим.