ХОККЕЙЧИЛЕРДЕН ҮМҮТ ЧОҢ

Кышкы Азия оюндары-2011

Кышкы оюндарга Азия чөлкө­мү­нүн 27 өлкөсүнөн келген 1100дөн ашуун спортчу катышууда. Оюндар 6-февралда жыйынтыкталат. Азырынча мекендештерибиз медалга жете элек. Ошентсе да Таиландды 15:4, Бириккен Араб Эмираттарын 14:0, Монголияны 13:3, Малайзияны 23:2 жана Бахрейнди 15:10 эсебинде таш талканын чыгарып жеңген хоккейчилерибизден үмүт чоң.
Азиадада ийгилик жараткан спортчуларга кандай сыйлыктар каралганы жарыяланды. Алтын медаль үчүн 10 миң доллар, күмүш медаль үчүн 7 миң доллар жана коло медаль үчүн 5 миң доллар сыйлык берилет.
Эске салсак, Казакстанга сапар алган делегация 77 адамдан туруп, 52си спортчулар болсо, калгандары расмий өкүлдөр, машыктыруучулар жана журналисттер.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
turapovar
2011-02-07 17:08:55
Азаматсынар,силер менен сыймыктаныш керек!
0
Bais
2011-02-08 10:34:22
Кыргыз спортуна эми жаз келипирээк атат окшойт!
0
Seidali
2011-02-10 01:30:15
эми кубок стенли биздики болот
0
SherhaN
2011-02-10 12:45:55
Патриот деп ушуларды айтса болот! Баракелде...
0
Muratbei
2011-02-11 02:17:30
Azamat ekensiner tuugandar,alga demekchimin
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан