“Жоголгон 2 баласын 20 жыл бою күтүп жашады”. Ырчы, обончу Бакыт Капаровду жакындары эскеришет

Эсиңизде болуш керек, окурман. 2004-жылы Бишкекте 6 жана 8 жаштагы чырактай эки бала жоголуп, “көргөндөр болсо милицияга дароо кабар бергиле” деген кабар бүтүндөй Кыргызстанга тараган. Өкүнүчтүүсү, ошол балдар ошол бойдон табыла элек. Ал эми ал балдардын атасы, белгилүү обончу жана аткаруучу Бакыт Капаров 13-февралда каза болду. “Бакыттын жашоосундагы эң чоң сыноо – эки баласын жоготкону болду, балдарын 20 жыл бою күтүп жашады”,- деп эскеришет жакындары. 

Бакыт Капаровдун өмүр таржымалы

Обончу, аткаруучу Бакыт Капаров 1968-жылы 5-ноябрда Ноокат районунун Кеңеш айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң 1986-жылы Советтик армияда кызмат өтөгөн. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияны бүтүргөн. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүн аяктаган. “Жубайыма”, “Төк жамгыр”, “Аппак кар” жана башка 50дөй обондун автору. Эмгек жолунда Маданият үйүндө солист, Бишкек медициналык окуу жайында көркөм жетекчи, мектептерде музыка сабагынан мугалим болуп иштеген. Белгилүү обончу инсульт алып, ооруканага түшкөнү маалымдалган. Жакындарынын айтымында, ал комага түшкөн бойдон өзүнө келген жок. Ал 55 жашта болчу. Артында жубайы, 3 баласы калды. 

Жамалбек Ырсалиев, досу: “Балдарын табам деп алдамчыларга үйүн алдырып жибере жаздаган”

– Бакыт досум экөөбүз 2008-жылы таанышканбыз. Өмүрү өткүчө экөөбүз ээрчишип жүрдүк. Мен аны атынан айтпай “көк көз” деп койчумун. 5 күн мурун үйүнө барып аны бир сыйра урушкан элем. Фейсбукта 5000 досу болсо, ошонун баарына “Кутман таңың менен!”, “Кутман кечиң менен!” деп жазып чыгат экен. Өзүнүн кан басымы жогору эле да, убагында уктап, убагында туруп режим сакташы керек. “Элдин баарына жаза бербей, убагында уктап, убагында турбайсыңбы” дедим. “Ооба, ошентем, досум” деп калган. Бакыт 2004-жылы Иманбек жана Исманбек деген чырактай эки баласын жоготуп алган, үйүндө чүкө ойноп жүргөн бойдон эле табылбай калыптыр. Досум ошол маалда Астанага иштегени кеткен экен, Астанага жетпей эле “балдарың жоголду” деп кабарлашканда кайра артка кайтып келиптир. Бул арада келинчеги Фарида менен да “балдарды кароосуз калтырасың” деп уруш-талаш болуп, 3 жылдай ажырашып да жүрүптүр. Кийин кайра жарашып 2 уул, 1 кыздуу болушту. Бирок баягы жоголгон эки баласы табылган жок, досумдун ичинде чоң күйүтү, муңу бар эле. Эки баласынан тирүүлөй ажырап, көздөрү муңга толгон бойдон кете берди. Барбаган көзү ачыгы, молдосу калган жок, 20 жыл бою балдарын күтүп жашады десек да болот. 2004-жылы бардык гезит-журнал, телеканалдар балдарын издеп чыккан. Бакиев президент болуп турган тушта Бакыт досум бир генералга алданып калган. Ал генерал “балдарыңдын дайыны Алматы жактан чыгып жатат, 30 миң доллар берсең таап беребиз” дептир. Үмүтү үзүлбөгөн ишенчээк досум акчасы жок, үйүн өткөрүп берип салат. Кийин гана алдамчылардын тузагына түшкөнүн билет. Ызы-чуу болуп, иш сотко жетип, үйүн араң алып калган. Бул окуя ансыз да балдарын таппай карайлап турган досумду өлгөндүн үстүнө көмгөн кылган да. 

“Сен тирүү легендасың дечүмүн”

– Экөөбүздүн күлкүлүү окуяларыбыз көп. Бир жолу Кара-Балтага баратсак тили булдуруктап калды, унааны токтотуп дарыгерге көрсөтсөм  “кан басымы 200гө чыгып кетиптир, шаарга тез жеткириңиз” деп коркутту. Артка кайтайын десем көк көз досум “Кара-Балтага эле айдай бер, мен такай жогору кан басым менен жүрөм” деп кебелбейт. “Аа, анда бүгүн өлбөйт экенсиң” деп Кара-Балтага кетип калганбыз. Нарынга барсам да ээрчитип алам, “жүрчү досум, Долондон баягың кармаса каптоприлиңден берип коём” деп тамашалайм. Бир жолу мен аким болуп турганда иш бөлмөмө галстук тагынып, кычырап кирип келди. “Көк көз эмне болду, жумуш сурап келдиңби?” десем, Биринчи Май районунан депутаттыкка талапкерлигимди коём дейт. Өллө каткырдым. Анан экөөбүз документтерди чогулттук, дагы деле күлкүмдү тыя албай жүрөм. Тилекке каршы, досумдун жогорку билими жоктугуна байланыштуу талапкер катары катталбай калган. Бирок ошондон кийин искусство университетине тапшырып окуп жаткан.

Көк көз досумдун элге чыга элек чыгармалары абдан көп эле. Мен такай “ээ досум, сен тирүү легендасың, кыргызга жагышың үчүн өлүшүң керек, Рыспай, Асанкалыйдын деле тирүүсүндө ырлары азыркыдай бааланган эмес. Сенин да бир күнү эмгегиң бааланат” дейт элем. Досумдун жада калса “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белгиси жок болчу. Канча өчүп-жанган ырчы-чоорчуларга берилди болбосо андай сыйлыктар. Эркек катары махабатка, үй-бүлөсүнө туруктуу болду. Дайыма үй-бүлөм, жубайым деп камкордук көрүп жүрүп өттү. Жайдары, көк көз досумдан айрылганыма дагы деле ишенбей турам.

Бактыгүл Чотурова, акын: “Замандаштарынын баары анын жумшак мүнөз экенин билишет”

–  Бакыттын чыгармачылыгы өзүнчө, мен адамгерчилигине суктанат элем. Ушундай бир түз, чийип койгон сызык менен жүргөн өтө тарбиялуу адам болчу. Бир жаш улуу адам көрсө да алдынан кыя өтпөй, бир ооз сөзүн жерге таштабай турган мүнөзү бар эле. Замандаштарынын баары анын жумшак мүнөз экенин билишет. Башынан бир топ жамандык, жакшылыктар өттү. Ошонун баарын зыңкыйып көтөрүп, ичинен сызып жүрсө да билгизбей, сабырдуулук менен чыгармачылыгын кошо өстүрүп жатты. Чыгармачыл чөйрөдө өзүнүн орду бар болчу да бул баланын. Эрте кеткенине арман болду, арабызда жок экенине алиге дейре ишене албай турам. Үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Артында калган чырпыктары чынар болсун!

Жылдызбек Алыбаев, төкмө акын: “Ага экинчи аял болуп тием деген айымдан куткаргам”

– Бакы досум ичинде кири жок адам эле. Жоголгон алмончоктой балдарын табам деп өзүнө айыккыс оору жабыштырып алды. Көп обону бар, быйыл “ай, Бакы, толтура обонуң бар, кичине аракет кылып наам алсаң боло” десем, “макул, аракет кылайын” деп калган, анысына жетпей кетти. Токтобек Асаналиев, Жеңишбек Жумакадыр, Жамалбек Ырсалиев болуп чогуу көп жүрүп калдык. Баладай ишенчээк досум менен көп кызыктуу күндөр өттү. Бир жолу Бакы “бир аял кечке чалып, экинчи аял кылып алыңыз деп жанымды койбой жатат, куткарчы” деп суранып калды. Берчи телефонуңду деп, тиги аял чалганда мен жооп бердим. “Телефонду Бакытка берип коёсузбу?” деди эле, “алтыным, Бакы экинчи аял ала албайт. Буга жаман оору жабышкан, СПИД болуп ооруганына көп болду” десем үнү өчтү. Кийин Бакыдан сурасам “ошол бойдон чалган жок, досум” дейт. Ошентип досума жабышкан аялдан куткарып бергем.

 

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты обончу Бакыт Капаровдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. 

 

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан