Күчтүү аялдын күчтүү кызы Дениз Байсал 

Дениз Байсал кино дүйнөсүндө көптөн бери жүрөт. Көпчүлүк аны “Фазилет айым жана анын кыздары” сериалы же болбосо “№7 камерадагы керемет” тасмасы аркылуу жакшы тааныйт. Маскарапоздон дүйнөгө таанымал актриса болгонго чейинки талпынуу, эмгек кызыгуу жаратпай койбойт.

 

Туулган жери: Түркия, Измир

Туулган жылы:

1991-жыл, 5-апрель

Жылдыз белгиси: кой

Бою: 171 сантиметр

Кесиби: актриса

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Фазилет айым жана анын кыздары”, “№7 камерадагы керемет”, “Убада”, “Мен кайсы кемелерди өрттөдүм?” жана башка

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны: 6.1 миллион

Кумири – апасы

Күчтүү болуунун, алдыга койгон максатка эмне болсо да жетүүгө болорун, өлүмдү жеңүүгө болорун апасынын мисалында көрүп чоңойду. 6 жашында ата-энеси ажырашып кетишкен. Атасы Дениздин жашоосунда аз болсо да бар. Бардык күч, эмгек апасынын моюнунда болду. Кыздарына тарбия берүү, алардын келечегин түзүү менен кошо өзүнүн да ден соолугу менен алек эле. Врачтар аялга онкологиялык оорунун диагнозун коюшкан. Бирок эне ооруга моюн сунган жок, күрөшүп жатып дарыгерлерди да таң калдырып айыгып кеткен. Мындай энеден андан кем эмес күчтүү кыз өсүп-жетилди.

Деңиз жээгиндеги балалык

Түркиядагы ири шаарлардын бири Измирде жарык дүйнөгө келген Дениз. Балалыгы деңиз жээгинде өттү. 10 жашында апасы аны мектептеги театралдык ийримге киргизген эле. Алгачкы жолу сахнага маскарапоздун ролунда чыккан. Ошол күндөн баштап анын келечекке болгон багыты пайда болду. Көп убактысын репетиция деп короткон кызына кабатырланган ата-эне “театрга кызыгып, окуусун таштап коёт” деп каршы чыга баштаган. Бирок Дениз өжөрлөнүп жатып ийримде да, окуусунда да үлгүлүү окуучуга айланды.

Мурдун жасаткан

Өзүнөн улам ден соолукту чыңдоодо спорттун канчалык керек экенин түшүнгөн апасы Денизди баскетбол ийримине тапшырткан. Спортто да активдүү боло аларын көрсөттү. Бирок бир оюнда мурдун сындырып алып, спортту таштаганга аргасыз болгон. Кийин мурдунун жаракаты жакшы дем алганга тоскоол болуп, акыры ринопластика жасатканга аргасыз болгон. Атактуу болгондон кийин айрымдар актрисаны “мурдун эле эмес, оозун да жасаткан” деп чыгышты. Бирок Дениз оозунун формасы табиятынан экенин айтып ишендире албай келет.

Билими башка...

Мектепти бүткөндөн кийин көпчүлүккө окшоп ата-энесинин каалоосуна багынып, жогорку окуу жайдын сырткы соода-сатык факультетине тапшырды. Бирок шаардагы балдар театрына да жумушка орношуп алган. 10 жашында башталган маскарапоздун образында 10 жылга чукул эмгектен актрисанын кино талаасына аралашуусу оор болгон. Анткени сахна менен камеранын алдында иштөөнүн айырмасы асман менен жердей эле. Ошентсе да ал багынган жок. Алгач модель катары жарнамалык роликтерге тартылып, камеранын сүрүн жеңгенге аракет кылды. Дал ошол роликтер аркылуу режиссёрлордун көзүнө түшүп, тасмага тартылууга сунуш алган.

Биринчиси тажрыйба

Биринчи ролу, негизи эле кинодогу алгачкы ролдору ийгиликтүү деп айткандан алыс. Ошентсе да Дениз аларды тажрыйба катары кабыл алып, аракет кыла берди. Аны Түркия 2014-жылы чыккан “Качкын колуктулар” сериалынан тааныган. Ал эми дүйнөнүн бир нече мамлекетине таанымал болуу бактысы 2017-жылы чыккан “Фазилет айым жана анын кыздары” сериалынан кийин ачылды. Долбоордон кийин абройлуу кино сыйлыктарга татыган Дениз Байсалдын ысымы кино алптарынын катарына кошулган. Анын дүйнөлүк атактуулугун бекемдеген “№7 камерадагы керемет” тасмасы болду. Тасма эл аралык прокатта популярдуу болуп, 2021-жылы “Оскар” сыйлыгына талапкерлердин катарына кошулган. Актрисанын акыркы эмгектеринин бири “Мен кайсы кемелерди өрттөдүм?” сериалы. Аялдардын оор тагдыр бириктирген достугу тууралуу тартылган психологиялык драма өткөн жылдын декабрь айынан бери экранга чыга баштады. Дениз Байсалдын күйөрманы болсоңуз, бул тасмага көз салат болушуңуз керек.

Сулуу аял

“Сулуу аял – өзүнө ишенген аял. Макияж менен же макияжсыз, айырмасы жок. Күлүп, өзүңө ишенсең, анда сен сулуу аялсың” деген Дениз айымдын жеке жашоосу көпчүлүктүн көз алдында. Жеке жашоону катканга себеп жок деп эсептеген актрисанын көпчүлүккө белгилүү болгон алгачкы сүйүү романынын каарманы – актёр Фуркан Андыч. Экөө “Качкын колуктулар” сериалынан таанышып, андан ары тутанган махабат оту 2 жылга жетти. 2016-жылы “Kolpa” музыкалык тобунун ырчысы Барыш Юртчу менен кыз-жигит болуп, топтун "Tasma" ырынын клибине тартылууга да жетишкен. Бир урушуп, бир табышып жатып акыры Дениз менен Барыш 2019-жылы үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүштү. Тойдо коноктордон белек катары келген каражатты чогултуп токойлорду калыбына келтирүү, Түркияны жашылдандыруу иштерин жасаган кайрымдуулук фондуна беришкен. Дениз Байсал үлпөт тойго кийген көйнөгүн да кайрымдуулук фондуна берген. Алар көйнөктү сатып, майып балдардын керектөөсүнө жумшаганын айтышат.

Жакшы көрөт...

 Тамак жасаганды, тамак жегенди.

Диета кармабайт, бирок дайыма спорт менен машыгат.

 Китеп окуганды.

 Сыналгы көргөндү.

 Сүрөт галереяларын кыдырганды.

 Жалгыз сейилдегенди.

 Victoira’s Secret Moonlight Dream духисин.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан