Европанын мыкты моделинен актёрлукка оогон ИЛЬХАН ШЕН

Болгарияда жашаган түрктөрдүн үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген Ильхан Шен. Учурда Түркиянын кинематографиясын алдыга сүрөгөн маданият өкүлдөрүнүн катарында. Келбеттүү, күчтүү, таланттуу, анан да кыялкеч мырзанын чыгармачылык жолу кызыктуу учурларга бай.

Туулган жери: Болгария, Варна

Туулган жылы: 1987-жыл, 19-декабрь

Жылдыз белгиси: жаачы

Бою: 189 сантиметр

Кесиби:

модель, актёр

Тартылган белгилүү сериалдары: “Сүйүү. Акыл-эс. Өч алуу”, “Рамо”, “Сүйүүгө убакыт келди”, “Сапфир” жана башка

“Убакыт керексиз нерсеге кетпеши керек”

– 17 жашымдан баштап иштедим. Кээде үй-бүлөмдүн керектөөлөрү менин тапканымдан көз каранды болгон учурлар болгон. Убакыт керексиз нерсеге коробошу керек дечүмүн. Андыктан досторума окшоп көчөдө деле көп ойногон жокмун. Оюнга караганда китеп окуп же кино көрүп отурган жакчу. Анан башка окуучуларга математикадан сабак берип акча таба баштадым. Математика баарына жага бербейт. Бирок каалайбызбы-каалабайбызбы аны билишибиз, окушубуз керек. Анткени бизди курчап турган нерсенин баары эсепти, сандарды талап кылат...

Мындай ойлорунан улам Ильхан Шен чоңдордун жашоосуна эрте эле киришкенин байкаса болот. Болгариянын Варна шаарында инженер менен мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 2 жашка чыкканда өлкөдө саясий кырдаал курчуп, үй-бүлө Түркияга эмиграция болуп келген. Айрым оорчулуктарга карабай Ильхан менен карындашы бактылуу балалыкта чоңоюшту. Кичинесинен эле зирек Ильхан 8 жашында орус жазуучусу Фёдор Достоевскийдин чыгармаларын окуп чыккан. Бул мугалим апасынын таасири эле.

“Фенербахче” футбол клубун башкарам...”

– Мектепти бүтүп, аттестат колго тийгенде мындан ары кайда барышым керек деп ойлодум. “Фенербахче” футбол клубунун күйөрманымын, анан аларды жетектеген адамдар эмне иш кылганы кызык эле. Ал кезде клубдун башчысы Азиз Йылдырым болчу. Өз иликтөөмдү жүргүзүп, футбол клубун башкаргандардын көбү инженер-куруучу кесибинин ээси экенин билдим. Мен да бул кесипке окусам, “Фенербахчени” башкарганга мүмкүнчүлүк чыгат окшойт дедим да, ошол багыттагы окуу жайга тапшырдым...

Ильхан мырзанын атасы да инженер кесибинин ээси, бирок уулу атасынын жолун улап эмес, футбол клубун башкарам деген ойдо бул кесипке ээ болгон. Студент болгондо акча көбүрөөк керек эмеспи. Кошумча эмне иш аткарсам деп жүргөн жигит моделдерге кастинг жүрүп жатканын угуп калат. Кастингден өтүп, моделдик доору башталган Ильхан 2009-жылы алгач “Түркиянын мыкты модели”, көп өтпөй “Европанын мыкты модели” аталат. Түркия, Италиянын ортосунда иштеген модель “Vivienne Westwood”, “Dolce&Gabbana”, “Intimissimi”, “Armani” сындуу дүйнөлүк бренддердин жүзүнө айланган.

“Камера сыртындагы иш процесси жагат”

– Бир нерсеге кызыксам, баш-отум менен кирип кетмей жайым бар. Андай кызыгууларымдын бири – кино. Айрыкча кинонун өзү эмес, камера артындагы иш процесси кызык. Режиссёр кайда отурат, камера кандай ракурста тартат, жарык кандай берилет, актёрлор кантип ойнойт... Ошон үчүн да документалдык тасмаларды жактырсам керек, чындыкка жакын деп...

Инженерлик кесиби боюнча 3 жыл гана иштеди. Киного болгон кызыгуусу өөрчүп, ушул тармакта билим алууну чечкен. Театрга барып, андагы актёрлордун ишин көрүп, тажрыйба топтоп, акырындап аралаша баштайт. Бир күнү режиссёр Хилал Сарал келип, Ильхан Шендин келечек кесибине эшик ачкан. 2011-жылы “Перспектива” тасмасы менен дебют жасаган. Тасма көп көрүүчү топтобогону менен, кино фестивалдарга катышып, бир нече сыйлыктуу болгон. Ильхан мырзаны дүйнөгө таанымал актёрго айланткан “Сүйүү. Акыл-эс. Өч алуу” сериалы болду. 2021-жылы чыккан бул сериалда каарманыбыз алгачкы жолу баш каармандын ролунда болчу. Сериалды көрсөтүү укугун Испания, Италия, Бразилия, Словения, Сауд Арабия, Иран, Эквадор, Аргентина, Чили, Гондурас жана башка өлкөлөр сатып алган. Ошондон бери баш каармандардын гана ролуна чакырылган Ильхан Шен учурда “Сапфир” сериалы менен күйөрмандарын кубантып турган чагы.

“Айымдардын акылына көңүл бурам”

– Жашоомдогу сүйүү мамилелерин санасам бир колумдун манжалары ашып калат. Узак убакытка созулган мамилелер болгон. Эмнеге бирге болбой калдык? Эгер эки адамдын ортосунда “чын эле менин адамымбы, чын эле сүйөмүнбү?” деген күмөн саноо сезими жаралса, мамилени андан ары улантуунун кереги жок деп эсептейм. Андан ары өзүңдү-өзүң моралдык жактан зордогон болуп каласың. Айымдарда мен баалаган сапат – интеллект...

Түрк кино жылдыздарынын арасында көз күйдүргөн бойдоктордун катарына кирген Ильхан мырза жеке жашоосун коомчулуктун көзүнөн сактаган адам. Андыктан анын ким менен мамиледе экени тууралуу дээрлик так маалымат жок. 

Ильхан мырза тууралуу кошумча маалыматтар

* Ильхан Шен – интеллигент адам. Азыркыга чейин түрдүү тармакта билим алып келет. Өзгөчө философия тармагындагы китептерди кызыгып окуйт. Бирөө менен баарлашууда туура сүйлөө манерасын карманат. СМС жазышууда туура жазуу эрежелерин сактаганга аракет кылат.

* Фотограф. Ак-кара түстөгү сүрөттөрдү тартканды баалайт.

* Филантроп. Билимге маани бергендиктен, кайрымдуулук иштерин да ушул багытка бурган. Ал Түркиянын алыскы аймактарын кыдырып, мектептерди оңдоп-түзөө иштерине көмөктөшүп, окуучуларды керектүү окуу куралдар, форма, китепканаларды керектүү китептер менен жабдып турат.

* Виртуоз. Профессионалдык деңгээлде гитара чертет. Жашоосун музыкасыз элестете албаганын айтат. Күнүгө музыка угат. Негизинен классикалык чыгармаларга басым жасайт.

* Денесинде эки татуировкасы бар. Биринчиси, + белгиси. Аны жазуучу Хакан Гүндайдын «Киньяс жана Кайра» романына таасирленип жасаткан. Экинчиси, антилопанын баш сөөгүнүн формасы чегерилген. Бул татуировканын эч кандай мааниси жок, болгону сүрөт жагып калган.

* Кыялкеч. Убакытты башкарып, өткөн чак, келер чакта саякаттай алса Жердин акыркы күнүн көрүп келмек. Космостогу супер баатырдын образын жаратууну кыялданат.

 

Асыл Орозбекова    

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан