Балдарды экранга тарткан “Миграция”

Саякатка чыккан өрдөктөрдүн кызыктуу окуяларын баяндайт “Миграция” мультфильми. Жаш балдарды эле эмес, чоңдорду да кызыктуу сюжети, сапаттуу анимациясы, компьютердик эффекттери менен өзүнө тарта алды. Балаңыздын тынчы кетип, тентек кылып жатса, аталган мультфильмди көрсөтүп көрүңүз, сөзсүз алаксыйт. А биз болсо бул долбоордун жаралуу тарыхына, камера сыртындагы кызыктарга орун берели.

 Тарткан өлкө: АКШ

Чыккан жылы: 2023-жыл, 22-декабрь

Режиссёру: Бенжамин Реннер, Гейло Хомси

Сценаристи: Майк Уайт, Бенжамин Реннер

Тарткан студия: Illumination

Узактыгы: 1 саат 22 мүнөт

Бюджети: 72 миллион доллар

Топтогон каражаты:

207 миллион доллар

Illumination’дун” ийгилиги

Кино, анимация дүйнөсүндөгү атаандаштык сапаттуу долбоорлордун жаралышына түрткү берет деген чындык. Анимацияга келсек, жылына канчалаган мультфильмдер жарык көрөт. Бирок чоңдорго караганда жаш балдардын тандоо элегинен өтүү катаал көзөмөлдү талап кылат десек болот. Балдар чоңдорго окшоп тасманын режиссёруна, тарткан өлкө, студия же башкасына карап отурбайт. Аларга бир нече мүнөт эле жетиштүү, мультфильм кызыгуу жаратса отуруп көрөт же бурулуп андан ары ойноп кетет. Өткөн жылы буга чейин мыкты долбоорлору менен атактуу болгон “Disney” компаниясы да бир нече мультфильм чыгарды. Бирок көрөрман топтой алган жок. Ал эми биз сөз кылып жаткан “Миграция” буга чейин “Миньондор” мультфильмин тарткан “Illumination Entertainment” студиясынын эмгеги болуп саналат. Өрдөктөрдүн кызыктуу жоруктары баяндалган мультфильм 2023-жылдын аягында жарык көрсө да жылдын мыктыларынын катарына кирди.

 Саякаттагысы келген өрдөктөр...

Көпчүлүк үй-бүлөдө бир отурукташкан жеринен жылгысы келбеген, “башка өлкөгө эмне бар, саякатка чыкпайм” деген сөзсүз бир адам болот. Мультфильмде өрдөктөрдүн үй-бүлө башчысы Мак дал ошондой ойдо. Мак аялы Пэм, баласы Дакс жана кызы Гвен менен Жаңы Англиядагы көлмөдө жашашат. Атасы балдарына дүйнөдө толгон токой коркунуч бар экенин айтып, үй-бүлөсүн коопсуздукта кармагысы келет. Бир күнү башка келгин өрдөктөр көлмөгө келип, кайра жылуу жакка учуп кетишет. Аларга таасирленген Пэмдин да дүйнө аралап учуп, Ямайкага саякатка чыккысы келе баштайт, аны балдары да колдойт. Эптеп атасын көндүрүп, жолго чыккан өрдөктөрдү кызыктуу жоруктар күтүп алат...

Мааниси

Мультфильмди көргөндөн кийин кандай жыйынтыкка келсе болот? Биринчиден, “Миграция” – бул өзүңдүн коркуу сезимиңди жеңүү, дүйнөгө жана анын мүмкүнчүлүктөрүнө өзүңдү ачуу, комфорт зонасынан чыгуу тууралуу тасма. Мак өзү дүйнөдөгү белгисиздиктен корккону үчүн жанындагыларга да ошол коркунучун таратканга аракет кыла берет. Бул коркунучка каршы турганда гана жан дүйнөсүндө эркиндикке жетет. Экинчиден, ата-эне менен балдардын, тагыраагы, эки муундун келишпестиги. Ата-эне балдардын өз ою, каалоосу болот деген нерсени четке кагат. Алар кичинекей, демек, баарын билбейт, алардын ордуна ата-эне чечим кабыл алыш керек деп балдарынын оюн угушпайт. Өз кезегинде балдары ата-эненин дайыма көзөмөлүндө болууга, алардын ою менен эсептешпегенине нааразы. Конструктивдүү диалог, бири-бирин сыйлоо, колдоо гана туура чечим болору көрсөтүлөт.

Жөнөкөйлүк жеңди

Мультфильмдин эки чылбыр, бир тизгинин буга чейин анимацияда аты чыга элек эки режиссёр: Бенжамин Реннер жана Гейло Хомси алган. Студия бюджетке 100 миллион доллар бөлгөн, бул долбоордо заманбап технологиялык графика, эффект дегендер болбойт, болсо да аз дегендин белгиси эле. Графика, эффекттердин жөнөкөйлүгүн мультфильмден деле байкасаңыз болот. 100 миллиондун 72син гана коротуп, кайра кассадан 200 миллиондон ашык каражат топтогон эмгек жөнөкөйлүгү, мыкты юмору, түркүн түстүүлүгү, юмор, кызыктуу сюжети, кызыктуу каармандары, сүрөтчүлөрдүн эмгеги менен ийгиликке жетти.

Үн коштоо

Мультфильмде каармандардын мүнөзүн жеткиликтүү ачып берүүдө үн коштоо маанилүү орундуу ээлейт. “Миграция” мультфильминде үй-бүлө башчысы Мактын үнүн пакистан-америкалык актёр, “Оскардын” ээси Кумэйл Нанджиани коштоду. Пэмдин үнү белгилүү америкалык актриса, сценарист, кинорежиссёр Элизабет Бэнкске таандык. Ал эми Дакстын ролунда буга чейин “Миньондор”, “Зверопой” жана башка мультфильмдерде үн коштоп келген жаш актёр Каспар Женнингс болду. Үй-бүлөнүн эрке кызы Гвендин үнүн бул тармакта жаңыдан өзүн сынап жаткан Треси Газаль аттуу сулуу колго алган.

Өрдөк оюнчуктар

Өткөн жылдын декабрь айында “Миграция” мультфильми прокатка чыгып, аз күндөн кийин ийгиликтүү болору билингенден кийин долбоордун жаратуучуларына дагы бир идея келген. Көп өтпөй “Миграцияда” бар 15 каармандын жумшак оюнчуктарын чыгарышкан. Алгачкы оюнчуктар ар кайсы мамлекетте жайгашкан “McDonalds” тамактануучу жайларында пайда болгон. Азыр дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн сатуучу жайларынын текчелеринде жайгашкан. Оюнчук дүкөнүнөн Мак, Пэм же Дакс менен Гвенди көрүп калсаңыз, балдарыңызга сюрприз кылып ала барыңыз. Эгер бул мультфильмди көрө элек болсоңуз, көрүүгө сунуштай турган үй-бүлөлүк тасма демекчибиз.

 

Асыл Орозбекова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан