Ура-а! Ура-а! Көлгө!
Көптөн күткөн июль айы да келип, биздин редакциябыздын жамааты чогулуп алып Ысыккөлгө жөнөдүк. Кадимки эле эл-журт сыңары эс алып, касиеттүү көлдүн көгүлтүр толкундарынан жаңы күч, дем, энергия топтоп келмекчи болуп... “Көнгөн адат калаарбы, уйга жүгөн тагаарбы?!” деген сыңары, эс алып жүрүп да кесиптик адатыбызды таштабай, көргөн-билгендерибизди сүрөткө тартып, жаза келдик.
ЖОЛ АЗАБЫ, КӨР АЗАБЫ
Бул кепти кимдер айтып калтырышса да жаңылышкан эмес. Унааң жакшы болсо да, көз ирмем арасында Ысыккөлдү көздөй кеткен кан жолдо тартип сактабай, жол талаша жарышкандардын курмандыгы болуп кетишиң мүмкүн. Ысыктан алапайын таппагандар көк ирим көлдү көздөй шашышат. Алардын арасында жолдо жөн кетпей “шайтан суудан” сеп этип алып, аңды-дөңдү карабай адыраңдай айдап баратып башка унааларды, жолдон өтмөкчү болгон бала-чаканы коюп кеткендер, бири-бирине жол бербей талашып баратып аңтарылгандар көп. Бул өңдүүлөргө сабак болсун дешкенби, айтор, МАИ кызматкерлери Чолпонатага кире беришке жол кырсыгынан былчыйып калган эки машинаны монумент сыңары коюп, шоопурларга эскертүү жазып коюшуптур. Анысы го макул, жакшы эскертүү болуптур. Бирок, Бишкектен Бостериге жеткиче бир да МАИ кызматкерин көрө албаганыбыз таңкалыштуу болду. Бизди алып бараткан айдоочу: “Жолдогу кырсыктардын көпчүлүгү ылдамдыкты ашыкча жогорулатып жибергенден болот. 20 сомдон өздөрүнүн “салыктарын” алып турушса деле макул. МАИ кызматкерлери жолдорду күзөтүп турушса, ошолордон тартынып айдоочулар ылдамдыкты күчөтпөй, жол кырсыктары азаймак”,- деп сүйлөнүп баратты.
Боомдон чыга бериште “Караван сарай” кафесине кирип, түштөнүп алмакчы болгонбуз, тилекке каршы, сандень деп кафени жаап салышыптыр. “Элдин баары дем алыш күндөрүнө ылайыктап көлдү көздөй баратышканда сандень жарыялагандарын түшүнбөй калдык. Мындай күндөрдө кан жолдогу кафелерге кардарлар көп болот эмеспи. Жууп-тазалаганга жуманын биринчи, экинчи күндөрү деле жетишишет эле го...”- деп таңкала башка кафелерге барсак, алар да жабык. Мындай көрүнүштү “Ализа” аттуу кафени “печаттап” жаап жаткан Тоң районунун санэпидемстанция кызматкери Телтаева Сайкал эже: “ШОСко карата Ысыккөлгө кетчү жолдогу тамактануучу жайларды текшерип, тазалатып жатабыз”,- деп түшүндүрдү. Чын эле ошондойбу же кардары көп жолдогу кафелер кимдир-бирөөлөрдүн бизнесине тоскоол болуп жатканынан улам жаптырыштыбы, тактап биле алган жокпуз.
Айдоочу айткандай эле, Чолпонатага кире бериште бир кагышканда 5 машина кагышкан экен. Эркек-аял дебей чогулуп, ызы-чуу түшүп жатышыптыр. Аңгыча Эр Табылдынын күмбөзүнө жете келдик. Бул күмбөздү кыргыз элинин баатырына арнап Рыспек менен Тынычбек Акматбаевдер тургузушкан эле. Жыл айланбай ал экөө да каза таап, кайгы тарткан эл аларга арнап күмбөзгө катар эстелик тургузушкан. Мына ошол эстеликтерге биз да токтоп, ызаат кылып алып жолубузду уладык.
ЫСЫККӨЛ КЭЭДЕ ТЫНЧ ДА, КЭЭДЕ ТОЛКУН...
Айтылуу Алыкул акын ушинтип жазбады беле. Анын сыңарындай, толкуп-ташыган кереметтүү Ысыккөлгө кошо ушул тапта жашоо да кайнап турган чагы экен. Орун алып, жайгашып алаарыбыз менен пляжды көздөй жөнөдүк. Былтыркы сезон абдан кирешелүү болгонунан уламбы, быйыл ашкана, бар, кафелердин көптүгү ушунчалык, кадам сайын аларга чалынчудайсың. Айрыкча пансионаттарга кире бериш жерлердеги жолдордун эки тарабына кыркалекей тизилишип, бири уйгур ашканасы десе, бири өзбек ашканасы, дагы бири дунган ашканасы деп, өзүнчө эле аллея болуп кетиптир. Тилекке каршы, аларга кирип-чыгып жаткан көп деле кардарларды көрө алган жокпуз. Мына, эми жыл бою көздөн учкан көк жээк болгон касиеттүү көлдүн кучагына бой урдук. Байкаганыбыз, ЖКнын депутаттары жайкы каникулга тараар алдында ызы-чуу түшүп жатып кабыл алган мыйзам али күчүнө кирбептир. Кыргызстандын “берметинин” булганып баратканынан улам тынчсызданган эл өкүлдөрү көлдө катер, моторлуу кайык, скутер өңдүүлөр менен көңүл ачууга тыюу салган мыйзам кабыл алышкан эле. Бул мыйзам кагаз жүзүндө эле кала берээрин же келээрки жылдан тартып күчүнө кирээрин биле албадык.
“БАЛЫК АЛЫҢЫЗДАР, БАЛЫК...”
Эс алуучулар үчүн көл жээги ажайып жай болсо, ушул мезгилден пайдаланып жылдык кирешесин чыгарып алгысы келген калк үчүн пляждар өзүнчө чоң кирешенин булагы болуп саналат. Кумдун үстүндө быкбырдай кайнаган эс алуучулар табият тартуулаган жагымдуу шарттын жыргалын татып жатышса, көр-тирилик менен алышкан калктын дагы бир бөлүгү ушул шарттан пайдаланып тыйын-тыпыр таап алуунун камында. Мындай чакта көл жээгинде ышталган балыктын күнү тууйт эмеспи. Кадам сайын бура бастырбаган сатуучулар беш-бештен шишке сайылган балыктарын мактай, алар менен кошо жарышкан дагы бирөөлөрү жаңы бышырылган жүгөрүсүн, пирожки, нан, таттуу токочун, семичке, пивосун мактай жаныңда айланчыкташат. Бир- экөөнөн быйылкы сезон тууралуу сурай кетсек, кабак бүркөй: “Былтыркыдан начар”,- деп үшкүрүнүшөт. Айрымдары: “Август айынан кийин гана сезон кандай болгонун айта алабыз”,- деп илгери үмүт кылышууда. Эс алуунун экинчи күнүндө кумда жатсак, “епошка алгыла, епошка” деген үн угулуп калды. “Бул кандай, кичинекей кыз чоңдорду туурап ойноп жатабы?” десем, жок, 4-5 жашар кыдыйган кичинекей кыз чын эле баштыкка салып алып нан сатып жүрүптүр. Күнгө күйүп, карарып чыккан ичке шыйрактары ысык кумда араң эле кыбырайт чалынып-чулунуп. Жаныбызга чакырсак, “епошка алыңыздар, свежий” дейт. Анын тыпылдаганына кызыгып сурай кеттим:
– Сени нан сатканга ким жөнөттү? Үйдө чоңдор жокпу, коркпойсуңбу?
Сурообузга жооп бергиси келбей оозун чормойто башын жерге салып, унчукпай туруп алды. Сүрөткө тартып алалы десек: “Апам “сүрөткө бейтааныш эже, байкелер менен түшпөгүн, сүйлөшпөгүн” деген!”- деп ынабай койсо болобу! Мына, сага! Бүгүнкү күндүн балдары минтип кенедейинен базар түгүл кандай шартта сүрөткө түшүп, кандай шартта түшпөө керектигин да жатка билишет тура. “Кичинекей кыздын укугун бузбайлы” деп айтканына көнүп, сүрөткө тарткан жокпуз.
Ал-аңгыча күтүрөтө аттарын жарыштырган тестиер балдар келишти. Жөн отурбай аларды да кепке тарттык. Өзүн Нурсултан деп тааныштырган балакай:
– “Ат чабам” деген кардарларга 2 минутасына 80 сом, “жөн эле минип алып бастырам” дегендерге 5 минутасына 50 сом,- деп өздөрүнүн тарифтери менен тааныштырды.
– Күнүнө канча табасыңар?
– Орто эсеп менен айтсам, 500 сомго жакын иштейбиз. Биздин иш жакшы, чистый прибыль. Башкаларга окшоп акчабызды кетирип балык, шуру өңдүү товар сатып албайбыз. Аттарды убагында алып барып сугарып, жем-чөптөн өксүтпөй баксаң болду. Чөп деген талаада эле жатат да.
– Тапкан акчаңды эмне кыласың?
– Апам «мектепке эки сыйра кийим кыласың» деп убада берген. Кийимден тышкары тапкан акчама стол теннисин аламын. Калганын апама беремин.
Оозунан сүтү кете элек Нурсултандын тиричилик тууралуу минтип олуттуу сүйлөп турганын көрүп зээним кейиди. Бул курагында бала деген оюндан колу бошобой, так секирип жүрөөр убагы эмеспи. “Мейли, азыртадан жашоонун ачуу-таттуусун байкап калган бала кийин тың болот” деп кайра өзүмдү-өзүм жооткоттум.
КӨҢҮЛ АЧУУНУН ЧОРДОНУ
Пляжды аралай басып жүрүп эми күндүзгү көңүл ачуунун чордону болгон аттракциондорго келдик. Бала-чака чоңдору аралаш кымгуут түшкөн мындай жайларды карап туруп көңүлүң көтөрүлөт. Тимеле жашоонун жыргалынын жеткен чеги ушул сыңары үндүн болушунча бакырып, каткырып, арасында аттракциондун “адреналинин” көтөрө албай коркуп ыйлаганы да бар. Ар бир оюнга 50 сомдон төлөй калып, биз да кезек күткөндөрдүн катарына кошулдук. Мындай көрүнүштөр маанайды көтөргөнү менен пляжда додо болуп үйүлгөн акыр-чикирлер, кадам сайын бутка чалынган бөтөлкө, стакан, балыктын сөөктөрү көңүлдү иренжитпей койбойт. Көлдүн жээгиндеги көңүл ачуулардын популярдуулары болуп теплоходдо сейил курмай, парашют менен абага көтөрүлүп, аркыраган шамал менен жарыша көңүл ачмай эсептелинет. Парашютка чыккысы келгендер бир учууга 800 сом төлөшсө, теплоходдо көл үстүнө сейил куруу үчүн 40 минутасына 150 сом төлөшөт. Пансионаттардын калың бактарынын арасында күндүз теннис өңдүү оюндар кызуусуна кирсе, каш караргандан тартып дискотека, кафелердин күнү тууп, чыныгы түнкү жашоо башталат. Көл жээгиндеги кафелерден тамактануу капчыктан канча акчаны кагып алаарын айтпасак да белгилүү чыгаар. Айтор, көл жээгинде бардык нерсе жай турмуштагы баасынан 5-6 эсе ашып кетээри анык.
Сезондо акча табуунун дагы бир негизги түрү – эс алууга келгендерди убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу. Пансионаттар жыш жайгашкан Ысыккөлдүн түндүк тарабынын тургундары эс алууга келгендерге үйлөрүн бошотуп, көпчүлүгү атайын сезон үчүн салынган коттедждерин батирге суткасына 100 сомдон 250 сомго чейин берип, жакшы пайда табышат. Мындай үйлөр суткасына 500-600 сомдон тартып 30 миң сомго чейин жеткен пансионаттарга капчыгы туура келбегендерге абдан ыңгайлуу эмеспи. Албетте, коттедждердин акысы (үстүнө 150 сомдон кошсо тамагын кошо жасап беришет) “бархатный” сезондо кымбаттай түшөт.
Күндүз сууга түшүп, кечкисин кафелерде суй жыгылгыча бийлеп жүрүп, эс алуу мөөнөтү кандайча аягына келгенин да байкабай калдык. Күндүн табынан улам ачышкан денелерди абайлай термелип келе жаткан тынчтыгыбызды Балыкчыдан чыга бериштеги автобекеттин ызы-чуусу бузду. Көлгө эс алганы келе жаткан адам бул жерге көп деле токтобой баса берет. Ал эми биз сыңары кайтып бараткандар ышталган балыгы, өрүгү, алчасы, алмасы толтура бул бекетке кайрылбай коё алышпайт. Баарыбыз кыркалекей тизилген сатуучуларды аралай соодалашып жатып балык алып (пляждарда 30-35 сом болгон балыктар бул жерде 20-25 сомдон), Бишкекти көздөй ышталган балык жыттанып жөнөп калдык. Жолдо баягы эле кейиштүү көрүнүш... “Максимкасынан” кеткенби же “Гольфунанбы”, айтор, каршылаш келе жаткан эки машина кагышкан экен, былчыйып, тарпы эле калыптыр. Моюн созуп котологон элдин арасына башбаккан бизге: “Оор жарадар болушуптур, бирөөсү каза тааптыр, азыр эле “Тез жардам” алып кетти”,- деп күбүрөштү.
Мына ушундай, окурман, көлгө барып эс алуу – ажайып керемет. Бирок, ошол табият бизге ыроолоп койгон мындай ажайып жайды таза кармасак, жолдорду кеңейтип, оңдосок, жолдогу тартипти теске салып, кырсыктардын алдын-алсак, тейлөөнү жогорку деңгээлге жеткирип, туристтерди тартсак кандай гана кирешелерге жетишип, эс алуу мындан да керемет болоор эле.
Даярдаган Шаиста Шатманова