АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Ошого деле миң ыраазы болмокмун. Мейли, баштагыдай жигитим болбосун, мейли, башка бирөөнүн күйөөсү болсун. Ал баары бир жанымдын жарымы болуп кала берет. Бирок мындай оюмду ажал менен бет келишип турсам да Арстандын алдында моюнга алмак эмесмин.
Элдар менен атамдан кабар күтүп жүрүп чарчадым. Канчалык оозумду таптабайын, ачык сураганга даай албадым. Анан... Бир күнү эшиктин коңгуроосун капыстан шыңгыратып ал кирип келди. Күтпөгөм. Ашканадан алып келе жаткан табагым тамагы менен кошо колумдан учуп, эшик ачкан Элдар таң кала мени тиктеп калды. Тиктемектен мага десе... Азыр анын мааниси барбы, маңдайымда менден көзүн албай Арстан турганда!
Кандай учуп жеткенимди билбейм.
– Кечир!
– Мени кечир!
Кимибиз кимибизден кайсы күнөөбүз үчүн кечирим сурап жатканыбызды билбедим. Ойлоп көргөнгө чамам да жок эле.
Дале биринчи болуп эсине Арстан келди.
– Мобул кызды караңыз, Элдар мырза, көзүндө жаш, ууртунда күлкү. Бир аз чоңоюп, акыл кирип, токтолуп калды го дегем. Баягы эле бойдон экен. Ай-ай-яй!..
– Айтпа.
Элдар кучакташкан экөөбүздү жылмая тиктеп турду.
– Айдайдын сени көрүп мынчалык кубанарын билсем, алда качан сени өзүм таап, алып келмек экенмин.
Кубанбагандачы! Арстан мени эч качан кечирбейт, бетиме карабай басып кетет деп ойлоп, уктай албай далай таңды атырганымды билсең, минтип айтмак эмессиң. Бакытым денеме сыйбай, кайра-кайра бетинен өөп жаттым. Арстан да чыдабады.
– Сени сагындым, эркетай.
– Оо, мага келип эле эркеликти үйрөндү десе, башынан эле эрке беле?
– Бул кыздын эркелигин айтсам, “бекер эле үйлөнгөн экенмин” деп кетесиз, жакшысы, айтпай эле коёюн. Айдай, сен конокту «төргө өт» дегенди билесиңби же ушинтип босогодон кайтарасыңбы?
– Ой, кечир, жүрү ичкериге. Элдар, силер кире бергиле, мен азыр.
Жерге төгүлгөн тамакты эми эстеп, тазаламакчы болгон мени күйөөм токтотту.
– Разия, кызым, бул жерди өзүң эле тазалай салчы.
– Жок, жок, өзүм эле.
Шашып ашкананы көздөй жөнөдүм. Менин катамды Разиянын түзөгөнү эле калды эле. Күлкүсүн араң тыйган Арстан Элдардын жетегинде төркү үйдү көздөй жөнөдү. Шашпай тур, али сага көрсөтөм күлгөндү!
Дасторкон үстүндө көп жакшы сөздөр сүйлөндү. Арстан мени менен таанышканын, ар кайсы жоруктарымды айтып берип, кээде мени чычалатып коюп Элдар экөө көздөн жаш чыкканча күлүп жатышты.
Эгер Арстанды жакшы билбесем, чын эле маанайы ачык, жыргап отурат деп ойломокмун. Экөөбүз чогуу жүргөн күндөрдү эске түшүрүү канчалык кыйноо жаратып жатканын сезгеним үчүн анын тамашаларына чычалабай, үнсүз гана жылмайып отурдум. Арстан бул кыз өзүн жоготуп койбосун деп атайы өзүн ушундай кармап отурат. Эгер бир азга эле кабагы бүркөлүп, көзүнө кылгырган жаш келчү болсо, мен бакырып ыйлап калмакмын. Ошону түшүнүп турду. Мени Арстандан жакшы билген ким бар дейсиз?!
– Мына, Элдар мырза, мен ушундай наглый адаммын. Кичине эле ийилип, жакшы мамиле кылып койгон адамдардын моюнуна минип, кетпей отуруп алам. Саат... Ох-оо, түнкү эки болуп кетиптир. Кел демек бар, эч ким кет дей албайт деген ушу да.
Алакандарын ушалай ордунан турган Арстандан азыр айрылып калчудан бетер жүрөгүм ооруп чыкты. Кал деп кантип айтам? Үй ээси эмеспи, Элдар айтсын. Күйөөм менин жалбарган кейпимден эмнени каалап жатканымды илгиртпей түшүндү.
– Жети түндө кайда бармак элең? Өзүң үч жылдан бери эми араң эшик-төрүбүзгө келсең, анан түн ортосунда кетип каласыңбы? Сен кетсең, мобу кыз ыйлап ээрчип алчудай болуп турат. А биз, балам экөөбүз кантебиз?
– Айдай менин кеткениме ыйлайбы? Чын эле ыйлайсыңбы? Ишенгим келбей турат.
Элдар анын кебин тамаша деп түшүнүп, күлүп калды. А биз үчүн тамаша эмес эле.
– Ишене берсең болот, ыйлайм. Ыйлаганда да кандай...
Элдар кийлигише кетти.
– Айдай, ушу сени үйдүн кожойкеси деп ким айтат? Алгач конок жатуучу бөлмөнү дайындасаң, алып калыш бизден го.
Мага ушул сөз эле жетпей турган. Жылт коюп үстүңкү кабатка жөнөдүм. Бир аздан соң жогоруга Элдар менен Арстан да чыгышты. Стакандардын шыңгыр кагышкан үнү чыгып калды. Түшүнүктүү, эркектер өздөрүнчө таанышканын белгилеп жатышат.
Үйгө түнөп калган күндө деле Арстан менен кеңири сүйлөшө алган жокмун. Бөлмөсүн көрсөтүп, “түнүң бейпил болсун” деп чыгып баратсам күлүп жиберди. Бул эмне күлөт? Азыр күлө турган абалбы? Жиндене кайрылып, тиктеп калдым.
– Ушундай акмак абалдагы түн бейпил болот дейсиңби?
Колундагы телефонун ары-бери айландыра көпкө туруп калды да, күтүүсүздөн жерге чаап жиберди.
– Айдай, сен жеткен өзүмчүлсүң.
Шыбырап араң чыккан ушул үндө канчалык жек көрүү жатканын билсеңиздер эле! Кулакты жапкан боюнча качып чыккым келди. Бирок карылуу колдор мени коё бербей кучактап алды.
– Сени жек көрөм, бирок сүйөм.
«Болду, токтот, Айдай. Бул бөлмөдө калуу коркунучтуу, эртерээк чыгып кет!» Акылым ушинтип кыйкырып, аны менен удаа эле денем да булкуна анын кучагынан чыгып кетти.
– Коркпо, сени ыңгайсыз абалга калтырбайм. Андайга акыл-эрким жетет.
Кайрадан жылуу колдору жүзүмдөн сылай жакындап келе жатты.
– Аял болгон сага абдан жарашат экен. Ал кезде сен жаңыдан бүрдөп келе жаткан бүчүр элең, эми чыныгы ай-чырай сулууга айланыпсың.
Мм-мм, неге мынча жылуу, жагымдуу!
– Арстан, мен кетишим керек.
– Билем, ошо кетишиң керек экенин мен да билем. Мага кичине жаның ачып, кетем дегенимде кетирип жиберсең болмок. Сенин дубалдын ары жагында бирөөнүн кучагында жатканыңды билип туруп кантип уктайм? Неге алып калдың? Дагы кыйналсын дедиңби?
Эмне деш керек? Алдап койсомбу же чынын айтуу керекпи? Жакшысы, чынын айтуу керек.
– Сен Элдар менен иштээр-иштебесиңди айтпадың. Дегеле эми келип турарыңды же дагы жылдап карааныңа зар кыларыңды айтпадың.
– М-да, өзүм да ошентет деп ойлогом. Апамдар го макул, эмне, сен дагы Элдардын колунда иштейт деп ойлоп жатасыңбы? Койсоңчу, Айдай, сен мени капа кылып жатасың.
– Жок. Макул болбойт деп ойлогом. Сени жакшы билем го.
– Анан?
– Эмне анан?
– Өзүң кандай кылышымды каалайсың?
– Жанымда болушуңду каалайм.
– Ким катары жаныңда болушум керек? Сенин күйөөң бар, демек, жигитиң боло албайм. Эмне, ойношуң болушум керекпи?
– Суранам, мыскылдаба!
Бакырып ыйлап жибере жаздадым.
– Макул, макул, тамашаладым. Туура эмес тамашалап алды деп ойлоп кой. Эми олуттуу сурайм. Сен кандай ойдосуң? Иштешкеним жакшыбы же сенин атың чыккан, жытың урган жерден он чакырым айланып өтүп жүргөнүм жакшыбы?
– Жанымда болушуңду каалайм. Мейли, жигитим эмес, бир тууганым болсоң да, мейли, башка-бирөөнүн күйөөсү болсоң да! Жанымда болгонуң гана жетиштүү. Мобу жылуу каректерди көрүп, жүрөк толкуткан үндү угуп турсам болгону.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
sezim
2011-02-11 17:59:05
бул сериалдын буторуно дагы канча убакыт бар? коп коптон эле жазгылачыы.....
0
Bishkekchanin
2011-02-11 19:01:12
Мен картайып кетмей болдум!!!

Айдай, эртерээк бироону тандачы, Элдарды же Арстанды!
0
operaledi
2011-02-11 19:32:46
Элдар менен эле калганы он го? Арстанды тандаса, а баланы ким ойлойт.Огой ата оз атага жетпейт, тем более тируулой.Эми Элдарды олтуруп салбагыла....
0
aminali
2011-02-11 21:38:40
Men da konokko bargandai bolup kaldim,Aidaidin uiuno.
0
aku
2011-02-12 11:29:33
chyn ele emi kinodogudai bolup Eldar kokustan olup kalsa ne bolooot........
0
nensi
2011-02-12 23:20:11
Kok meege okwoboi balasyn oiloboibu,Arstanga serezno malile kylyp emi chynygy karyndashyndai bolso bolot,men bolgondo Eldar menen ele bir jakshyna bolup jashait elem.Turmush wowndoi bolot.Kudai jazgan bolot.Ech kim any ozgorto albait.Emi aldyna synap Arstrandy alyp keldi,synoodon otuw kerek Aidai bashy ailanbastan.Ene dele bolup kaldy,boldu kylsa bolot ele emi.
0
Nuray
2011-02-13 03:07:13
abdan jetkiliktyy, jakshy jasylgan chygarma, avtorgo chooon respect!!!
0
altynjan
2011-02-13 10:21:57
эх суйууу эми эмне болот
0
tutu
2011-02-13 10:28:05
Народ, Вам не кажется, что Разия влюбится в него. Она сейчас на втором плане,как бы ее есть и нет,автор готовит нам сюрприз.Мне кажется все самое интересное впереди.
0
milli
2011-02-13 18:08:35
Kyzyk...
0
Gumaw
2011-02-13 18:40:42
эх чиркин дунуйо эмнеге мынча таш боор экен ээ? мен да айдай мн арстандын мамилесин озум суйуп корбосом да эт терим мн сезип аябай ыйлагым келип кетти((((((
0
minas
2011-02-17 13:00:30
bul chigarmadan jakwinakai bir film tartuu kerek
0
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан