Замирбек Баялиев, манасчы: “Апам бизге көр дүнүйөнүн артынан кубалабоону үйрөттү”

Апа тууралуу сөз болгондо жан дүйнөң толкуйт. Апалардын мээримге толгон жүзү, кайраттуу мүнөзү, камкордугу көз алдыга тартылары анык. “Шаардан айылга баратканда эң алгач апам көз алдыма элестейт. Сөзсүз беш бармак жасап күтүп алат”,- дейт белгилүү манасчы Замирбек Баялиев. 

“Үч апам...”

– Энелер тууралуу сөз болгондо чоң энелерим эске түшөт. Бабамдын байбичеси Актаттым деген болгон экен. Бала кезимде ат откозуп талаага чыгып калсам, аксакалдар “Баялы тээтиги дөбөдө жайлап отурчу. Байбичеси Актаттым чырайлуу, мээримдүү, колунан баары келген, казаны кайнаган аш-тамагы жайнаган, өзү жаркылдаган жан эле. Бозо салчу, бозо, жармасын көп ичип калдык”,- деп эскеришчү. Мен дагы алардын кандай болгонун элестетип кыялданчумун. Баялы бабамдан Жолдошалы чоң атам. Чоң энемдин аты болсо Гүлүмкан. Мен аларды эски салтты карманып "ата, апа" деп айтчумун. Алардын мээримине бөлөнүп өстүм. “Таман акы, маңдай терден өнөрлүү адам өйдө турат” деп чоң ата-чоң энем көп айтты. Чоң атам Жолдошаалы мүнүшкөр, саяпкер, санжырачы, бир катар өнөрдүн ээси болгон. Ал эми чоң энем Гүлүмканды азыр дагы айылдагы адамдар жакшы сөз менен эскерип “чоң энеңиз ою терең, аш тамагы белен, пейили кенен, өңү да, сөзү да келишкен мыкты адам эле, ак көйнөгүн жайкалта кийип жүргөнүчү” деп суктанганын жашырбай айтып калышат. Чынында эле ажарлуу, терең ойлонгон, сабырдуу, намыстуу, мээримдүү, аялзаты болчу. Мектептен келе жатканда алардын үйүнүн жанынан өтчүбүз. Чоң энем сөзсүз үйгө киргизип тамак берип, анан үйүмө жөнөтчү. Небере, чөбүрөлөрдүн баары ошол үйдө бапырап базар болуп турганы эсимде.

“Ырыскылуу келин...”

– Өз атам Жайлообек 74, апам Бакбүбү 72 жашта. Учурда айылда, дөөлөттүү карылыкты башынан кечирип жатышат . Ушул учурда барган жерде ак батасын берип, сөз таптап сүйлөгөн адамдар. Дайыма эмгектин үстүндө жүргөнгө дене-бою чың, стресстен алыс, жашоолору иреттүү. Чоң ата, чоң энем “Бакбүбү келинибиз ырыскылуу болду. Ал үйгө келгени дасторконубуз нанга, өрүшүбүз малга толду, очор-бачар жакшы турмуш кечирдик” деп Кудайга, келинине ыраазы болушчу. Чоң атамдын 10 баласы бар, атам Жайлообек балдардын эң улуусу. Ары жак-бери жагы кошулуп 15-20 кишинин тамагын даярдап, идишин, кирин жууп, нанын бышырып, баарын кабагым-кашым дебей жаркылдап жасаптыр. Бул азыркы келиндер үчүн өрнөк болушу керек деп ойлойм. Кийин иштеп калганда да баарына жетишип жүрдү.

“Бензиндин баасы кымбаттады, арзандады деген менен ишим жок”

– Апам айыл өкмөттө биз кичине кезден тартып башкы эсепчи болуп 20 жыл иштеди. Мен 5-6-класста кезде болуш керек, кыргыз тилчи мугалим кат жазып, “апаңа алып барчы” деп мени жиберчү. Катка эмне жазылганын деле билбейм, болгону алып барып-алып келип берчүмүн. Ошол көрүнүш үчүнчү жолу кайталанганда апам каттын артына “мындан ары айлык качан тиет деп баламды мага жөнөтпөңүз, сабагын окутуңуз” деп жазып бериптир. Ошондон кийин жөнөтпөй калган. Өзү эсепчи болсо да бизге 1 сомду 2 сом кыл деп үйрөткөн жок. Көр дүнүйөнүн артынан түшкөндү, тыйындын артынан тоголонгонду эмес, таза эмгек менен адал тамактанганды үйрөттү. Ушул күнгө чейин ошол сабак менен жашайм, мисалы, бензиндин баасы көтөрүлдү, түшүп кетти деген эсептерди билбейм. Болгону бакка куйгандан кийин ушунчага жетет деп болжолдоп коём.

“2 чакырым бою улууларга жүгүнүп...”

– Апам 7 бир туугандын улуусу болгондуктан кичине кезинен кол-аякка жарап, таенеме жардам берип, сарайда уй саап чоңоюптур. Кийин Фрунзеде жогорку окуу жайды бүтүргөн. Турмушка чыйралган, жогорку билимдүү, мээримдүү, жароокер, баладай таза дүйнөсү бар, түз жүргөн, ниети, дили таза, Кудай деген асыл жан. Биз үчүн, биздин келечегибиз үчүн бардык күчүн, жаштыгын, тажрыйбасын жумшады. Иштеген жерине чейин 2 чакырымдай жөө басчу, жеткенче кары адамдарга, улууларга жүгүнүп барчу. Ошентип жүрүп өрнөктүү өмүр кечирди, элдин сыйына татыган кадырлуу адам.

“Иттен илгери, кишиден кийин көкүрөк күчүгүм...”

– 6 бир тууганмын, улуусу кыз, калгандары эркек. Улуу эжем турмушка чыккан соң үйдүн да, сырттын да жумуштарын жасап калдык. Апам жумушка кеткенде камыр жууруп, нан жаап, идиш жуучубуз. Бир курдай эсимде, идиш жууп жатсам классташ кызым келип калып аябай уялгам. “Мектепке барганда эч кимге айтпачы” деп сурангам. Ал кезде эркек киши аял кишинин жумушун жасаса өөн учурачу да.

Апам мени урушуп, катуу тилдегени такыр эсимде жок. Мээрим менен, бирок нарктуу жолду көрсөтүп тарбиялаптыр. Кичинемде эле курч сүйлөсөм керек, апам “өзү боктой, сөзү октой” деп күлүп калчу. Анан “иттен илгери, кишиден кийин көкүрөк күчүгүм” деп эркелетчү.

“Чыгармачылык жана апам...”

– Чыгармачылыктын жолуна түшүшүмө апамдын салымы чоң. Негизи Манаска байланыштуу түштөр 6-7 жашымдан башталды, кийин 15 жашымда да түш көрүп, 17 жашымда эл алдына манас айтып чыктым. Ушул жолду аздектеп, касиетин ыйык тутууга, түз, таза жүрүүгө апам үндөдү. Кудайдан берилген күч, ырыскы, дөөлөт экенин жакшы түшүндүрдү. Ошондон кийин апам өзү да “Кудайдан ырыскы келди” деп намаз окуп калды. Ал эми чыгармачылыктын башталышы табияттан болду го дейм, андан кийин эле өз тегимдин, тай жагымдын, айылдагы аксакалдардын таасири тийди. Анткени токойго барып кой жайып, торпок кайтарып, сууга түшүп жүргөн учурларда элден уккан манасты айтчумун. Бирок андай саптарды кийин китептерден жолуктурган жокмун. Ошол учурда элдин оозунда Манас деген көбүрөөк айтылчу. Өзүбүз Манас атанын күмбөзүнүн жанында жашадык, бирок аны 15 жашка чейин билген жокмун.

“Атам аркылуу апамдын орду билинчү...”

– Атам болсо абдан эмгекчил киши. Биздин колубуздан баары келет, ошонун баары атамдын тарбиясы. Атамдын огородуна азыр да элдин баары суктанат, өтө таза киши. Жаштайынан айылдын Мичурини аталган, анткени алманын данегинен көчөт өстүрчү, кыйыштырганды мыкты билчү. Бир жолу алма менен алмурутту кыйыштырды, же алма эмес, же алмурут эмес, даамы да башкача жемиш пайда болду. Ошондо “ар ким өзүнүн өзөгүнөн азыктанбаса ушинтип бузулат, мутант болот. Кыргыз да өзүнүн өзөгүн, тарыхын, тилин карманышы керек” деп айтканы абдан таасирленткен. Биз бала кезде атам үйгө кирип келгенде “энең барбы?” деп бир ооз сурачу, эгер апам жумуштан келе элек болсо үйгө кирбей, кайра сыртка чыгып кетчү. Ошондон эле эненин орду билинчү бизге. Ата-энемдин, чоң ата-чоң энемдин, таенемдин мээримине бөлөнүп өстүм, ошого болсо керек, ток пейил, көңүлүм тынч жүрөм. Азыр да ата-энем бизге аска-зоодой тирек болуп турат.

 

Асел Ишенбай кызы  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан