(Башы өткөн сандарда)
Айзада Жакыповдун бөлмөсүнө кирип баратып ички бөлмөдөн “мени сурагандарды күттүрбө, 2 сааттан кийин келишсин. Эшикти сагалап турушпасын” деген тааныш үндү укту.
Эшик ачылып Жакыпов отурган бөлмөгө Айзада кирип келди. Жанатан баатыр болуп эшик алдына чейин келип, ушул бөлмөгө кирип келген кыз эми созолонуп унчукпай кире бериште туруп калды.
Анын эшик алдына чейин келгенине таңданып турган Жакыпов алдындагы кагазга үңүлүп отурган абалында аны тосуп алды. Эмне кылат экен деп кызды сынагандай унчукпай баш көтөрүп карап калды.
Кыздын унчукпай туруп калганын көргөн Жакыпов ордунан туруп жанына барды.
– Кел, пери кызы,- деп кулагына жакын айтып каалганы көздөй басты. Чыгып кетип баратабы деген ойдо кыз башын буруп аны карап калды. Бирок чыккан жок, эшикти бекитип, кайрадан кызды көздөй басты.
– Мени бул жерге чейин издеп келүүгө эмне себеп болду экен, сулуу?- мыйыгынан жылмая кызга үңүлдү.
– Күтүүгө чыдамым жок экен.
– Күтпөшүң керек эле,- деди ооз учунан Жакыпов. Чынында ал да кызга барууну ойлоп жүргөн. Бирок өзүнөн озунуп кыздын ага келип каларын күткөн эмес.
– Кантип, сен менин оюмда ар бир кан тамырымда 24 саат бою айланып жатпайсыңбы. Анан да сен башка кыздар менен көңүл ачып жүрө бергендей, мен башка жигит менен көңүл ачмак түгүл жаныма жолоткум келбей жатпайбы. Менин көзүм сенден башка эч кимди көрбөй жатат.
Кыздын бул сөздөрүн угуп Жакыпов жөн тура албады. Кызга жетип келип, кучактап калды.
– Сен антип ойлобо!
– Кантип?- деди кыз Жакыповдун көкүрөгүнө башы чулганган бойдон.
– Сен жашоомо киргени менин көңүлүмдү сенден башка бир дагы кыз көтөрө албайт, көтөрбөйт дагы.
– Аялыңчы?
– Эми ал башка тема, аны кыздар менен салыштырып отура албайм. Ал менин жападан жалгыз кызымдын апасы.
– Эгер сенин жашооңдогу көңүлүңдү көтөрө турган адам мен болуп жатсам, эмнеге сен мени издеп келген жоксуң?
– Барат элем, керек болсо сени эч жакка кетирбей кармап калат элем, бирок...
– Эмне бирок?- кыз кишинин колдорун эки жакка силкип кучагынан бошонду.
– Мен аттап өтө албаган жагдайлар болуп жатпайбы. Ыраматылык Баатыр Курманкуловдун арбагын сыйлаш керек деген ойлордон аттап өтө албай жатам.
Кыз унчукпай отуруп калды.
– Мен сага жолукпашым керек эле,- деди кыз көз жашын сызылтып.
– Мен дагы сага,- киши кызга жакындап көз жашын сүрттү.
– Ыйлаба, мен сенин көз жашыңа татыбайм. Эрте билгенимде жаныңа жакын жолобойт элем. Колдоруңду кармабайт элем, эриниңден сүйбөйт элем, керек болсо чачыңдын учуна колумду тийгизбейт элем. Сен бул дүйнөнү мени менен эмес, өзүңө татыктуу бирөө менен, сени дайым колуна ала алган бирөө менен көрүшүң керек эле.
– Ошондой болсо кана? Кайдагы өч алууну баштадым эле. Оюндун отуна өзүм күйүп жатам.
– Оюндун отуна мен деле чарпылдым, башка кызардай сени унута билсем кана?
– Сен мени унута албайсың, мен да сени. Кел, анда биз бири-бирибизди унутабыз деп өзүбүздү кыйнабайбыз. Таттуу болсо таттуусун, ачуу болсо ачуусун татып ушул сезимдерди жашап көрөбүз.
Кыз бул учурда өткөндү да, анын үй-бүлөсү бар экенин да ойлоп отургусу келген жок. Кандай болбосун эркин башкара алган өзүнө ишенген кыз Жакыповдун жанында алсыз болуп чыга келди. Кыз өзү аңдабаганы менен, Жакыповдо атасына таандык сапаттар бар эле, керек болсо чачын сылаганы да, колдору атасына, башын жөлөсө көкүрөгү дал атасына окшош болчу. Атасына өтө жакын болуп чоңойгон Айзаданын атасына болгон сагынычы күч эле. Бул сагыныч аны Жакыповго жипсиз байлады.
– Айзада, бирок мени менен сенин келечегиң болбойт, сен ошону түшүнүп жатасыңбы? Сен ошол нерсени ойлонуп анан мени тандап жатасыңбы? Үй-бүлө курушуң керек.
– Сен аларды ойлонбо, мен тандоомду жасадым,- деди Айзада так кесе.
– Сен айткандай болсун,- деди Жакыпов. Бирок бул суроолорду кыздан суроо менен өзүн актап жаткандагысы эле.
xxx
– Отурсам эле өткөн күндөр көз алдымда, ойго чөмүлөм. Эх, Жакыпов сени ушул күндөрү да унута албай жүрөм. Жамандыр, жакшыдыр сени менен канча жылым өттү. Сенден кийинки жылдар, айтор, өмүр учкун сымал учуп жоголду. Эми ага өкүнүп эмне кылам? А сен билесиңби, сен азыр да жаш кыздар менен жүрөм деп мактана турган болсоң, менин деле жаш жигитим бар,- деп Жакыпов угуп жаткандай сүйлөп алып ордунан турган Айзада Аман отурган бөлмөнү көздөй жөнөдү.
– Аман, иштер кандай анан?
– Мына биздин сайттын түзүмү мындай болот. Бул аялдардын бөлүмү, минтип жаш категорияларга бөлүнөт. Анан эң кымбаты, арзаны деп бөлүп коёбуз. Ар ким өзүнө ылайыктуу бөлүмдөн кыздарды тандайт. Бул жак эркектердин бөлүмү болот. Бул жагы дагы ошондой эле категорияларга бөлүнөт. “Парень на час” дечү беле? Эми издегенин ушул жактан табышат,- деди Аман.
– Ай-ий, Аман, “ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар” деген ушул тура. Сен укмуш кылып жатыптырсың го бул жагын,- Айзада таң калганын жашырган жок.
– Өзүм деле мындай иш жасай аларымды, жөндөмүмдү билген эмесмин. Изденип отуруп эле ушундай болуп кетти.
– Өзү биз адам баласы эмнеге жөндөмдүү экенибизди билбей эле, көнгөн бир ишти жасап отруп өмүрдөн өтүп кетет окшойбуз. Ишиңди кайра келип улант, жүрү, тамактанып келели, бир жерге барып. Бүгүн тамак жасаганга көңүлүм чаппай жатат. Сен машинага бара бер, унаа токтотуучу жайга түшкөндө эле маңдайыңда турат ак Range Rover, от алдыра бер, мен кийимимди алмаштырып түшөм,- деген Айзада ачкычты Аманга ыргытты.
xxx
Дайыр менен Алтынай ээрчише үйгө кирип келди.
– Келгиле,- деп дасторконго чакырды Алтынайдын апасы жактырбаганын билгизбей.
– Силер чай иче бергиле,- деп Дайыр менен Аланды таштап Алтынай бөлмөсүнө керек-жарагын ырастаганы кетти. Анын артынан апасы кирип барды.
– Алтынай, мага түшүндүрчү, эмне болуп жатат? Сен биротоло кетип жашайм деп чечтиңби? Эриң эртең ичип, досторуна кетип, сага тынчтык бербей баштаса чемоданыңды сүйрөп кайра келесиңби?
– Ой, апа, мен биротоло кетип жатканым жок. Алан сагынычын таратсын деп эле жүрөм. Анан да Стамбулга баруу бул Аландын каалоосу.
– Аландын каалоосу деп жатып эртең боюмда бар эле деп келип калба. Алан эми чоңоюп калганда.
– Апа, эмне деп эле жатасыз?- көзүнөн жашы куюлуп, колундагы кийимдерди жерге ыргытып отуруп калды Алтынай.
– Кызым, ыйлаба эми. Мен деле сени кыйналбасын деп жатам. Дайыр жаман бала эмес, болгону жаны терс жолдорго басып кетип жатпайбы. Балким, бардык сыноо артта калгандыр, балам. Болду ыйлаба,- эне кызынын ыйлаганына түтпөй кетти.
– Андан көрө Стамбулга жакшы маанайда барып кел, мен деле сени дагы өкүнүп калбасын, эскертип коёюн деп жатпаймбы. Уулуң менен үйдө ары эмес же бери эмес болуп жүргөнүң менин деле жүрөгүмдү өйүтүп жүрөт, кызым. Дайыр эле сенин кадырыңа жетер адам болуп калса сени деле жайыңа коёт элем...
– Апа, сарсанаа болбоңуз, мен Алтынайды өмүр бою сыйлап өтөм, сөз берем, ансыз да жылдар бекерге өттү,- деп Дайыр кирип келди...
(Уландысы кийинки санда)