(Башы өткөн сандарда)
– Биз эми... деп жалооруй карап тизелей отура калган Дайырдын сөзүн Алтынай оозунан жулуп алды.
– Биз деген бир нерсе барбы экөөбүздүн ортобузда? Экөөбүздүн ушундай мамилебизден “биз” деген нерсени көрө албай турам,- көздөрүнөн мөлт эте жаш акты.
– Алтыш, мен сенин эч бир сөзүңө каршы сүйлөй албайм. Актанарга дарманым калбады? Болгону эми биз деген бир бүтүндүктү жаратууга болгон күчүмдү жумшайм.
– Баарын убакыт көрсөтөт. Мен азыр чындап кайсы убадаңа ишенеримди билбейм. Аткарылбаган убадалар ансыз да көп.
– Мени кечирчи, Стамбулдун кооздугун да тоё каратпай кайра эле көйгөй, кайгы, ый менен алпуруштуруп жатканым үчүн.
– Бир жерден экинчи жерге көйгөйүңдөн качып орун которбо деп акылмандар туура айтат. Бишкектен Стамбулга келип мен да көйгөй, түйшөлткөн санаа-оюмду Бишкекке таштап сала алган жокмун.
– Алтыш, кел убактылуу болсо дагы баарын унута туруп, ушул көз ирмемде бактылуу жашачы. Буюрса, баары жакшы болот.
– Мени жалгыз калтырчы...- Алтынай көз жашын сүртүп Стамбулдун түнкү сулуулугуна суктана карап мелтиреп үндөбөстөн туруп калды. Анын бул мүнөзү Дайырга маалым. Сөздү улантуунун кереги жок экенин Дайыр түшүндү да, бөлмөгө кирип кетти.
Досторунан алыстап, өзү менен өзү болуп, үй-бүлөсүнүн жанында убакыт өткөрүп жатканына кубанып жатты Дайыр. Эгер баягы чөйрөсүндө жүрө берсе үй-бүлөсүн саякатка алып чыкмак тургай, алар менен жөн эле убакыт өткөрүү тууралуу ойлонбойт эле. Ушул күнгө чейин аркага бир кылчайып эмне кылып жүргөнүнө баам салбаганына өкүндү. Жашоомдо болгон нерсенин баарына жол берип кантип жашап жүрдүм деп ойлонот. Азыр да тынч уйкуда уктап жаткан Алтынай менен Аланды көпкө карап отурду.
“Билинбей жылдар өтүп жатат. Сени бактылуу кылам деп сөз берип жубайлыкка албадым беле... Бактылуу кылганым ушулбу? Сени канча беймаза кылдым. Ооба, азыр да мага, биздин “биз” боло аларыбызга ишенбей турасың. Мейли, ишенбе. Ишенбей турганыңдын жөнү бар. Мен азырынча сенин ишенимиңе татыксызмын. Убада унутулбайт, убада аткарылбай калат дейт го. Мен сага берген убадаларымды азыр да унутканым жок. Баары эсимде... Болгону мен аларды аткара албадым. Бирок кеч болсо дагы аткарам. Сен менден бардык жаман сапаттарымды көрүп туруп баш тарткан жоксуң. Сен мен үчүн ата-энеңди каршыңа алдың. Сый-урматка сен эмес, анан ким татыктуу болот эле?.. Турмушта эмнени кор тутсаң ошого зар болосуң дейт го... Сен менден кол үзүп кетсең сендей жанды бул ааламдан башка кезиктире албасмын. Менин эми жогото турган эч нерсем калган жок...” Ушундай ойлордун кучагында Дайыр түнү менен кирпик какпады. Алтынайдын сөзү аны терең ойго салды.
xxx
Шамэл Асылайдын классынын жасалгасын абдан жакшы кылып бүтүрүп берди. Ал тургай классты иреттеп жыйнашканга дагы жардамдашты. Асылай экөө “муну ары коёлу, муну мындай кылган жакшы жарашат экен” деп кеңешип иш кылып жатышты. Экөө бири-бирин ушунчалык жакшы түшүнүшөрүн ушул иштерди жасап жатып аңдашты. Бирок экөө тең бири-бирине ичиндеги ойлору тууралуу сыр билдиришкен жок. Ушул тапта экөөнүн тең ичинде “биз мыкты жубай боло алат белек...” деген бир ой турду. Класстын ичи толук ачылышка даяр болду. Асылайдын көздөрү күлмүңдөп кубанычында чек жок.
Бүгүн класстын ачылышы. Ага Шамэлди дагы чакырган эле. Бирок ал көпчүлүккө аралашуудан, алардын көзүнө көрүнүүдөн тартынды. Барсамбы, барбай эле койсомбу деп эки анжы болуп жатып Асылай үчүн барууну туура көрдү. Элдин көз карашына түтөрмүн деди өзүнчө кайрат күтүп. Таң эрте туруп сакал-мурутун алып даярданды. Спорттук сумкасындагы кийимдерин алып чыгып кийип барууга кийим караштырып жатты. Баары эле спорттук кийимдер болгондуктан тандоо кыйынчылык жаратты.
– Эки жакка кийип барар бир кийимим жок тура, көрсө. Элге аралашпагандын кесепети да,- деп өзүнчө сүйлөнүп алды. Жаңы кийим алып кийеин десем убакыт тартыш. Атасынын кийимдери эсине түштү. Төркү үйдөгү кийим салган шкафтан атасынын бир жемпир, шымын таап кийди.
– Билинбей мен деле салабаттуу киши болуп калган турбаймынбы. Мен моюндабаганым менен, күзгүдөгү бул көрүнүш айтып жатат. Абакта өткөн 15 жылчы...- деп үшкүрүнө отуруп калды Шамэл. Ойлор бирин-бири улап канча убакыт өткөнүн байкабай калды. Бир кезде “сен келбесең таарынам” деген Асылайдын күлмүңдөгөн көздөрүн эстеди. Ордунан секирип турду да саатты карады. Он болуп калган болчу, шашыла жөнөдү.
Баарынын көзү эшиктен кирип келген чоочун кишиге бурулду. Чынында 15 жыл көрбөгөнгө аны эч ким деле бир көрүп тааный койгон жок. Бирок ким бул дегенсип ишарат кылып, бирин-бири түртүп күбүр-шыбыр түшүп калышты. Бул көрүнүш Шамэлди өтө ыңгайсыз абалга калтырды. Ушунча элдин арасына келип алганына өкүнүп кетти. Бул көрүнүштү байкай калган Асылай элдин көңүлүн эптеп башка нукка буруп кетти.
– Урматтуу менин конокторум, класс кандай жасалыптыр?
– Укмуш болуптур, сен баштаган иш качан чала болчу эле?
– Биринчи орунду талашсыз сага бериш керек го...
– Өзгөчө сүрөттөрүң көркөмдөлүп тартылыптыр...
– Эми баарыбыз сүрөт тарттырабыз деп чыкпасак болду...- баары бирин-бири кубаттай класстын жасалгасын мактап калышты.
– Баарыңарды көңүл кош калтырбаганына кубанычтамын. Сүрөттөрдүн авторуна ыраазычылыгымды билдирбесем болбойт. Шамэл, сизге рахмат, менин кыялымды, ойлогонумду дубалга түшүрүп бергениңизге,- деп башын ийип ыраазы экенин билдирди. Ал атайын сиз деп сүйлөдү. Элдин көзүнчө сунган колун кайра кайтарбасын билип Асылай ага мугалимдердин алдында конверт сунду. Атайын эмгек акысын берейин деген. Болбосо албай коймок.
Баары Шамэлди карап калышты. Жанатан күбүр-шыбыр болуп жактырбай карап жаткандар эми ага керектүү кишисиндей мамиле жасап, бир заматта көз караштары өзгөрө түштү.
Элдин баары кеткенде Шамэл:
– Асылай, бул сенде калсын,- деп конвертти столго койду.
– Шамэл, ушундай болмок беле, бул ушул классты жасатууга чогултулган акча. Мен сенин эмгегиңди жебешим керек. Ансыз да бул жерде сенин эмгегиңди таза баалай ала турган деле сумма жок. Албасаң мен өзүмдү жаман сезем,- деп Шамэлге сунду.
– Сен эмгегиң үчүн акча алгандан эмнеге ыңгайсыз болосуң. Эмгек кылдыңбы, акысын алыш керек. Бирөөнүн акысын жеп же уурдап алып жатпасаң,- деди Асылай.
Конвертти төрт бүктөп алып мыкчый кармап кетип бара жаткан Шамэлди Асылайдын сөзү ойго салды.
– Чын эле,- деди ал. – Мен бир кезде уурдап, тоноп алган акчаны колдонгондон уялбачу элем. Азыр ушинтип маңдай тер менен иштеген эмгек акымды алгандан уяламбы.
Ойлоп көрсө өмүрүндө биринчи жолу ак эмгек менен өзү мээнет кылып акча тааптыр. Ата-энесинин моюнуна минип жүрдү. Анан эле тескери жолго түшүп кетти. Уурдап-тоноп тапкан акчага жан бакчу. Алар жетпесе ата-энесин акча сал деп кыйначу. "Өмүрү эмгек акы алып көрбөсөм ушул да" деди өзүн жектей.
Телефону шыңгырап калды. Өткөндө “байланышка жарап турат. Антпесе сени кайдан издеримди билбей калып жатам” деп Алтынбек агасы эски телефонун берген. Азыр ага биринчи ирет чалуу келип жатат. Асылай же Алтынбек агасы деп болжоп телефонду көтөрдү.
– Саламатсызбы?- чоочун үн.
– Саламатсызбы?- деп токтоп калды.
– Атым Алия. Номериңизди Асылайдан алдым. Сиздин эмгегиңиз мага абдан жакты. Сүрөт тарттырайын дедим эле...
(Уландысы кийинки санда)