Панда По кайрадан экранда: “Кунг-фу панда-4”

Пону жаш балдар эле эмес, улуу муун да жакшы көрсө керек. “Кунг-фу панда” мультфильминин 4-бөлүгүн мен да чыдамсыздык менен күткөм. Күткөн күн жакындады. Панданын жана анын досторунун кызыктуу жоруктары менен бөлүшүүгө убакыт жетти. Март айында прокатка чыга турган мультфильм кызыктарга бай болду деген ишеничтебиз.

Чыккан жылы: 2024-жыл, 8-март (АКШда 8-мартта, орусча котормосу менен бир аз кечирээк чыгат)

Тарткан өлкө: АКШ, Кытай

Режиссёру: Майк Митчелл, Стефани Стайн

Сценаристи: Жонатан Айбел, Гленн Бергер

Узактыгы: 1 саат 34 мүнөт

Үн коштогондор: Жек Блэк, Аквафина, Виола Дэвис, Дастин Хоффман, Дэвид Кросс, Сет Роген, Анжелина Жоли, Жеки Чан, Люси Лью жана башкалар  

Популярдуу франшиза

3-бөлүм чыккандан 8 жылдан кийин гана зарыктырган мультфильмдин 4-бөлүгү чыкканы турат. Өткөндү эске салсак, По аттуу панда менен алгач 2008-жылы таанышканбыз. Олдоксон, шайыр, боорукер панда дароо эле күйөрмандарын тапкан. 2011-жылы франшизанын экинчи, 2016-жылы 3-бөлүмү экранга чыкты. “Кунг-фу панданын” 1-2-бөлүмдөрү “Оскар” сыйлыгынын “Мыкты анимациялык тасма” номинациясына талапкер болгон. Көпчүлүк франшизалардын алгачкы бөлүмдөрү кызыктуу болот да, кийинкилери көпчүлүктүн суроо-талабына төп келбей калат го. Бирок америка-кытайлык жаратуучулардын “Кунг-фу панда” долбоору андай кризиске туш болгон жок. Тескерисинче, По менен анын достору, каршылаштары тууралуу окуялар жаш-карыны кызыктырып, мына эми 2024-жылдын жазы менен 4-бөлүмгө күбө болгону турабыз. 

Негизги душман – Хамелеон

Буга чейин Кытайды түрдүү коркунучтардан сактап келген По 4-бөлүмдө эмне кылат? Панданын алдында жаңы милдет турат – Тынчтык өрөөнүндө руханий лидерлик кызматты аркалоо. Ал эми өзүнүн ордуна башка жоокерди тандашы зарыл. Куу, айла-амалдуу түлкү Чжень Понун шакирттигине мыкты талапкер эле. Түлкүнү кыска убакытта үйрөтүш керек, антпесе аркы дүйнөдөн күчтүү делген желмогуздарды чакырууга күчү жеткен, өз формасын каалагандай түргө өзгөртө алган Хамелеон аттуу бакшы бүт дүйнөнү басып алам деп турат. По менен Чжень биригип дүйнөгө коркунуч келтирген душмандарга каршы турушат. Ал үчүн алгач бири-бири менен көнүшүп, тил табышып дегендей. Анан Хамелеонго жана анын тарапташтарына канткенде туруштук бере алышат, кантип жеңсе болот деген суроолордун жообун табышы керек. 

Үн коштоочулар

Тасманын бир ийгилиги туура үн коштоочуларды тандаганында. Понун үнүн кайрадан эле америкалык музыкант, актёр, комик Жек Блэк коштоду. Ал эми биз орусчасын көнүп калган Михаил Галустяндын үнү менен уга алабыз. “Жеңилбес бештиктин” үндөрүн: жолборс – Анжелина Жоли, маймыл – Жеки Чан, турна – Дэвид Кросс, богомол – Сет Роген, жылан – Люси Лью коштойт. Жаңы кошулган түлкү Чжендин ролунда америкалык ырчы, актриса Аквафина, Хамелеонду болсо актриса Виола Дэвистин үнү менен уга алабыз. Орусча версиясын да мурдагы актёрдук курам коштойт дешет орус кино таратуучулары.

Жаратуучулар

"Кунг-фу панда” франшизасы буга чейин “Шрек”, “Мадагаскар”, “Ажыдаарды кантип үйрөтүш керек”, “Өтүкчөн мышык”, “Босс-молокосос”, “Спирит” жана башка көптөгөн популярдуу мультфильмдерди экранга чыгарган “DreamWorks Animation” студиясына таандык. Ал эми таратуу кызматын “Universal Pictures” кино компаниясы колго алган. Режиссёр, сценарист, музыкант жана башка тартуучу топтун ар бир кызматкери анимация дүйнөсүнүн алптары.

2022-жылдын август айында мультфильмдин 4-бөлүмүнүн тартуу иштери башталганы тууралуу кабарланган. 1,5 жылдан кийин долбоор даяр болду. Мультфильмдин режиссёрлорунун бири: “Кунг-фу панда” иштетилбеген алмаз сыяктуу. Андыктан тасма толук бүткөн бир сюжетти камтыганы менен, аягы ачык бойдон бүтөт. Бул Понун жоруктары дагы бүтө элек деген ой, ыңгайы келсе уландысы тартылат. Тартылбаса күйөрманда жооп таба албагандай суроо жаралбайт”,- дейт.

“Жеңилбес бештик” бар

Ар дайым Пону колдоп жүргөн достору, өздөрүн “Жеңилбес бештик” деп атаган каармандар: жолборс, маймыл, турна, жылан, богомол мультфильмдин 4-бөлүмүндө да бар дешет жаратуучулар. Бирок эпизоддук ролдорго эле тартылганбы, же мурдагыдай панданын жанында башынан-аягына чейин болобу, аны тасмадан көрө алабыз. Баса, Понун алгачкы душманы болгон илбирс Тай Лунгду Хамелеон аркы дүйнөдөн чакырып келет экен. Демек, илбирс менен панданын кармашына кайрадан күбө болобуз. Жашоодо да аты көп колдонулган Шифу устатты күткөндөр барбы? Бар болсо бул каарман да долбоорго кошулду. Көрүп жүргөн каармандардан сырткары мультфильмге жаңы дем кошкон жаңы жүздөр, албетте, бар. 

Канча корогон, канча топтоду?

1. “Кунг-фу панда”

Бюджети: 130 миллион доллар

Топтогон каражаты: 631 737 638 доллар

2. “Кунг-фу панда-2”

Бюджети: 150 миллион доллар

Топтогон каражаты: 665 692 281 доллар

3. “Кунг-фу панда-3”

Бюджети: 145 миллион доллар

Топтогон каражаты: 521 170 825 доллар

Төртүнчү бөлүмдүн каражаты кийинчерээк билинет.

Асыл Орозбекова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1109, 8-14-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан