Белгилүү актриса Гүлжамал Мамытбекова заманбап кыргыз кинолорунун, сериалдарынын, жарнамалык роликтердин таанымал жүзү. Экрандан көп көрөсүз. “Боз салкын”, “Байкуш”, “Ала качуу” тасмаларында, “Үй-бүлөлүк окуялар”, “Келинка” сериалдарында роль жараткан Гүлжамал айым бул аптанын башкы каарманы.
– Гүлжамал айым, кош келипсиз кеңсебизге. Сиз иштеген Бишкек шаардык театрына жаңы директор келиптир, жаңы жетекчини жамаат кандай кабыл алдыңыздар?
– Ушундай куттуу студияга келип маек берип жатканыма кубанычтамын. Бизде театрда адаттагыдай эле репертуарлар жүрүп жатат. Ооба, февраль айынын башында бизге Жолдошбек Жанжигитов директор болуп келди. Кечээ жамаат менен жолугушуп, театрда жасала турган иштер боюнча жакшы ой-максаттарын, жаңыча иш жүргүзөлү деген тилектерин айтты. Буюрса, аракет кылабыз. Жамаат жакшы кабыл алды. Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрынын ачылганына 30 жыл болуптур быйыл. Жыл сайын 25-апрелде театрдын туулган күнүн белгилейбиз. Буюрса, быйыл отчёттук концерт беребиз деп даярдык көрүп жатабыз.
– Театрда да, кинодо да роль жаратып жүрөсүз. Кайсынысы жашооңузда көбүрөөк орунду ээлейт?
– Биз окууну бүткөн жылдар катаал эле, кино тартылбайт, театрларда артисттердин айлыктары аз, 200-400 сом. Мени бул театрга жумушка Арсен Өмүралиев өзү алган. 4 жыл иштешкенден кийин каза болуп калды. Кийинки кезде киного көп тартылып жатып, экөө эки канатымдай болуп калды, экөөнү бирдей сүйөм.
– Мурунку маегиңизде “жеңенин образынан чыккым келет” дедиңиз эле, кандай образ жараткыңыз келет?
– Ооба, эми жеңенин образынан өтүп, эне болдук. Кинодо да, театрда да “Саманчынын жолундагы” Толгонайдын ролун ойногум келет. Эми биз да жетилип калдык окшойт. Кинодо драмалык, психологиялык, олуттуу образ жараткым келет.
– Боевик киного чакыруу түшүп, каарман тандоо укугу берилсе, кандай каарманды тандамаксыз?
– Менде эркектик мүнөз көбүрөөк, кыздардай болуп созулуп отурбайм. Үйдө гүл өстүрүп отургандан көрө дүкүлдөп эркектин жумушун бүтүргөн жагат. Бала кезден эле үйдө отурган жокмун, көчөдө волейбол ойночубуз, кышында конькини кыйын тепчүмүн. Боевик киного сунуш түшсө аябай ойносом керек. Атка минсем да берилип... Адилеттүүлүк үчүн күрөшүп. Жаман, терс каарман эмес бирок.
– Терс каарманды ойногуңуз келбейби?
– Жок, ойногум келет. “Жаман роль болбойт, жаман артист болот” дейт го. Терс каарман болсо да актёр өзү ойногон каарманынын адвокаты болуш керек. Терс каарман десе шүмшүктү эмес, анын жакшы жагын ачканга аракет кылыш шарт. Негизи роль тандабайм, бирок кинодо дайым эле эпизоддук ролго чакыра бергендиктен элди тажатып жибербейин деп акыркы кездерде көп баш тартып калдым. Азыр жаш мыкты режиссёрлор көп. Руслан Акундун, Актан (ред.: Арым Кубат) байкенин киносуна тартылгым келет.
– Кайсы ролдоруңузга өзгөчө канааттанасыз?
– Ар бир ролумду баламдай жакшы көрөм. Театрга жаңы кирген кезде Кристиан Андерсендин “Гадкий утёнок” спектаклинде энени ойнодум. Ал кезде балалуу боло элек кезим. Ошол ролду ушунчалык жакшы көрөм. Баласын издеген жери бар, ар бир ойногон сайын көзүмө жаш келе берет. Тасмада “Боз салкын”, “Байкуш” тасмаларындагы, “Үй-бүлөлүк окуялар” деген сериалдагы образдарым жагат.
– Сиздин принциптериңизде, көз карашыңызда үй-бүлө кантип курулуш керек?
– Башкысы жубайлар бири-бирин түшүнүш керек. Ынтымак, түшүнүү, көтөрүмдөн көп нерсе көз каранды. Калптын казаны кайнабайт дейт эмеспи, калп айтпаш керек такыр. Анан “сеники-меники” деген болбош керек. Көп эле теңтуштардан көрүп жүрөм, аялы өзүнүкүн, күйөөсү өзүнүн акчасын өзү сарптайт. Кээ бирөөлөр кадимкидей эсептешишет.
– Сиздин үй-бүлөңүздөрдө кандай?
– Бизде андай жок, бүт баары ортодо. Ачык-айкын эле сүйлөшөбүз. Эми шумдук эле идеалдуубуз деп айтпайм, урушканда урушабыз, талашуулар болот. Нормалдуу үй-бүлөдө уруш да болот. Ушунун баарын өтсөң анан үй-бүлө сакталат. Биздин баш кошконубузга кечээ 22 жыл болуптур. Кечээ эле баш кошкондой болгонбуз. Бул аралыкта көп нерсе баштан өттү, балалуу боло албай жүрдүк жылдап. Кыйналып, ооруп, жумушка жөө барып-келип, троллейбуска акчабыз жок калган учурлар да болгон.
Жаш кезибизде “жашсыңар, Орусияга кетип калбайсыңарбы” дегендер болду. Жолдошум (ред.: Илим Калмуратов, актёр) окууну Москвадан бүтүп келген да, бирок ал “жок, кетпейм, мекенимде эле иштейм” деди. Илим патриот. Илим акча үчүн иш кылбайт, ролду да сценарийин карап тандайт, жакпаса миллион берсе да баш тартып коёт. Ага караганда мен аялдык кылып, үй-бүлөнү ойлоп, тартылып коё берем.
– Үйдө тизгин кимдин колунда?
– Албетте, эркектин колунда болот да. Жолдошум чечет, анын айтканындай болот, ошол эле убакта мени менен кеңешет, угат. Кээде кеңешпей деле чечип коёт (күлүп). Балдарды урбайт, бирок катуу эле кармайт. Эркек балага атанын өзгөчө тарбиясы керек экен. Илгери “атаң келатат” дегенде балдар тизилип калышчу эле го, ошондой нерсе биздин үйдө бар.
– Көп интервьюңузда балалуу боло албай 9 жыл жүргөнүңүз, балаңыз чарчап калганы тууралуу айтып жүрөсүз...
– Ооба, биринчим төрөлгөндөн кийин беш күн жашады. Шишип кеткенмин да, билбей жүрө бериптирмин, кан басымым 200гө чейин чыгып кетиптир. Операция оор өттү, 17 күн реанимацияда жаттым. Анда жашмын, көп өтпөй жумушка чыгып кеттим. Экинчисинде катуу депрессияга түштүм. Кыздар жигити таштап кетсе деле “депрессияга түштүм” дей беришет го. А накта депрессия деген өтө жаман болот. Анда шишиген эмесмин, Японияга фестивалга да барып келгем. Жакшы жүргөм. Анан эле “бала ичинен өспөй жатыптыр” дешти, “төрөп алайынчы эптеп” деп врачтарга жалдырайм, эч ким сага кепилдик бере албайт экен да. Ыйлайм, ошентип декабрдын 30унда операция жасашты. 31инде чарчап калды. Элдин баары салют атып майрамдап жүрүшөт, мен үчүн эң оор күн болду. Ошондон кийин эч нерсени жактырбай чүнчүп кеттим. Илимге рахмат, дайыма жанымда болду. Анан эне түтөт экен. Апамды жанымдан чыгарбайм, “кетпеңиз” деп этектейм. Анан театрдан жетекчилер келип, “жумушка чык” деп чыгарышты. Анда деле жумушка кирише албайм, кызыгуум жок, эңгир-деңгир, жашоого көңүлүң жок, тамак да жебейсиң, сөлдүрөп каласың. Апама “мени айылга алып кетиңиз” дей бердим. Баланын чарчап калганына өзүмдү күнөөлүү сездим... Ушуну менен төрөй албай каламбы деп, жашоо туман болуп калат экен (ыйлап)... Китеп бетин ачсам тамгалар көзүмдөн көчөт, кечке суусайм, башка тамак өтпөйт. Ушундай күндөр өттү. Театрдагы труппа башчыбыз Назира эже “абалың жакшы эмес” деп больницага алып барды. Ошентип жатып жашоого көңүлүм кайтты. Анан кайра төрөшүм керек деп аябай аракет кылдым. Бала багып алайын деп да аракет кылып көрдүм. Кайра чыйралып, уулумду дарыгердин көзөмөлүндө болуп жатып төрөдүм. Ошол эже апамдай эле карады, ыраазымын. Кичүү балам жети айлык болуп төрөлдү. Кудайга шүгүр, азыр эки уулдун ата-энесибиз.
Гулийпа Маметосмон кызы