Манжа изи адамдын мүнөзү жана жөндөмүнөн кабар берет 

Манжа учундагы, алакандагы, тамандагы издер адам тууралуу көп маалымат берет. Мисалы, анын талантын, темпераментин, мүнөзүн, кандай ооруларга, ал тургай зордук-зомбулукка жакын же андан алыс экендигин билүүгө болот. Бул жолу дерматоглифика илими – манжа учундагы издер боюнча адамдын мүнөзүн билүү тууралуу айтып беребиз. 

Манжадагы издер адамдын түйүлдүк кезинде, башкача айтканда, 3-5 айында түзүлөт жана өмүр бою өзгөрбөйт.

Дерматоглифика илими тууралуу түшүнүк

Адамдын мүнөзүн, тагдырын манжа, алакан, таман издерине карап билүү илимде “дерматоглифика” деп аталат. Бизче которгондо “тери” жана “оюп, чегип жатам” дегенди билдирет. 

Бул термин 1926-жылы америкалык окумуштуу, анатом, дерматоглифика боюнча адис Гарольд Камминс тарабынан колдонууга киргизилген. Албетте, криминалистикада “дактилоскопия” ыкмасы деген да бар. Анда криминалист кылмыш болгон жерден табылган манжа издери кимге тиешелүү экендигин аныктайт. Дерматоглифика болсо адамды тереңирээк изилдейт, башкача айтканда, анын мүнөзүн, тагдырын да айтып берет. Айрым окумуштуулардын “теридеги издер – адамдын экинчи жүзү” дешкени да бекеринен эмес.

Эркектердин манжа издеринде уюлдар басымдуу болсо, аялдарда илмектер көптүк кылат.  Гомосексуалисттердин сол колунун баш бармагы менен чыпалагында уюлдар болот. Манжаларында уюлу көптөр илимде табияттын каардуу шарттарында жашап кетүүгө ыңгайлашкан адамдар деп эсептелет. Аларга жер шарынын түндүк бөлүгүндө жашаган чукча, алеуттар, Тибетте жашагандар кирет. Ал эми Европа элдеринде толкун, илмек сымал издер басымдуулук кылат.  

Кимдер лидер, гений, мыкты жетекчи?

Манжаларын карап, кандай манжа издери көбүрөөк кездешсе, ошого жараша адамдын мүнөзүн билсе болот.

Толкун сымал издер

Толкун сымал (жаа сымал ийри) из – ээсинин акыл-эстүү, токтоо, авантюрадан алыс, чынчыл, өжөр, ишенимдүү, жоопкерчиликтүү, түз жүргөн, интригадан оолак, карьера жасоого умтулган адам экендигинен кабар берет. Жайлуулукту, сулуулукту, искусствону баалашат. Жашоого реалдуу карашат. Үй-бүлөдө көбүнчө башкаруучунун ролунда болушат. Өздөрүн ашыкча ой-кыял, күмөн менен кыйнашпайт. Күчүн, энергиясын бекер коротпой, максатына батыраак жетүүгө умтулушат.

Айланасындагылардын пикирин көп уга беришпейт, чындыкты бетке айтуудан тартынышпайт. Мындай сапаттагы жетекчи сизге ырайымдуу мамиле кылып, сылык сүйлөсө, демек, сиз жакшы кызматкерсиз. Өзүнө орой мамиле жасай берген адамды, мейли, жакыны болсо да “душмандарынын” тизмесине кошот да, кийин жибиши кыйын.

Булардан математик, аналитик, сүрөтчү-иллюстратор, дизайнер, сыяктуулар, коньки-спринт, шорт-трек менен алектенгендер көп чыгат. 

 Илмек сымал издер

Лидерликтин, оор басырыктуулуктун, жакшы кожойке, кожоюндуктун, сезимталдыктын, достукка бекемдиктин, чечкиндүүлүктүн белгиси. Кол алдындагыларды кысып, үстөмдүк жасай бербеген мыкты жетекчи боло алышат. Үй-бүлөсүнө бекем, ата мекенине берилген адамдар. Кырдаалга жараша иш кылып жана ыңгайлаша алышат. Башкалар менен бат тил табышууга жөндөмдүүлөр. Көп нерселерге кызыгып, билүүгө, билгендерин колдонууга далалат жасашат. Көбүнчө жарык маанайда жүрүшөт, ишене тургандарга гана сырын айтышат. Тартипти, мыйзамды бекем карманышат. Тапшырылган ишти орду менен убагында так бүтүрөт, бирок ашыкча иштөө булар үчүн эмес.

Көбү башкалардын жардамысыз ийгиликке жетүүгө умтулушат. Тегерегинде болуп жаткан окуяларга көңүл бөлгөндүн ордуна максатын башкы орунга коюп, ага карай талпынышат.  

Кээде компромисске баруулары кыйын. Булардан балбандар көп чыгат.

 Уюл сымал издер

Ой жүгүртүүсү мыкты, креативдүү, эмоционалдуу, жаңыланууга бат көнгөн, максатка умтулуучу, чыдамдуу, демилгечил, ачылыштарды жасоочуларда жолукчу из. Уккан маалыматтарын мыкты анализдей билишет. Ден соолуктары мыкты. Кырдаал андан ары кандай өнүгөрүн сезип, туюп, маселени туура чечкенге жан далбасташат. Өздөрүнүн кылган иштерине көбүнчө ыраазы болушпайт. Көп күмөнсүнүшөт. Чөйрөсүндө болуп жаткан окуялар жакпай калса, аралашып, кырдаалды өзгөртүүгө аракеттенишет. Өздөрүн ар тараптан көрсөтүүгө умтулушат.

Көбү команда менен иштөөнү сүйбөйт жана майда маселелерге деле убакыт корото беришет.

Адамдын 10 манжасында тең уюлдар болсо анда ал гений. Мындай көрүнүш өтө сейрек учурайт. Эгер уюлдар 2 колунун тең баш бармагы менен ортондорунда болсо, анда ал ушактардан алыс, сырын оңою менен ачпаган, бирөөлөргө оңою менен ишенбеген жан.

 Тор сымал издер

Маанайы, максаты бат-бат өзгөргөн, бирде колу ачык, бирде сараң, саякаттоону сүйгөндөрдө кездешет. Майда иштерди жасоодон эринишпейт, иштин майын чыгарышат. Оңою менен бир нерсе жакпайт. Эл менен бат тил табышканы менен, саналуу адамдарды гана иргеп алып, алар менен гана дос боло алышат. Жакындарына анын мүнөзүн түшүнүү жана көтөрүү оор. Бирок ишенген адамдарын оңою менен сатып кетпейт. Жан дүйнөсүндө майрам болсо, тегерегиндегилерге да майрам тартуулайт.

Аралаш манжа издери

Эгер толкун жана илмектер басымдуу болсо, анда мыкты уюштуруучулук, жетекчилик сапаты күчтүү. Лыжа, вело спортко жакын адамдар болушат. Уюл менен толкундар басымдуулук кылса, демек, ал адам өз күчүн туура эмес баалайт деп билиңиз. Илмек жана уюл басымдуу болсо кыйын шарттарда иштеп, жашап кете алуунун, өжөрлүктүн белгиси. Аралаш изде тор кездешпейт.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан