“Баланын сөзү” сериалынын жылдызы Рузиль Минекаев

Рузиль Минекаев – орус киносундагы жаңы жүздөрдүн бири. “Баланын сөзү. Асфальттагы кан” сериалындагы Мараттын ролунан кийин жылдыз болуп ойгонгон Рузилдин миңдеген, балким, миллиондогон күйөрмандары бар. Жылдыз болгонго чейин 500дөн ашык кастингден өткөн. Анын дээрлик көбү ийгиликсиз эле. Ошентсе да анын кыялы орундалды, бир сериал, бир роль менен максатына жетти.

 Толук аты-жөнү: Минекаев Рузиль Рамилевич

Туулган жери: Татарстан, Нурлат

Туулган жылы: 1999-жыл, 20-май

Жылдыз белгиси: букачар

Бою: 174 сантиметр

Кесиби: театр жана кино актёру

Тартылган сериалдары: “Көчөдөгү адилеттүүлүк”, “Напарниктер”, “Смычок”, “Баланын сөзү. Асфальттагы кан”

“Чушпан” сөзү модада

Ооба, өзгөчө өспүрүмдөр арасында мода же болбосо “Баланын сөзү. Асфальттагы кан” сериалын көргөн улуу муун дагы “чушпан” сөзү тууралуу кабардар. Кээ бир ырчылар бул сөздү ырларына кошуп ырдап алышты. Жазуучу Роберт Гараевдин “Баланын сөзү. 1970-2010-жылдардагы криминалдык Татарстан” китебинин негизинде Казандагы криминалдык топтор тууралуу “Баланын сөзү. Асфальттагы кан” сериалын режиссёр Жора Крыжовников тартты. 2023-жылдын аягында экранга чыккан сериал КМШ өлкөлөрүндө абдан эле популярдуу болду. Актёрдук курамдын көбү аты тааныла элек жаштар эле. Сериалдан кийин баарынын жылдызы жанды да калды. Бирок сериалды экранга чыгарууга каршы чыккандар да бар эле. Мисалы, ошол эле Орусиянын аймагындагы айрым республикалардын башчылары сериалдын жаштарга тийгизген таасиринен чочулап турганын билдиришти. Анткени сериалды көргөн жаштар тасмадагыдай болуп шаардагы райондорду бөлүшүп, атайын топторду түзүп, бири-бири менен “разборкага” чыга башташкан. Бирок сериалды жаратуучулар эч икмди жаман жолго үндөшпөгөнүн, мурда болгон окуяларды гана чагылдырганын айтып актанышкан. Сөздү кайра Рузилге буралы, ээ, окурман.

“Сериал “атыларын” билгем”

“Баланын сөзү” сериалында Марат, ал эми “Универсам” криминалдык тобунда Адидас (кичүүсү) каймана атын алган Рузиль Минекаев “сценарийди колго алып, алгачкы 5-сериянын мазмунун окуганда эле сериалдын “атыларын, бутага жетерин” билгем. Дароо эле мен сөзсүз тартылышым керек дедим” дейт. Алгач аны Мараттын агасы Вова Адидастын ролуна чакырышкан. Бирок кастингде аны көргөн режиссёр Вованын ролуна жаштык кыларын айтып, анын иниси Мараттын ролун беришкен. Ролун түшүнүш үчүн ошол мезгилдеги Татарстандын жашоосу, криминалдык топтор тууралуу китептерди, макалаларды окуп, тасмаларды көрүп чыккан. Андан сырткары жакшы мушташышы керек эле. “Кичинемден 7 жыл татарлардын улуттук күрөшүнө катышкам. Бирок ал күрөш көчө мушташтарында жардам бербейт экен. Андыктан бокско бара баштадым, машыктыруучулар туура сокку урганды, каскадёрлор камерага кандай мушташ, кандай сокку керек экенин үйрөтүштү” дейт. Ошентип, Марат-Рузиль көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланды.

Эгиздин түгөйү

Рузиль Татарстандын Нурлат шаарында жарыкка келген, жалгыз эмес, эгизи Рузиля аттуу кыз менен. Экөөнүн эжеси бар. Эгиздер 6 жашка чыкканда атасы каза болуп калган. Атасынын үй-бүлөсүн эрте таштап кетиши Рузилди батыраак чоңойгонго, жакындарына жоопкерчилик алганга түрткү болгон. “Бактылуу балалыкта чоңойдум. Менин той-концерттерим эрте эле башталган. Үйгө коноктор келсе алдыларына чыгып ырдап, анекдот айтып, бийлеп, айтор, көңүлдөрүн көтөрөт элем. Ошондо атактуулук да, байлык (чоң энеси, коноктор чөнтөгүнө акча салышчу) да бар эле” дейт балалыгын эстеген актёр. Рузилдин чыгармачылыкты жакшы көрөрүн билген Рузиля аны музыкалык окуу жайга тапшыр деп көндүргөн.

 Үлгүлүү окуучу эмес

Мектептеги иш-чараларга активдүү катышып, сахнанын жылдызы болгону менен, окуусунда мыкты көрсөткүчкө жеткен жок. Кээ бир сабактардан качып, мугалимдерден уруш угат эле. Айтор, орто окугандардын катарында болду. Рузилянын сунушун кабыл алып, 9-класстан кийин искусство окуу жайына тапшырып, вокал бөлүмүндө билим алып калган. “Жашоомдо мыкты мугалимдерге туш болдум. Алардын жардамы, түрткүлөгөнү менен азыркы абалдамын” дейт актёр. Окуу жайдагы мугалимдери анын актёрдук талантын ачып, театрда ойной баштаган. Актёрдук жөндөмүн тереңдетүү максаты менен ГИТИСке да тапшырып, жогорку билим алган.

Кыйынчылык+ийгилик

ГИТИСке да тапшырып Москвага көчүп келгенде борбор калаа жигитти алаканына салып бөпөлөп алган жок. Жанын багыш үчүн түрдүү жумуштарда иштеди. Кечелердин алып баруучусу, театрда актёр, бут кийим дүкөнүндө сатуучу... Ошону менен катар кастингдерге барып жетишчү. 500дөн ашык кастингге барды. Ошентип отуруп 2020-жылдан баштап киного тартыла баштаган. Тартылган тасмалары көп эмес. “Асфальттагы канга” чейин “Көчөдөгү адилеттүүлүк”, “Напарниктер”, “Смычок” сериалдарына тартылган. 2024-жылы чыга турган триллер жанрындагы "Рыбинскиде угулду" тасмасында Рузилди жаңы амплуада көрө алабыз.

Аялы, баласы бар

Көпчүлүк күйөрмандар, айрыкча кыздар Рузиль Минекаевдин үй-бүлөлүү экенин укканда би-ир аз капа болушкан. “Сериал чыккандан кийин үйгө келип, эрте-кечине карабай эшикти, терезени кагып, сүрөткө түшөм, автограф бер деген адамдар көп болду. Мен болсо үй-бүлөмдүн тынч жашоосун каалайт элем. Аялым бар экенин билишкенде, анын дарегине түрдүү жаман сөздөр жазылды. Жубайым Азиза күчтүү, түшүнүктүү адам болгону үчүн чыдады окшойт”,- дейт актёр. 25 жаштагы актёрдун аялы, 2023-жылы төрөлгөн Рэмиль аттуу уулу бар. Азиза Бекманова менен 2015-жылы Казанда окуп жүргөндө таанышкан. Азиза да ырчы, бир нече музыкалык аспаптарда кол ойноткон таланттуу адам. Экөө бир нече жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. “Азиза чоң үйлөнүү үлпөт тоюн каалаган эмес. Экөөбүз тең мусулманбыз, андыктан никеге туруп эле баш кошуп алганбыз. Атактуулукка чейин үйлөнүп алганыма сүйүнөм. Азыр бойдок жүрсөм чыныгы сүйүүмдү табат белем, ким билет”,- дейт актёр.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан