Чуулгандуу Кызыл-Омпол уран кени иштетилет

Кызыл-Омпол уран кенин Кыргызстан өз күчү менен иштетет. Президент Садыр Жапаров 19-февралда Тоң жана Кочкор райондорунун жашоочулары менен жолугушууда ушундай деп билдирди. Жапаров кенди иштетүүгө эч кандай чет элдик инвестор тартылбай турганын баса белгиледи. Аталган кен иштетилип баштаса миңден ашык иш оруну түзүлүп, экинчи “Кумтөргө” айланат дейт мамлекет жетекчиси.

Кызыл-Омполду иштетүү демилгеси 2019-жылы да көтөрүлүп, бирок буга жергиликтүү эл, жарандык коом катуу каршылык билдиришкенден кийин бийлик аракетин токтоткон. Президент Жапаров элдин ошол убакта каршы чыкканы туура болгон деп эсептейт. Анткени ал убакта аталган кен жеке компанияга берилип кетмек деген ойдо.

– Ал компания кирешенин 100 пайызына ээ болмок. Бирок анын лицензиясын жокко чыгарышты, эми кенди “Кумтөр” сыяктуу өзүбүз иштетебиз,- деди Жапаров.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кызыл-Омполдо 300 миллиард долларлык кен байлык бар экенин айткан.

– Кызыл-Омполдо уран аз эле экен. Ал жерде 20 миллион тонна титаномагнетит, цирконий жана башка сейрек кездешкен металдар бар. Аны казууда экологияга зыяны тие турган бир дагы технологияны киргизбейбиз. Сауд Арабиясы мунай менен газдан пайда көрүп жатса, биз да ушул кендерибизден пайда табышыбыз керек,- деген болчу Акылбек Жапаров.

Кызыл-Омпол уран кени Ысык-Көлдүн Тоң, Нарындын Кочкор райондоруна караштуу аймакта жайгашкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан