“Мэрилин Монронун ролун чакырык катары кабыл алдым” деген Ана де Армас

Бүгүн биз сөз кыла турган адам – Голливуддун дагы бир сулуу айымы Ана де Армас. Кубадан чыккан актриса акырындык менен күйөрмандарынын санын арбытып келе жатат. Сулуулук иконасы Мэрилин Монронун образы үчүн “Оскар” сыйлыгына да талапкер болду. Акыркы жылдары дүйнөнүн сулуу айымы, популярдуу актриса, таасирдүү актриса сыяктуу сурамжылоолордо Ана де Армастын ысымын сөзсүз табасыз. 

 Толук аты-жөнү: Ана Селия де Армас Касо

Туулган жери: Куба, Гавана

Туулган жылы: 1988-жыл, 30-апрель

Жылдыз белгиси:букачар

Бою:168 сантиметр

Кесиби: актриса

Тартылган белгилүү тасмалары: “Кудайдын кызы”, “Бычак мизинде чуркаган - 2049” (“Бегущий по лезвию - 2049”), “Бычак ал” (“Достать ножи”), “Блондинка”, “Терең суулар” жана башка

Интернети жок балалык

Азыркы балдарга интернети жок жашоо болчу десең ал күндөрдү элестете албайт болсо керек. Кубанын Санта-Крус-дель-Норте деген чакан шаарында жашашчу Ананын үй-бүлөсү. Кичинекей кезинде ата-энеси балдарына ишемби күнү сыналгыдан 20 мүнөт мультфильм көрүүгө, ал эми жекшембиде балдарга арналган бир оюн-зоок программасын көрүүгө гана уруксат беришчү. Андыктан болочоктогу актрисада Кубаныкынан сырткары шоу-дүйнө, кино дүйнө бар экени белгисиз эле. Өспүрүм куракта өз үйүндө DVD-плеер жок болгондуктан, курбусунукуна барып, Голливуд кинолорунун дүйнөсүн ачкан өзү үчүн.

Ата-энесин тажатып...

“11-12 жашта болсом керек, “актриса болгум келет, киного тартылгым келет” деп күндө какшана берип ата-энемди жинди кылып жибере жаздагам. Күзгүнүн алдында туруп кинодогу монолог, диалогдорду кайталап, репетиция кыла берчүмүн”,- деп күлүп эскерет Ана. Анан кыздын актёрлукка болгон кызыгуусун арттыруу же болбосо биротоло басуу үчүн Гавана шаарына көчүп келген үй-бүлө. 14 жашында Улуттук театралдык окуу жайына өтүп кетет. 4 жылдык окуу аралыгында 3 киного тартылып, аз да болсо тажрыйба топтой алган. Бирок диплому колго тиерге бир нече ай калганда окуусун таштап салган. Буга себеп, Кубанын мыйзамында окуу жайды бүтүп, диплом алган адам 3 жыл мамлекетке иштемейинче чет жерге чыга албайт деген чектөө бар эле. Ана болсо талантын Куба менен эле чектегиси келген эмес.

Ола, Испания!

Ана де Армаска алгачкы эшигин ачкан өлкө Испания болду. Мунун да жөнү бар. Кыздын таята-таенеси Кубага Испаниядан келген мигранттар. 18 жаштагы кыздын Испанияга барышына, кино тармагында тааныш табуусуна тай жагы көмөгүн көрсөткөн. Ана азыр кош жарандуулукка ээ: Кубанын, ошондой эле Испаниянын жараны.

Атактуулук

Орустардын мектеп окуучулары тууралуу популярдуу болгон “Жабык мектеп” сериалы эсиңиздеби, Павел Прилучный менен Агата Муцениеце башкы ролдогу? Дал ушул тематикадагы сериал Испанияда да популярдуу болгон. Ана Мадридге жаңыдан барып, бир жумадан кийин “Кара лагуна” сериалынын актёрдук курамына кошулат. Мектеп окуучуларынын жашоосун көрсөткөн сериалдын катышуучуларынын баары көп өтпөй популярдуулукка жеткен. Арасында Ана де Армас да бар. Сериалдын 6 сезонуна катышкандан кийин тажаган кыз башка долбоорлордон өзүн сынамакка кетип калган. 2009-жылы “Секс, кечелер жана калп” тасмасы ошол жылдагы испаниялык эң көп каражат топтогон кино болгон. Тасмада башкы ролдордун бирин аткарган Ана үчүн бул кезектеги жеңиш эле. Андан кийин да испан киносунда бир нече ийгиликтүү образдарды жаратты. Эми кызда Голливудду багындыруу максаты жаралган.

Режиссёрдун эмне деп айтканын түшүнбөй...

2014-жылы АКШга көчүп келген. Бат эле баарын багынтам деп келген актрисанын алдынан чоң тоскоолдук чыккан, тил деген. “Кастингдерге барганымда режиссёрлордун эмне деп айтканын түшүнбөй, куурчактай болуп күлүп, башымды ийкеп гана отуруп калдым. Мага тиешелүү каармандардын репликасын жаттап алам, бирок кошумча диалог же режиссёрдун сунушу болсо кайра түшүнбөй калам. Абдан чүнчүдүм...” Өзүн колго алган Ана 4 айлык тил курсунан окуп, бул убакыт аралыгында англисче суудай сүйлөп калган.

“Алтын глобус”, “Оскар”

Ана де Армастын Голливуддагы жетишкендиктери тууралуу сөз кылсак бир барак жетпей калса керек. Андыктан абройлуу кино сыйлыктарды алган бир-экөөнө токтололу. Режиссёр Райан Жонсондун “Бычак ал” детективиндеги ролу үчүн Ана "Алтын глобус" сыйлыгынын “Эң мыкты аялдын ролу” номинациясына көрсөтүлгөн.

2022-жылы Netflix “Блондинка” тасмасын тартуулады. Жазуучу Жойс Кэрол Оутстун романынын негизинде тартылган тасма биографиялык эмес, Мэрилин Монронун өмүрүн көркөм чечмелөө максатында чагылдырылган. Киного даярдык көп убакытты талап кылган. Армас бир жылдык убактысын эле Монронун сүйлөө манерасын өздөштүрүү, өзүнүн тилиндеги акцентти жоготуу аракети менен өткөргөн. Андан сырткары Мэрилин Монро тууралуу жазылган чыгармаларды, тасмаларды эки-үч ирет кайталап окуп, көрүп чыккан. “Алгач режиссёр мага сунуштаганда коркунуч пайда болду, аткара албайм деген. Аткара аларыма өзүм ишенгенден кийин башкаларды ишендириш керек эле. Анткени Голливуд иконасынын ролуна кубалык актриса тандалышына каршы чыккандар көп болчу. Бирок мага жашоонун чакырыктары жагат, Монронун ролун да чакырык катары кабыл алдым” дейт актриса. Тасма ар тараптуу пикирлерди жаратты. Сценарийи, режиссёрдун иши сынга кабылганы менен, оператордук иш жана Ана де Армастын актрисалык чеберчилиги бир ооздон жогору бааланган. Бул эмгеги үчүн Армас «Оскар», «Алтын глобус», «BAFTA» жана башка көптөгөн сыйлыктарга талапкер болду.

Таасирдүү айым

Популярдуулуктун кемчилиги катары актриса көпчүлүктүн көз алдындагы жашоосун айтат. Жөнөкөй жашоону сүйөт, океанды тынчтык, бакыт тартуулайт деп эсептейт. Жеке жашоосунда баары жакшы, убагында актёр Марк Клотетке турмушка чыгып, ажырашып кеткен. Андан кийин актрисанын сүйүү тузагында бир нече атактуу мырзалар болду. Арасында Женнифер Лопестин учурдагы жолдошу Бен Аффлек да бар. 2021-жылдан бери белгилүү Tinder таанышуу онлайн-сервисинин негиздөөчүсү Пол Букадакис менен кыз-жигит мамилесинде.

Асыл Орозбекова   

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1105, 9-15-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан