Мончодо ысыктан чыгып муздак сууга түшүү зыянбы?

Заманбап мончо, сауналар бүгүнкү күндө эс алуучу жайлардын катарын толуктап калды. Буу бөлмөсү, муздак суу толтурулган бассейн, ичимдиктин түрлөрү... Бирок айтайын дегенибиз башка. Мончого түшүүдө ден соолук кандай коркунучтар менен бетме-бет келиши мүмкүн? Ал жерде ичимдик ичүү зыянбы? Ушул сыяктуу суроолор боюнча кардиолог Эсен Сарыков кеңеш берет. 

Мончодо канча убакыт бууланууга болот?

– Буу бөлмөсүнө кирерде денени жөн гана жууп коюу жетиштүү. Самынданып жуунууну бууга отуруп кактанып бүттүм, эми кирбейм дегенде гана баштоо керек. Бууга самынданып киргенде самын теринин коргоочу функциясын бузуп коёт да, ысыкты дене оор көтөрүп калат. Бууга 3-4 ирет кирип, отурууга болот. Убактысын 5 мүнөттөн 20 мүнөткө чейин акырындап жеткирүү сунушталат. Араларында 15-20 мүнөттөй тыныгуу жасап, суусундук ичүү кажет. Буу бөлмөсүнө киргенде дароо жогорку жактагы текчеге чыгып кетпеңиз. Организмди ысыкка көндүрүп баруу оң. Улам кийинки киргенде 1 текчеге жогорулатып отурсаңыз болот.

Чачка ысыктан зыян келбеши, дене да өтө ысып кетпеши үчүн башты мончодон чыгарда жууган туура. Башка ысык өтпөшү үчүн кийиз баш кийим кийиңиз.

Мончого кимдерге барганга болбойт?

– Жогорку кан басым (2-3 даражасы), онкологиялык жана психикалык, богок, глаукома, талма, энцефалит, кургак учук, бронхиалдык астма, кант диабети жана жүрөк оорусу барларга, инсульт, инфарктка кабылгандарга, паникалык атакадан жабыркагандарга мончого, саунага барууга, бууга кактанууга болбойт. Ошондой эле өнөкөт оорусу курчуп тургандар, курч кармаган инфекциялык оору менен ооруп жаткандарга болбойт. Буларга душ гана сунушталат. Өт, табарсык жана бөйрөгүндө ташы барлар, ашказан жарасы, коньюктивит, төмөнкү кан басым, варикоз оорусу менен жабыркагандар, кош бойлуулар врачы уруксат берсе гана мончого барса болот.

Мончо, саунада ичимдик ичүү зыянбы? 

– Мончо, саунага чейин жана анда жуунуп жаткан учурда ичимдик ичүүгө, закуске жегенге болбойт. Тамакты мончого барардан 1,5-2 саат мурун жеп-ичүү туура. Анткени мончо, саунада жуунуу учурунда организмге ысыктан канча бир деңгээлде оордук келет. Анан жуунуп жатып тамак жегенде организм ысык менен күрөшөбү, же жеген тамакты аш кылышы керекпи? Ошондуктан организмге оордук келтирбеңиз.

Ичимдик ичкенде, мейли, сыра, арак же башка, ал кан тамырларды кеңейтип, кан басымды көтөрөт, жүрөк бат-баттан кага баштайт. Ысык бууга киргенде кан басым дагы көтөрүлүп, кан тамырлар жарылып кетиши мүмкүн. Ошондой эле эстен тануу, инфаркт, инсульт күтүлүшү да ыктымал. Айтылгандарга кабылуу коркунучу жүрөк-кан тамыр оорусу барларда, жашы өтүп калгандарда өтө чоң.

Мончо, саунада бууга кактанып ысыкта отурган соң муздак бассейнге секирүү, түшүүгө келсек, бул адат түндүктө жашагандардан, "моряктардан", деңизде балык уулап жан баккандардан калган адат деп эсептелет. Мындай көрүнүш Финляндия, Канада, Латвия, Литва, Орусия жана башка өлкөлөрдө көп кездешет. Организми суукка абдан көнүп, бышып калгандар мончодон чыгып муздак сууга, карга кирип кете беришет. Бул алар үчүн биз контрасттык душ кабыл алгандай эле.

Бирок азыр адамдардын көбү жылуу кеңседе иштешет эмеспи. Андыктан организми чың, оорусу жоктор деле денесин атайын суукка көндүрүп, чыңалтпаса ысыктан чыгып дароо муздак сууга түшүүдөн зыян гана таап алышат. Муздак сууга киргенде (ичимдик ичпеген учурда деле) организм “холодовой шокко” кабылып, теридеги жана тери алдындагы кан тамырлар кескин кысылат. Анткени организм кескин муздакты үшүккө кабылуу деп кабыл алып, кан тамырларды дароо кысылтып, кол, бут, теридеги жылуу канды ички органдарга, көбүн жүрөккө топтой баштайт. Мунун айынан жүрөккө күч келип, анын кагуу ыргагы бузулат, кан тамырлардагы басым көтөрүлөт. Кыскасы, “холодовой шок” менен аритмия биригип баштын айлануусуна, акыл-эстен танууга, жүрөктүн токтоп калуусуна, инфарктка чейин жеткириши мүмкүн. Эми сиз ичимдик ичип, анан муздак сууга түшкөндө организм эмне болорун ойлоп көрүңүз. Андыктан ажал менен ойнобоңуз! 

Организмди кантип көндүрүү керек?

– Ысыктан чыгып дароо муздак сууга түшүүнүн пайдасы дагы бар. Бул үчүн денени адегенде муздакка көндүрүп, чыңалтуу кажет. Бирок өнөкөт ооруңуз болсо врачтан кеңеш алыңыз, ал уруксат берсе гана жасаңыз.

Пайдасы: зат алмашуу менен кан айланууну жакшыртып, иммунитетти чыңдайт, чарчоону жоготуп, уйкуну калыптандырат, маанайды жана ишке болгон жөндөмдү көтөрөт, теринин серпилгичтигин жогорулатат, карылыктын алдын алат.

Кантип чыңалтуу керек? Эң жакшы ыкмалардын бири – контрасттык душ. Душ кабыл алган сайын ысык сууну температурасы андан төмөнүрөөк муздак суу менен алмаштырып чайынуу кажет. Ошентип душка түшкөн сайын муздак суунун температурасын мурункудан бир аздан азайтып жүрүп отурасыз. Душту кабыл алуу дайыма муздагыраак суу менен чайканып бүтүшү керек. Контрасттык душка кошо спорт менен да алектенсеңиз натыйжасы жакшы, бат болот.

Ошентип муздак сууга организмди акырындап көндүрүп жүрүп отурасыз. Канча убакыт кетет? Бул сиздин организм менен иммунитетиңизге байланыштуу. Мүмкүн, 3 ай же 6 ай кетет. Акырында дене суукка көнүп, чыңалганда дене суукка туруштук бере баштаганы, теринин сырты көп муздабай кала турганы билинет. Мончодон муздак сууга 1-ирет түшөрдө башты, бетти муздак суу менен жуу сунушталат. Мында кан тамырлардын спазмы менен кан басымдын кескин өзгөрүшүнүн алдын аласыз. Анан сууга 1 мүнөттөй түшүп, кайра жылууга кирип аарчынасыз. Кийинкилеринде убактысын көбөйтүп жүрүп отурасыз.

Мончодо сууну эмнеге көп ичүү керек?

– Мончодогу ысыктан денедеги суюктук тер менен 0,5-1,5 литрге чейин бөлүнүп чыгып кетет. Андыктан организм кургап кетип, кандын уюп калышынын алдын алып суусундуктарды ичүү туура. Мисалы, газдалбаган суу, морс, квас, чай.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан