(Башы өткөн сандарда)
– Ушунча айтып калдың, акчасы жок эле тартып бергенге аракет кылайын, жарабаса өчүртүп салгыдай болуш керек.
– Сүйлөштүк анда, телефон номериңди жазып алайын,- деди Асылай.
– Менде телефон жок. Кайсы күнү келишим керек экенин балдардан айттырып кой. Чакырган күнгө келип берем.
– Келиштик анда. Көрүшкөнүмө кубанычтамын,- деди Асылай.
– Жакшы бар, мен дагы,- деген Шамэл андан ары сапарын улады.
“Созулган Асылай тарсылдаган келин болуптур. Ошол кездеги Асылай болсо менин жаныма келип бир ооз сөз сүйлөбөйт эле. Классына сүрөт тарттырмак тургай, алыстан айланып качат эле. Убакыт, турмуш дегениңдин адамды өзгөрткөнүн карачы. Мен дагы макул деп койдум. Колумдан ошол иш келер бекен? Болору болду эми, аракет кылып көрөм да... Бир кезде ушул күндөрдү кыялданчу эмес белем...” Шамэл ушуларды ойлонот. Ал аңыча ооз учуна ырдын кайрыктары келе калды.
Жаралуу жүрөктү мас кылып,
Жанымда жүрсөң сен каткырып.
Кечеги кыялдар бүгүн жок,
Кеткенби бурганак сапырып?..- деп кыңылдап ырдай Алтынбек агасынын үйүнө жетип келди. Качан гана дарбазаны каккылап баштаганда ыры токтоду. Бүгүн таңда жакшы маанайды тандагандай эмнегедир маанайы жайдары. Дарбаза шарт ачылып, Алтынбек чыкты үйдөн.
– Оой, кир бери, мурдуңду дурайын ушинтип үйгө келип турсаң. Үйдө камалып жата бербей. Кийинки жаштар жаткандан зерикпес болдуңар.
– Келдим, келдим. Сиздин айтканыңыз мага закон го,- күлүп калды Шамэл.
– Бүгүн кабагыңа күн чыгып калган го...- бакылдай ээрчишип бакчадагы отургучка отура кетишти.
– Ыя, байке, сиз мектептегилерге менин чыгып келгеним тууралуу айттыңыз беле?
– Жок, эч кимге деле айткан эмесмин. Эмне болуп кетти,- таңдана сурады Алтынбек, башын бура Шамэлди карай.
– Мектеп жакты бир көрүп коёюн деп барып калгам. Асылай бар эле го, Камчыке атанын кызы...
– Ии, илгери сен үйүнө барып итине таланып калганбы,- деп мыскылдай күлүп калды.
– Ооба дал өзү. Бүгүн жолугуп калдык. Мектепте мугалим турбайбы, акчасын төлөйүн, сүрөт тартып бериңизчи дейт.
– Ии, мына башыңды көтөрсөң эле иш өзү табылат.
– Акчасын албай эле тартып берейин дедим.
– Эмнеге? Акчасын ал, өзүңдүн эмгегиңди өзүң баалабасаң, башка бирөө баалайт беле?
– Эми андай чоң дубалга сүрөт тартып көрө элекмин да. Окшошпой калсачы.
– Ой, сен биринчи, болбой калсачы деп ойлонбой тартып көрчү, болбой калса да көрөсүң. Жакшы болгон турбайбы, зеригип, эмне кыларыңды билбей, ойго чөмүлүп акылыңдан азбай ошол ишке алаксыйт экенсиң.
xxx
Аман оокат-кечесин алып келип Айзаданын үйүнө келди. Аларды киргизип коюп, унаасын ээсине өткөрүүгө жөнөдү.
– Айзада эже, мен буларды ушундай таштай турайын, кечинде жыйнаштырам. Азыр унааны өткөрүп келе коюён,- деди Аман кийимдерин салып келген сумкаларды колу менен көрсөтүп.
– Ой, тура берсин, ким келет эле. Ал мага тоскоолдук деле жаратпайт. Андан көрө иштериңди бүтүрүп, өз ишибизге киришкидей бол.
– Мен деле ошонун аракетин көрүп жатам, буюрса, сайтты тездетип ишке киргизебиз,- деп Аман сыртка чыгып кетти.
– Унаасын зуулдата айдап баратып, коштошорун эстеп ичи тызылдап кетти. Бат эле ижарага унаа берген компаниянын кеңсесине жетти.
– Ассалом алейкум, Айбек Сапарович, ден соолугуңуз жакшыбы?
– Жакшы, өзүң кандай Аманчик? Бүгүн ижара акысын эртелеп алып келдиңби?
– Мм, унааны өткөрөйүн деп келгем.
– Өткөрөйүн деп?- Айбек Сапарович чалкалап отурган жеринен түздөлдү.
– Ооба...
– Биздин келишим али бүтө элек да.
– Ушундай болуп калды... Таксиге чыга албай калып жатам.
– Кепилдикке коюлган акчаңды ала албайсың, билесиң да.
– Негизи берсеңиз жакшы болмок. Унаанын эч бир жери сүзүлгөн жок, бир да жери жасалууга муктаж эмес,- деди Аман Айбектин көзүнө тике карап.
– Негизи Аман сен менин эң мыкты ижарачым болчусуң. Акысын убагында которосуң. Эч качан айдап качып кетүүгө аракет кылган жоксуң. Казакстанга, Тажикстанга айдай качкандар канча болду. Баары башка түшкөн түйшүк. Ичип алып МАИ кызматкерине түшүп, айып токтотмосунда турган унаалар канча. 20 машинаны ижарага берет чирип кетти байыганынан деп айтышат. Кайдагы байыгандан чиримек, кайсы унаа кайда жүрөт деп күнүм да, түнүм да телефон карап өтөт. Жоопкерчиликтүү дей берип сага өзүмдүн көзүм тийип кетти окшойт. Мейли эми, акчаңдын 80 пайызын кайтарып берейин. Бир дагы жолу мени убара кылбаганың үчүн.
– Мейли, сиз ошондой чечсеңиз. Унааңызга рахмат, менин дагы керегиме жарап, жолдо калтырган жок.
– Эгер өзүңдөй жакшы жигиттер ижарага унаа алат элем деп калса мага жөнөт.
– Макул, кол алышып, столдун үстүнө коюлган акчаны алып чыгууга камынды.
– Баса, Аманчик, эмне иш кылганы жатасың?
– Окуюн деп жаткам.
– Окууну бүткөн эмес белең мурун?
– Бүткөм, азыр IT жаатында билим алайын дегем.
– Жакшы экен. Ийгилик каалайм.
– Рахмат,- деп узап кетти Аман.
Маршруттук каттамда бара жаткан Аман ар нерсени ойлонуп отурду.
“Эмне эле кылып жатам. Бул аялдан ажырагыс болдум го. Эмне иштерди гана жасаганга даярданып жатам. Бул аялга өзү эмне болуп жолугуп калдым. Эми карачы, үйүнө кантип көчүп келип калганымды билбей калдым. Өзү бул аялга менин эмнем керек. Мага го анын акчасы керек болгондур. Болору болду, артка жол жок. Бул аял, менин байып буттан турушума, балким, чындап эле себепкер болот...” деп ойлонгон бойдон маршруткадан түшүп Аман Айзаданын үйүнө жөнөдү.
Эшиктин коңгуроосун басты.
– Келдиңби, ме, үйдүн ачкычы, чыккан сайын коңгуроо басып жүрөт белең?- кирери менен колуна ачкыч карматты да, телефонуна үңүлгөн бойдон ашканага кирип кетти. Айзада бир иштер менен алек болуп жаткан өңдөнөт, телефондон баш көтөрбөй отурганына караганда.
– Аман алып келген кийим-кечегин жайгаштырып бүтүп, ноутбугун ачып ишине киришти. Интернеттен чет жактарда түзүлгөн сайттарды көрүп чыкты. Кыргызстандын аймагында ачылган сайт бар бекен деп ары-бери издеп таба албай койду. Бул ага ого бетер жакты. “Демек, биздики бул чөйрөгө баш баккандарды сөзсүз кызыктырат” деп ойлонду.
xxx
Айзаданын жанына шыйпаңдап сүйкөнүп келген мышыгы башы айлана сүйгөн Жакыповду эске салды. Кыз да Жакыпов да бири-бирин унутууга, кайрадан кезикпөөгө абдан аракет кылышты. Бирок экөөнүн эркинин күчү жүрөктөрүнүн, балким, денелеринин каалоосун токтотууга жетпеди. Кыз ойлоду Жакыпов көп кыздын катарында мени эстеп деле койбосо керек деп... Бирок Жакыпов бул күндөрү бир да кызга барбады. Басса-турса акылында Айзада... Мурун кыздарга жөн эле көңүл ачууга барып жатам деп ойлончу.
Кыз көп ойлонду. “Ушунчамда тизгинди тартайын. Анын үй-бүлөсү дагы бар. Андан мага эмне пайда...” Бирок бир күнү бар оюна каршы чыкты, “Жакыповго мен тийишпесем эле ал үй-бүлөсүнүн жанынан чыкпай отуруп калып жатса бир жөн. Ансыз да ар күнү ар башка кызга барып жүрбөйбү. Андан көрө мен да өз каалоомду орундатууга аракет кылайын...” деп оюн жыйынтыктаган кыз Жакыповду издеп иш жерине барууга белсенди.
– Аты ким экен?
– Айзада. Кире берсинби?
– Кирсин,- деген үндү катчы кыздын маңдайында турган Айзада да укту... Бетине кызыл жүгүрө түштү.
(Уландысы кийинки санда)