Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн Жылдыз Асанакунова аттуу кызматкери аталган аскер бөлүгүндө жоокерлерди кыйноолор болуп жатканы тууралуу айтып президент Садыр Жапаровго кайрылды.
– Жоокерлер зомбулукка кабылып, колу-буту сынган учурлар бар. Мунун баары жашырылат. Муну ачык айтканымдан кийин аскер бөлүгүнүн командири мага басым жасап, сөгүп, атүгүл жеке жашоомо кийлигишүүгө чейин барууда,- дейт аскер кызматкери. Ошондой эле жоокерлерге сапаты начар азыктардан тамак даярдаларын кошумчалаган ал.
8-фефралда Чек ара кызматы бул маалымат боюнча мурда эле иликтөө жүргөнүн билдирди.
– Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө Жылдыз Асанакунова “прапорщик” аскердик наамы ыйгарылышы менен дарыкана башчысы кызмат ордуна дайындалууга кызыкдар болгону аныкталган. Бирок жагдайды эске алуу (дарыкана башчысы бийик тоолуу аймактарда жайгашкан аскердик тарамдарга дайым чыгып турушу керек, ал эми Асанакунова жашы жете элек 3 баланы өзү жалгыз тарбиялайт) менен Асанакунованы бул кызматка дайындоо мүмкүн эместиги өзүнө айтылган – деп билдирет Чек ара кызматы.
Ошондой эле жоокерлерге сапатсыз азыктардан тамак жасалат деген маалымат да тастыкталган эмес дейт мекеме. Учурда УКМК жана Аскердик прокуратура тарабынан кайрадан текшерүү жүрүп жатканы, анын жыйынтыгы коомчулукка жарыяланары айтылды.
Президент Садыр Жапаров аталган аскер кызматкеринин видеосун өзүнүн социалдык желедеги баракчасынан бөлүшүп “эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги болбосо, аскер айым минтип кайрылуу жасай албайт эле” деп жазды.