39 жашка чейин 44 бала төрөгөн аял

Жашоо – театр, андагы адамдар – актёрлор деп бекеринен айтылбаса керек. Кинодо же болбосо жомокто гана кездешчүдөй окуялардын көбү чынында жашоодон алынат. Бул макаладагы айымдын жашоо таржымалы да бир тасмага тете. 36 жашка чейин 44 балалуу болгон Мариам Набатанзинин өмүр баяны оңой эмес

“Төрөбөсөң – өлөсүң!”

Уганданын жашоочусу Мариам Набатанзи алгачкы эгиз балдарын жарыкка алып келгенде 13 жашта гана болчу. Ошентип отуруп 6 жолу эгиз балдарды, 4 жолу үч эм, 3 жолу төрт эм төрөгөндөн кийин Мариам “болду жетет, эми төрөгүм келбейт” деп гинекологго барганда алар кол жайып четке чыга беришкен. Анткени Мариамда жумуртка клеткалары калыптагыдан абдан көп, эгер дарыгерлер кийлигишсе анын өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн эле. Ошондуктан көп балалуу эне балдарынын санын жылдан жылга көбөйтө берген. Бойго бүтүрбөөчү түрдүү уколдор, спираль, дары-дармектер жардам бербей, балдарынын саны 25ке жеткенде Мариам кайрадан дарыгерлерге барган. Бирок алардан “төрөбөсөң – өлөсүң” деген гана жоопту алган. 39 жашка чыкканда 44 балалуу болгон эне акыркы төрөтүндө дарыгерлерге жалынып “бир нерсе кылгыла” деген, ошондо гана жатынын алып салышкан. 

Оор балалык

Мындай жашоого Мариам кантип жеткен? Набатанзинин балалыгы да оор өткөн. Мариам төрөлгөндөн 3 күндөн кийин апасы каза болуп калат. Көп өтпөй атасы кайрадан үйлөнүп, 6 бир тууган таш боор өгөй эненин колуна түшөт. Мариамдын айтуусунда, өгөй энеси тамакка сынган айнектин күкүмдөрүн кошуп берип, жыйынтыгында анын 5 бир тууганы тең каза болот. Ал эми Мариам башка тууганынын үйүндө жүргөндүктөн аман калган. Бирок жаны тынчыбаган өгөй эне 12 жаштагы кызды 40 жаштагы адамга бир аз акчага турмушка узатып жиберген. Эч нерсе түшүнбөгөн Мариамдын жашоосу күйөөгө тийгенден кийин деле өзгөргөн эмес. Анткени жолдошу кызыл камчы эле, болор-болбос шылтоо менен аялын токмоктой берчү. Күйөөсүн, анын мурдагы никесинен балдарын баккан кыз 13 жашынан баштап төрөй баштаган. Эгиз, үч, төрт эм төрөгөнүнө таң калган деле эмес. Анткени өз атасынын түрдүү аялдардан бириктиргенде 45 баласы боло турган, арасында эгиз, үч, төрт эмдер да бар.

“Күкүк ата”

Мариамдын күйөөсү балдарды багуу, тарбиялоо жоопкерчилигинен алыс адам. Керекпи балдарына ысым коёрдо телефон чалып эле айтып койгон. Бир жылда бир же эки жолу келиши мүмкүн, кээде жылдап да келбей коёт. Мариам төрөгөн 44 баланын арасынан 38и аман калган. Улуулары чоңоюп калгандыктан, бөбөктөрүн багып, камкордук кылганга, алды иштеп апасына жардам бергенге жарайт. Эң улуу баласы атасын акыркы жолу 13 жашында гана көргөнүн айтат, азыр ал 20 жаштан өткөн. Ал эми кичүүлөрү атасы кандай адам экенин элестете да алышпайт.

Алар жашаган чакан үйдү жолдошунун атасы белек кылган. Жер участогу аябай кичине болгондуктан, чарбачылык кылганга шарт жок. Мариам 42 баланы багып жатканда жолдошу биротоло аны таштап кетет. Жөн кетпей балдары жашаган үйдү сатып, акчасын алып из сууткан. Ошол кезде кош бойлуу Мариам балдарын жетелеп алыскы айылда жашаган чоң энесинин үйүнө барат. Көп өтпөй чоң энеси да каза болуп, анын туугандары үйдү талашып сотко беришкен. Сот үйдү Мариамдын пайдасына чечкени менен, ал туугандарына көп суммадагы каражат төлөшү керек. Ал сумманы качан чогултаарын аял элестете албайт.

Келечек...

Бардык азык-түлүктү сатып алганга туура келет. Тамак-аш рационуна эт, жер-жемиш сейрек гана кошулат. Балык, эт, таттуулар дасторконго коюлган күн майрам. Балдары алдыларына жука кездеме салып жатышат, жууркан-төшөккө, албетте, каражат керек. Үйдөгү жумуштар бардыгына бирдей бөлүнгөн. Үйдүн дубалында ким тамак жасайт, ким кир жууйт, ким бала багат сыяктуу жумуштардын кезеги жазылып турат. Ошого жараша тиричилик өтө берет. Мариам балдарын багуу үчүн колунан келген бардык жумушту жасайт: чач кыркат, тикмечилик кылат, жалданып ашпоз да болуп берет, такыр болбосо кыш коюп курулуш иштерине деле аралаша берет, көчөдөн темир-тезек чогултуп металлоломго өткөрөт. Анын кыялы – балдары билим алса дейт. Билим алса, келечеги меникинен жакшы болот деген ишенимде. “Балдарым көп деп өкүнбөйм, тескерисинче, Кудайым мени жалгыз калтырбай, көп бала бергенине ыраазымын. Алар менин бактым, байлыгым. Бири юрист, бири врач, бири мугалим болом деп кыялданат. Балдарымдын кыялына жеткенин көрсөм экен дейм” деген тилегин билдирет баатыр эне. 

Туура эмес диагноз

Мариамдын окуясы дүйнөгө белгилүү болгондон кийин дүйнөнүн ар тарабындагы гинекологдор өз ой-пикирин билдиришкен. Алардын оюнда, Мариам барган гинеколог туура эмес диагноз койгон, диагноз туура болгон күндө да ага жардам бергенге мүмкүн болчу. Бирок жергиликтүү дарыгерлер кайдыгерлик кылып коюшкан.

Учурда дүйнөдөгү эң көп балалуу жалгыз бой эненин балдары дагы көбөйгөн. Тагыраагы, Мариамдын улуу балдары үйлөнүп-жайланып, балалуу да болушкан. Бардыгы апасынын жанында жашашат. 

 

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан