Январь, февраль, март... Кудайлардын атын алып жүргөн айлар

Буга чейин жыл мезгилиндеги он эки айдын кыргызча аталыштарынын мааниси тууралуу жазып келгенбиз. Эми айлардын азыркы учурда дүйнө эли колдонгон аталуу тарыхына кызыктык. Эмнеге январь, февраль же март? Бул макала сиздин да кызыгууңузду жарата алат деген ишеничтебиз.

Айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө жараша аталган

Негизи кыргыздардыкы сыяктуу эле көп улуттун өзүнүн ай аталыштары бар. Алар байыртан ошол улут ишенген Кудайдын аталышынан же болбосо жыл мезгили алмашканда айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө жараша айларга аталыш берилген. Мисалы, Беларусь, Украина, Польша, Литва элдеринде июнь айы “липень” деп аталат. Июнь айында липа дарагынын гүлдөгөн учуру болот, ушундан улам липень аталып калган.

Январь

 Жылдын тун айы январь латын тилинен «Jаnuаrius mеnsis» которгондо “Янустун айы” деген маанини түшүндүрөт. Римдиктердин эки жүздүү Янус кудайынын урматына коюлган. Байыркы Римде Янусту эки жүздүү, тагыраагы, алдыны да, артты да караган эки жүзү бар деп сүрөттөшкөн. Ал өткөн чакты, учур чакты жана келер чакты карап турат, убакытты башкарат деп ишенишкен. Андыктан өткөндөн кечирим сурап, жаңы жылдан жакшылыкка үмүт арткандар Януска сыйынышкан. Январдын дагы бир мааниси латын тилинде «ianua» деген сөз “эшик” деп которулат. Жаңы жылдын босогосун аттаганда эле айдын январь аталышы ушундан улам да болушу ыктымал.

 

Февраль

 Негедир көп өлкөлөрдө февраль кыштын эң ызгаардуу суук айы деп белгиленет. Бекеринен славян эли бул айды “лютень” (лютый мороз) деп аташпаса керек. Бул айдын аталышы да латын тилинен келип чыгып “Februārius mēnsis – Фебруустун айы” делинет. Фебруус – этрусс кудайы. Римдиктер аны жер алдында бийлик кылган тазалануунун, түшүмдүүлүктүн кудайы деп эсептешкен. Байыркы Римде койчулардын Луперкалия деген майрамы бар эле. Майрам Юлиан календары боюнча 15-февралда белгиленчү. Луперкал аталган үңкүрдө Римдин негиздөөчүлөрү Ромул менен Ремди карышкыр эмизген деген уламыштар бар. Февралдын ортосунда койчулар аталган үңкүргө чогулуп, тазалануу кудайы Фебрууска курмандык чалып мал-жандык союп, тазалануу ырым-жырымдарын жасашкан. Мына ушундан улам биз билген февраль жаралган.

 Март

Кудайлардын арасынан согуш кудайы Марска ийгилик жылмайган десек болот. Анын атынан ай эле эмес, планета да бар, анан да көпчүлүк сүйүп жеген шоколад да бар. Марсты айрым элдер жер жарылып, ачкачылык артта калган түшүмдүн, токчулуктун кудайы катары баалашса, римдиктер кыш бүтүп жаз келгенде жерлерди басууга ылайык мезгил деп Марсты согуш кудайына айлантышкан. Латын тилинен “Mаrtius mеnsis – Марстын айы” деп которулган. Жаздын алгачкы айы ушинтип Марс кудайынын атын алып жүрөт.

Апрель

Апрель аталышынын келип чыгуусу бир нече вариантты камтыйт. Биринчиси жана көп таралганы, албетте, кайрадан байыркы грек кудайларына барып такалат. Тагыраагы, бул айды сулуулуктун, сүйүүнүн, молчулук-токчулуктун кудайы Афродитанын урматына аташкан. Ал эми экинчи версиясында латын тилинен «aperire» сөзү “ачуу” дегенди билдирет. Жаздын дал ушул мезгилинде бактар бүчүр ачат, гүлдөр баш багат, жаратылыш ойгонот деп апрель аталышын ыйгарышкан. Ушул эле латын тилинде «apricus» сөзү “күн жылыткан” маанисине ээ. Бул ушул мезгилде күн жылып, кышы бою үшүгөндөргө жылуулук тартуулап, жан киргизет деп айдын апрель аталуусун түшүндүрө алат.

Майт

Жаздын эң жылуу айы түшүмдүүлүктүн кудайы Майдын атын алып жүрөт. Байыркы тарыхтан окусаңыз керек, Май – титан Атланттын кызы жана Герместин апасы. Жердин түшүмдүүлүгүн камсыздап, адамдарга түздөн-түз жардам берген кудайдын урматына ай май аталып калган.

Июнь

Июнь айынын аталышы римдик мифологияга алып келет. Юпитердин жубайы Юнона убагында сүйүүнүн, үй-бүлөнүн колдоочусу катары эсептелген. Байыркы римде июнь айында баш кошкондор бактылуу болот деп ишенишкен. Анткени бул айда Юнона өзү колдогондуктан, үй-бүлө бактылуу жашоодо жашап, көп балалуу болот дешкен.

Июль

Уламыш эмес, чыныгы тарых барактарында жазылган инсандын атын алып жүргөн ай – июль. Байыркы Рим башчысы Гай Юлий Цезарь июль айында төрөлгөндүктөн, ай июль аталып калган. Ага чейин ай Quintilis аталышын алып жүргөн. Латын тилинен “Quintilis – бешинчи ай” дегенди билдирет. Байыркы Римде жыл март айынан башталып саналгандыктан, июль бешинчи ай болчу.

Август

Буга чейин “алтынчы” аталган айга Рим императору Октавиан Августтун ысымы ыйгарылган. Император бул айды өзү тандап алган. Анткени дал ушул мезгилде көптөгөн жеңиштерге жетип, анын ичинде Египетти да багындырган эле. Бул айды өзү үчүн бактылуу мезгил деп эсептеген император “менин айым” деп август аталышын берген.

Сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь

Римдиктердин жыл марттан башталат эсеби менен жетинчи, сегизинчи, тогузунчу, онунчу айлардын аты өзгөртүлбөгөн боюнча калган. Мисалы, Латын тилинен “septem – жетинчи” деп которулуп, күздүн алгачкы айынын аталышы болуп калган. Ал эми “octo – сегиз” сөзү октябрга, “novem – тогуз” ноябрга, “decem – он” сөзү декабрь айына ыйгарылган. Байыркы Римде алгач жыл мезгили он айга эле бөлүнгөн. Январь менен февраль биздин эрага чейин 716-жылы гана кошулган.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1105, 9-15-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан