Жоголгон жылдар...(Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Бирок сайт жасатуу арзан турбайт, Айзада эже. Бери дегенде эле эки-үч миң доллар турат. Эми бир аз арзаныраак кылып жөнөкөй сайт жасатсак болот.

– Аман акчадан сарсанаа болбо. Сайтта өзгөчө нерсе болушу керек, кирген кишини кызыктыра турган. Андыктан ошол жагын эске алыш керек. Ал эми акчаны тапса болот. Акчаны жок дегендик, мүмкүнчүлүктү тепсегендик, акчаны жашырып каткандык, бул алгыр кушту капаска камагандай эле. Акча дегенди колдонгондо, короткондо гана баалуу болот. Бул ишти чындап байкап көргүм келип жатат. Андыктан анча-мынча акчага ичим деле ачышпайт. Бул тармакта негизи биздин өлкөдө өзгөчө нерсе, талап ээлерине өзгөчө сунуш жок. Эгер биз аны ишке ашыра алсак, экөөбүз акчанын алдында калабыз. Андан көрө адистер менен сүйлөшөлү.

– Болуптур, жашы адистерди тапканга аракет кылайын.

– Анда сен ушул ишке кириш, мен четинен кыздарды ишке тарта берейин.

– Айзада эже, мен бир аз таксиге чыгып келе калайын, унаамдын бүгүнкү ижара акысын төгүшүм керек,- деди Аман.

Айзада Амандын башка ишке алаксыбагыдай болсун деп эбак эле ойлонуп койгон.

– Аман, мен эмне деп жатам да, сен эмне деп жатасың? Жанатан бери сага айтып жаткан сөзүмдү кулагыңдын сыртынан кетирип, өз жумушуңду ойлоп отурганың кандай?

– Эми көнүп калган иш, анын үстүнө... - деди Аман ыңгайсыз боло.

– Анын үстүнө эмне? Сен тезинен ижарага алган унааңды өткөрүп бер. Унаа керек болсо меникин айдап турасың. 

– Батир акым дагы бар, азыр биз акча таба баштаганча анда-санда иштеп турбасам болбойт го,- деп Айзаданы суроолуу карады.

– Мына килейген үй турат, батир акы төлөйм дебей эле бул жакка көчүп келип ал. Тиги бөлмөгө жайгашып аласың,- деп колун жаңсады конок бөлмөнү көрсөтүп.

– Анын үстүнө сен өзүңчө жашасаң биз пландаган иштердин бирин да жасай албайсың. Батирдеги шериктериң тоскоолдук жаратат. Жакшы жашоо, көп акча тартынчаак, тартиптүүлөрдүкү эмес, жулкунуп иш кылып, тартынбай ар ишти кыла билгендердики...

– Туура деңизчи. Бирок туугандарыңыз келип калсачы, экөөбүздүн бир үйдө жашап жатканыбыз ыңгайсыз болот го,- Аман башын тырмап туруп калды.

– Эч кандай киши келбейт, ата-энемдин көрүстөнүн көргөнсүң. Мен жалгыз кызмын. Тууган аттуу жок менде. Ата-энемдин туугандары менен таптакыр катышпайм. Алар менин дарегимди эмес, тирүү экенимди билишпейт.

Сен экөөбүз жакын болуп калдык. Мен сага бир сырды ачайын. Менин дагы көрүстөнүм бар, мен баары үчүн эбак эле өлгөм. Атам генерал-майор, принципке бекем турган кесипкөй киши болчу. Ага өчөшүп калган, көрө албаган душмандары көп болгон. Керек болсо атам туугандарына, жакын досторуна ишенбей калган. Бир ирет мени бирөөлөр уурдап кетишкенде атам көп акча берип куткарып алган. Ошондон көп узабай мени өлдү кылып, жерге берип, күмбөз тургуздуруп койгон. Мени болсо Англияга кетирип жиберген. Ата-энем өлгөндө сөөк башында кызы катары отурган жокмун. Сырттан гана көз салып карап турдум. Ушундан кийин Англиядагы жашоомду уланта алган жокмун. Өзүмдү таштап салдым. Атам үй-жайды бирөөгө сатып, мага башка жактан үй-алып берген. Өзү сатып салган үйүндө ижара төлөп жашачу. Болбосо атам өлгөндөн кийин туугандары үй-жайын алабыз дешмек да. Анын баарынын алдын алыптыр, азыр ойлоп көрсөм.

– Сиздин бар экениңизди чындап эч ким билбейби? 

– Эч ким билчү эмес, кийинчерээк бир адам билген, эми эки адам билет.

– Ким алар?- Аман кызыга сурады.

– Бири сен. Бири айтылуу Жакыпов, сенин сүйгөн кызыңды тартып кеткен...

– Жакыпов менен сиздин тааныштыгыңыз барбы?

– Бар. Атамдын өчүн алам деп жолунан өзүм чыккам. Бирок ал мага зыянын тийгизбейт. Биз ошентип келишкенбиз. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын,- деп сүйлөшүп, чечишип алганбыз.

– Айзада эже бул жагы кино болуп кетти го.

– Кино асмандан алынат дейсиңби? Кино деле ушул жашоонун бир үзүмү да,- күлүп койду Айзада.

– Эч ойлонбой көчүп келип алсаң болот. Азыр акчаны бизнеске гана салсак, эртең актап берет. Анан өзүңдүн үй-жайың болот дегендей.

Аман кийим-кечегин алып келүү үчүн үйүнө кетти. Жол бою ар кандай ойлор мээсин жеди. “Бул аял эмнеге мени жакын тартты өзүнө, эмнеге үйүнө көчүп келүүмө, унаасын айдоомо уруксат берди? Бул аял эмнеге мага ишенет? Таңда эле кепедей болгон батирде ойгондум эле. Эми килейген элиталык үйгө көчкөнү жатам. Хонда Фит айдап жүрдүм эле, эми Лексус айдаганы жатам. Кудай берет деген ушулбу? Бирок булар меники эмес да. Өзүмдүн жеке менчигим болсо, Кудай мага берди деп сүйүнсөм болот. Балким, Кудай деле мени беш күнчөлүк өмүрүндө жакшыраак үйдө жашап, жакшы машина айдап турсун деп убактылуу болсо дагы мага ошол мүмкүнчүлүктү берип жаткандыр”. Эки баштыкка толбогон кийимин арыдан-бери жыйнап, батир акысын шериктерине берип, “бир эжемдин үйүндө жашаганы жатам” деп батирден чыгып кетти. Алар Амандын эмнеге мындай шашылыш чыгып кеткенин түшүнбөй калышты. Аман ого бетер таң калтырып, сыналгысын, буюмдарын шериктерине калтырды.

xxx

 

Кечээги эсине түшкөн балалык кыялдары ага дем бергендей Шамэлдин бүгүн маанайы жакшы. Адатынча шалдырап жатпастан, жуунуп, сакал-мурутун алып, кийимдерин алмаштырып, айылды көздөй жөнөдү. Алтынбек агасынын үйүнө бара жатып мектепти бир көрө кетейинчи деген ой менен ылдыйкы көчөнү көздөй бурулду. Мектепте кенже класстын окуучулары сабактан чыккан окшойт, балдар кара таандай ызылдап мектептин алдында топурап жүрүшүптүр. Аларды кызыга карап бара жатты Шамэл. Ушундай кайгы-капасыз, санаасыз, аруу балалык учуруна кайткысы келип кетти. Ойго чөмүлүп басып бараткан Шамэл бирөө менен сүзүшүп кетти.

– Кечиресиз, телефонго алаксып, сизди көрбөй калдым,- деди аял ыңгайсыздана. Шамэл аны тиктеп туруп калды.

Өң-келбет өзгөрөт, бирок көздөр өзгөрбөйт дейт эмеспи. Шамэл маңдайында турган Асылайды жазбай тааныды.

Көрүнбөй эле койсом болмок, бул жакка эмне келдим деп ойлонду ичинен Шамэл. Бирок маңдайында турган адамга, болгондо дагы бир кездеги балалык сүйүүсү болгон адам менен кантип учурашпай коёт эле.

– Кандайсың, Асылай?

– Жакшы, сен Шамэлсиңби?

– Ооба,- деди оор үшкүрүнө.

– Кандайсың, ден соолук жакшыбы?

– Жакшы. Өзүң бул жактасыңбы?

– Ооба, Медербекке турмушка чыккам. Мектепте башталгыч класстарга сабак берем.

– Кой анда, биздин чогуу турганыбызды эч ким көрбөсүн. Кеп-сөз болуп кетип жүрбөсүн.

– Макул. Мен сени кечээ эстедим эле. Классты жасатып жаткам. Бир жагына жомок каармандарын чагылдырган сүрөт тарттырсам деген ойлор келип...- деп токтоп калды Асылай.

– Мен эми сүрөттөн алыстап эле калдым. Анын үстүнө боёктор менен сүрөт тарта элегиме канча жыл болду.

– Кыйын тартчу элең го. Баары бир мыкты тартсаң керек. Жакшы жасалган класска байге коюлган. Аракет кылып көрөйүн дегем. Акчасын төлөп берейин, сүрөт тартып берчи. Айылда сүрөтчү жок, сырттан алып келүү кымбат дегендей...

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1105, 9-15-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан