САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн саныбызда)

– Ой, чоң рахмат, алтындарым! Жүрүгүлө кеттик, кечигип жатабыз мектепке,- деп шаштырды карындаштарын.
– Сиз деген Бермет эжеге шашып жатасыз да,- деп кичинекей Үмүтай сөзгө кошулду.
Баары каткырып күлүп калышты. Чынында керемет көрүнүш эле. Адилет карындаштарынын арасында баарын унутуп, өзүн аябай бактылуу сезди ошондо.
Аларды ээрчитип, мектепти көздөй жөнөдү.
– Ой, апа, атты аркандаганды унутуп калыптырмын го. Сагынга айтып аркандатып коёсузбу?..
– Макул, макул эми. Бүгүн көңүлүңдү ток кылып барып келе берчи, балам.
Короодон чыга бергенде эсине дагы бир нерсе келип, кайра ичкериге чуркады. Мыктыбек абасы берген 200 сомду эски шымынын чөнтөгүндө унутуп кала жаздаптыр. Үйгө кирип эле чөнтөктөн акчасын алып чыга берерде көзүнө атасынын галстугу урунду. Бою өтө эле кыскалыгынан “мага галстук жарашпайт” деп тагынчу эмес. Негедир бул ирет тагынып алууну чечти. Ошентип, галстукту моюнга илди да, жөнөп калды.
Анын галстук менен чыкканын көргөн карындаштары “ой-бой, бүгүн тим эле өзгөчөсүз го” деп баары тийишип калышты.
Адилет 11-класста окуп жаткан кезде мектепке алардын үйдөн 8 окуучу барчу. Ушунча жүрүп бардык карындаштары менен чогуу барган кандай керемет экенин ушул мектептеги акыркы күнү сезди. “Аттиң десе, мындайды билгенде, күнүгө чогуу кетпейт белек” деп ичтен бир сыздап алды.
Артта басып бараткан Адилетке бир туугандарынын баратышы ажайып бир кооз көрүнүп жатты. Анан да жаш курагына карата аппак гүлдөрдөй тизилип баратышканын. Алдыда кыздардын улуусу Барчынай, андан кийин Алтынай, эгиздери Батма, Зуура жана Апал, Үпөл баратышты. Ал эми ортончу карындашы Бурулай акесинин жанында баратты. Үйүндө Адилетке эң жакыны, сырдашы Бурулай эле.
– Бурулай, сен эмне эки букет көтөрүп алгансың? Мынча гүлдү кайдан алдыңар деги?
– Гүлдөрдү Шайыр энемдикинен, Урматтын үйүнөн алдык. Шайыр энеме жардам бердик, анан гүлүнүн баарын кыркып алдык эртең менен. Туруп, көрсө ыйлайт го. А букеттин бирөөсүн эжекеме, бирөөсүн сизге берем да, аке.
– Кой, мага бербей эле кой.
– Берем эле. Бүтүп жатасыз го мектепти.
– Мейли. Батма, Зуура, силер канчанчы классты бүтүп жатасыңар?- деп эгиз карындаштарына кайрылды.
– Биздин канчанчы класста окушубузду да билбейсизби?! Таарындык сизге!
– Кой, таарынбагыла. Мен билем эле. Болгону, адашып калам да. Силер көпсүңөр да, а мен жалгызмын.
– Аларды капа кылбай эле, менден сурабайсызбы. Мен айтып берем го. 6-классты бүтүштү,- деп Бурулай акесине шыбырап калды.
– Аа, эстедим, силер 7-класска көчүп жатасыңар! Мына, көрдүңөрбү, билем.
Бурулайдын жардамы менен актанып калды.
– Баары бир таарындык.
Ошентип сүйлөшүп отурушуп, Берметтин үйүнө да жете келишти. Аларды Бермет үйүнүн алдынан тосуп алды.
– Ай-ий, укмуш сонун кө­рүнөсүңөр го. Көздү уялта­сыңар да,- деп Бермет аларга суктанып калды.
Бурулай чоң букет гүлдү Берметке сунуп:
– Мектепти аяктап жатышыңыз менен куттуктайм,- деп Берметти бетинен өөп алды.
Мындайды күтпөгөн Бермет бир аз толкунданып, кызара түштү. Бурулай болсо акесин карап жылмайып койду.
– Ой, сен ой, жалганчы. Эжекеме берем дедиң эле го.
– Бул деген сюрприз болчу. Эжекеме башкалар деле беришет да.
Берметти кошуп алып, жолду улашты. Бермет Адилетке жакын келип:
– Майрамың менен! Мынча кеч? Күтө берип тамыр алып кетейин дедим го?
– Рахмат! Сенин дагы! Кечиккенди анан түшүндүрүп берем, ээ?..
– Макул. Анан сүйлөшөбүз.
Аңгыча мектепке да жетип келишти. Шашып келишкени менен, окуучулар жакшы чогулуша элек экен.
– Мен класска кирейин, акыркы коңгуроого даярданышыбыз керек,- деп Бермет мектепке кирип кетти.
– Жүрүгүлө анда, биз Сүйүт­түн дүкөнүнө барып келебиз.
Адилет дүкөндү көздөй жөнөдү.
– Эмне бар дүкөндө? Ачыла да элек болсо керек. Сиз балдарыңызга барып кошулбайсызбы?
– Ой, морожний бар болсо, алып берем да. Силер менен жүргөн жагып жатат мага.
– Оо, жүрүгүлө анда. Акем бүгүн щедрый го,- деп баягы эле Бурулай баарын ээрчите жөнөдү.
Балмуздакты айрыкча жакшы көргөн Апал менен Үпөл биринчи жөнөштү.
– Сиз кечээ эле акчам жок деп жатат элеңиз го? Апам акча бердиби?- деп Бурулай адатынча суракка алды.
– Түндө асмандан жаздыгыма түшүп калыптыр. Азыраак сүйлөсөң, сага да акча түшөт түндөсү.
Апал менен Үпөл кепке кошулушту:
– Баарыңарга биз тандап беребиз. Чоңдор 6 сомдук стаканчик жейт. Биз 10 сомдук.
– Мейли, бүгүн баарыңар эле 10 сомдук жей бергиле. “Акем мектепти бүткөндө баарыбыз 10 сомдук морожний жегенбиз” деп эстеп жүрөсүңөр да,- деген Адилет өзүн көрсөтүп алды.
– Кыздар, шеф айтып жатканда ала бергиле да. Берип жатканда ала бериш керек, жок болгондо сурабаш керек,- деп Барчынай ар бирине алып берди.
– Шеф, төлөп коюңуз, сегизди алдык. Апал экөөнү жейт экен,- деген улуу карындашы баарын магазинден ээрчитип чыгып кетти.
Адилет акчасын төлөдү да, карындаштарынын артынан басты.
– Туугандар, эми бир жерге отуруп жеп алгыла, ээ? Окуучуларга жаман көрүнбөйлү.
– Бүгүн чогуу сүрөткө түшөлү. Эстеликке калат. Сүрөтчү келсе керек.
– Аке, сүрөтчү келбесе деле түшөбүз. Менин курбумдун фотоаппараты бар. Ошо менен деле көп жолу түшөбүз. Кечээ эле сүйлөшүп койгом,- деди Барчынай.
– Жакшы экен анда. Ай-ий, Апал, акырын жесең?! Элдер биринчисин жеп бүтө электе, сен экинчисин жеп түгөтөйүн деп калыпсың.
– Оой, аке, Апал морожний дегенде өзүн сатып жиберет. Баарынан бекинип, дайыма морожний жейт,- деп Бурулай сиңдисинин айыбын ачып салды. Аңгыча:
– Элдер, шашылгыла. Мектепте линейка башталып калбасын,- деди да, оозун аарчымыш болуп ордунан туруп жөнөдү Апал.
– Кудай-ай, карасаңар, эч нерсе болбогондой баратат. Эй, биз жеп бүтөлүбү, тура турсаң,- деп Барчынай сиңдисин токтотуп калды. – Раахмат!!!- дешип баары бир добуштан ыраазычылыгын билдиришти да, кыраан-каткы салышты.
– Эч нерсе эмес! Силерге да рахмат, келип морожний жеп бергениңерге.
Бир чоң иш бүтүргөндөй өзүнө ыраазы боло жөнөдү.
Бара жаткан карындаштарын бериле карап алган Адилеттин көздөрүнө жаш айланып кетти. «Мен турганда карындаштарым эч качан жамандык көрбөйт. Карыздан өзүм кутулам. Мындан ары эч ким «карызды бер!» деп келбейт». Бир күч келип кошулгандай болуп обдулуп алды. Көптөн бери карыздан кантип чыгуунун жолун ойлонуп жүрүп, ушул күнү «ооба, ойлогондой кылам» деп оор үшкүрүнүп алды.

Залкарбек Карабалаев

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
FIANIT
2011-02-12 13:52:57
Эх, мен да акыркы конгуроо болчу кунду эстеп алдым...
Кандай гана бактылуу кундор эле...
0
Arstan
2011-02-13 17:04:55
Мен да мектебимди эстеп кеттим.
0
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан