Тойдо жар-жардын ордуна салават ыры айтыла баштады: Коомчулукту чочулаткан эмне?

Жакында белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова тойлордун биринин ачылышында  жар-жардын ордуна араб тилинде салават ырын айттырып залга келинди алып кирген окуя коомчулукта катуу сынга кабылды. Колдогону, каршысы, айтор, эки жээктин талашы тыйыла элек. Биринчи тарап бул көрүнүштү “кыргыз баалуулуктарына жасалган чыккынчылык” десе, экинчи тарап “тойдо французча, англисче ырлардын коштоосунда келинди алып кирсе болот, эмнеге арабча ыр менен болбойт?” деген риторикалык суроону берүүдө. Ушул окуя боюнча эксперттердин пикирин сурадык.

Акылбек Жапаров тойлорго бирдиктүү эреже иштеп чыгууну сунуштады

Жар-жардын ордуна салават айтылган окуя талкууланып жаткан тушта өкмөт башчы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жыйынында Кыргызстанда өтүп жаткан тойлордун бирдиктүү эрежесин иштеп чыгууну сунуштады. Ал кыз узатуу, үлпөт той, тушоо кесүү тойлордо ар ким каалаганын жасап жатканын баса белгиледи.

– Бала Нью-Йоркто төрөлөбү, Кочкордобу же Кочкор-Атадабы, каада-салттардын баарын бирдей кылып берсеңиз. Кыргыздын тою, тушоо кесүүсү болуп жатат, кыз узатып жатат, келин алып жатат дегендердин баары бир түрдүү болсо. Азыр ар бир тамада, ар бир үй-бүлө өзүнүн деңгээлине жараша каалагандай кылып өткөрүп жатат. Той өтүп жаткан жерге атты алып кирип жатышат, пил болсо пилди да алып киришмек. Кыскасы каада-салттын баарын иреттеп берсеңиздер,- деди Акылбек Жапаров. 

Нурзат Токтосунова: “Жаманды гана көргүбүз келип турат”

Алып баруучу Нурзат Токтосуновага кайрылганыбызда бул маселе боюнча талкуунун күчөшүн каалабай турганын билдирди. Ага чейин социалдык желедеги баракчасына чуулуу окуя боюнча пикир жазган эле. Анда “өмүрүмдө 4 миң кыргыздын тоюн алып барсам, анын 3 миңин Манас айттырып ачкамын. Миң көйнөк кийсем 700үн кыргызча тиктирчүмүн... Негизи кыргыздар жаманды гана көргүбүз келип турат. Жакшыны айта албайбыз. Бизди өстүрбөй жаткан ушул сапатыбыз болсо керек” дейт алпаруучу.

Амантур Жапаров, тарыхчы-этнограф: Улуттук маданиятыбызды сүрүп чыгууга аракет кылбашыбыз керек”

– Салт-санаа деле динамикада болот, тышкы таасирлерден улам кандайдыр бир өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн. Мисалы, 14-февраль - сүйүү майрамы динде да, салтта да жок, бирок жаштардын көбү майрамдап жүрүшпөйбү. Жар-жарды мурун эркектер айтчу, кийин топ болуп ырдап жүрүштү. Анан жеңелер айтат деп калышты, айтор, мезгилге, доорго жараша өзгөрүүгө дуушар болуп келе жатат. Чынында кырылышпай, дин менен салтты айкалыштырып жашаса болот. Мисалы, жубайларга нике кыюу деген каада элибизде бар да. Ушул сыяктуу каада-салттарыбызга диндин эрежелерин каршы койбой, ыңгайлаштырып колдоно берсек болот. Ал эми тойдо жар-жардын ордуна салават айттырганы – ошол адам өзөгүндө, тереңинде өзүн ким деп тааныйт? Кыргызбы же башкабы, ошондон көз каранды болсо керек. Эң негизгиси – тээ ата-бабабыздан бери колдонулуп келе жаткан көөнө маданиятыбызды сүрүп чыгууга аракет кылбашыбыз керек. Анткени биздин өзөктү, тамырды кармап турган баалуулуктар ушулар. Алар болбосо сен кыргыз эмессиң.

Элмурат Кочкор уулу, теолог: “Маданияттардын согушу жүрүп жатат”

– Бул окуяда мен колдогондорду да, ага каршы чыккандарды деле түк түшүнгөн жокмун. Анткени эки тараптан тең жүйөлүү аргументтер келтирилген жок. Жар-жарды кыргызча ырдаса эле баалуулуктарыбыз сакталып калат, же тескерисинче, арабча ырдаса эле салтыбыз унутулуп калат деп ойлобойм. Көйгөй тереңде жатат. Бул жерде маданияттардын согушу жүрүп, кыргыздын иденттүүлүгүнө катуу сокку урулуп жатат. Жөнөкөйлөштүрүп “айланайындар, кыргыз каякка бара жатат? Ушинтип эле ар кимди туурап жүрө беребизби?” деп суроо койсок туура болчудай. Бул дарттын диагнозун таптык, эми аны кантип оңдойбуз, ар кимди ээрчип кете бербеш үчүн кандай иштер жасалышы керек? Мына ушул нерсеге басым жасасак жакшы болмок. Тойдо жар-жарды кыргызча ырдап эле оңдоп жиберчү иш эмес бул. Кыргыздар учурда башка элдердин маданияттарына таасирленип жатканы чындык, бирок бизде аларга туруштук берчү альтернатива барбы? Жок. Ошол жок болгону үчүн ооп жатабыз. Диний да, салттык да тарбияны үй-бүлөдөн, мектептен оңдош керек. Жалпысынан диний радикализмдин жайылышы, эртең Кыргызстандын келечеги кандай болот деген темаларда талкуу кылышыбыз керек болчу, бирок азыр эл “жар-жарды кыргызча ырдаш керек эле, арабча ырдап койду” деген менен алек. Бардык көйгөйдүн тереңин казып, себебин издесек жакшы болот эле.

Үмүт Култаева, филолог: “Кыргыз баалуулуктарына чыккынчылык жасалды”

– Тойдо жар-жардын ордуна салават айттырууну кыргыз баалуулуктарына чыккынчылык деп эсептейм. Кыргыз салтына башка боёкторду чаптап артык кылып, өнүктүрөм дегендер жаңылышат. Каада-салттын эзелтен келе жаткан өз тартиби, функциясы, шарттары, элементтери бар. Диндеги эрежелерди өз жолу менен, салттагы тартиптерди өз жолу менен колдонгонубуз туура, экөөнү аралаштырып ашмалтайын чыгарган болбойт.

Акимжан Эргешов, диний ишмер: “Элди тукургандарды ээрчибейли”

– Жар-жарды кыргызча ырдабады деп айгай салган 5-6 адамды ээрчибейли, кыргыз элим. Тойдо бир жолу арабча ырдап койсо эле кыргыздын салты, наркы бузулуп кетпейт. Жар-жардын ордуна башка англисче, испанча ырлар менен деле келинди киргизип жүрбөйсүңөрбү, эмнеге аларга унчукпайсыңар? Салават – бул салам, дуба. Эл чогулган жерде, тоодо-тойдо, бардык жерде ырдаса боло берет. Демек, тойдо ырдалганы деле орундуу. Маданиятыбыз жоголуп кетет деп корксок, анда, айланайын, 70 жыл Совет доорунда жүргөндө эле жок болуп кетмекпиз. Эки жаштын тоюнда 100 адамдын көзүнчө “горька, горька” деп өбүштүрүп деле жүрбөдүк беле? Эмнеге ошондо каада-салтыбызга доо кетип калган жок? Ит үрө берет, кербен жүрө берет. Башкысы ою жаман адамдарды ээрчибей, динибизге да, салтыбызга да бекем туралы.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан