2002-жылкы Аксы окуясында жабыркагандарга берилчү жөлөк пул 800 сомго көбөйтүлдү. Маалыматты 12-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарыялады. Жөлөкпул ээлери буга чейин айына 3700 сомдон алып жүрүшсө, 2024-жылдын 5-февралынан тарта 4500 сомдон ала башташары айтылат маалыматта. Аталган жөлөкпулду алуучулар – Аксы окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана ошол каргашада жаракат алгандар.
Эскерте кетели, 2002-жылдын 17-мартында адилетсиз бийликке каршы жөө жүрүшкө чыккан элге Аксы районунда акаевдик бийлик ок атып, окуя болгон жерден 6 адам каза тапкан. Ондогон адамдар жаракат алышкан. Жаракат алгандардын айрымдары айыга албай, кийинчерээк каза болуп калышканы белгилүү. Эркиндик, демократия, Кыргыз жеринин бүтүндүгү деп жөө жүрүшкө чыгып бейкүнөө курман болгон аксылыктардын жакындарына жана жаракат алгандарга бакиевдик бийлик жөлөк пул дайындаган.