Таласбек Кашкариев, куудул: «Чоң энем каза болгондо көмдүрбөй ыйлагам»

Элге күлкү тартуулап, тамаша кептери менен маанай көтөрүп жүргөн куудул, “Беш тапандын” шайыры Таласбек Кашкариев менен анын балалыгын эскердик. Балалыгы ары кызыктуу, ары  жылмайткан, ойлондурган окуяларга бай экен. 

«Чоң энем класска кирип барып курсагымды тойгузчу»

– Мен Токтогул районунун Толук деген айылында 1980-жылы төрөлгөм. Балалыгым 5-класска чейин ошол Толук айылында өттү. Бизге ал кезде совхоздун тайлары тийчү, кышы менен тай минип улак тартыш ойноп, чана тээп эле жүрчүбүз. Чоң энем биз менен жашайт эле, экөөбүз аябай жакын элек, мени коюнуна алып жатчу. Конокко барса жүз аарчысына момпосуй ороп келип, башкалардан бекитип мага берчү.

1-класска 1987-жылы бардым, барсам мектептегилер чермий, анан оюулары бар кара шым кийип жүрүшүптүр. Үйгө бардым да, апама “ошондой кийим алып бериңиз” дедим. Макул деп дүкөнгө келгенде апамдын акчасы жетпей калдыбы, иши кылып, мен дүкөндөн чыкпай ыйлаганым эсимде. 1-класста чоң энем мектепке барып, класстын эшигин ачып “Талас” дейт эле. Анан эң арткы партага отургузуп алып жүз аарчысынан эт, конфет-печенье алып чыгып жедирет. Байкуш чоң энем андан ары үйгө кетпей, дөңдө күтүп отурчу. Мен сабактан чыкканда “балдар менен бара бер” деп коюп, өзү артымдан ээрчип келчү. Мен 1-классты бүткөн жылы каза болду. Ошондо чоң энемди мүрзөгө алып барганда кучактап алып “чоң апам тирүү, өлгөн жок” деп көмдүрбөй ыйлаганым эсимде. 

«Бир маалда сарай кулады, үйгө чуркасам, үй кулады...»

– 1992-жылы биздин айылда аябай катуу жер титирөө болгон, бир да үй калган жок, бүт кулап түштү. Бир топ адамдар каза болушту. 19-август болчу. Элдин баары эртең менен саат 8де “Просто Мария” деген сериалды чогулуп күтүп көрүшчү. Эртең менен эле “эшикке чыккыла-аа, жер титиреп жатат” деп кыйкырып калышты. Эшикке чуркап чыксам айлана боппоз чаң, бир маалда сарай кулады, кайра үйгө чуркасам, үй кулады. Баарыбыз кошунанын үйүнө чогулдук. 15-20 мүнөттөн кийин экинчи толкун болду. Экинчиси аябай катуу болуп, бир да үй калбай кулап түшүп калды. Чаң-тополоң, ызы-чуу эле болуп жатып калды айыл. “Амансыңарбы? Паланчаны там басып калыптыр, каза болуптур” деп эле жатышты. Бир маалда тик учактардын үндөрү угула баштады. Эстеп көрсөм, 1992-жылы ачарчылык башталган мезгил экен, загарадан нан жеп калган элек. Жер титиреген күнү түштөн кийин жардамдар келе баштады. Биз өмүрү көрбөгөн азыктар келди го, чиркин! Жашылча-жемиш, мөмө-жемиштер жайнайт, 1-сорттогу ундар келди. Палаткалар тигилип, палаткада бир жыл окудук. Кышында бир күнү дагы “эшикке чыккыла” деп кыйкырышты. Палатканын артында от жаккан меш бар эле. Ошондон өрт чыгып, палатка, ага кошо китептерибиз күйүп кетти. Жазында акемдер Чүйгө, Сокулуктагы Жаңы-Жер айылына көчүрүп келишти.

«Жеңелеримден бери комуз чертип ырдашат»

– Бала кезде эле Толук айылында балдарды топтоп алып, чөптүн үстүнө чыгып оозума пахта салып күлдүрүп, чылапчын-тазиктерди койгулап ырдап концерт коюп жүрчүмүн. Мектепте орто окудум. Чийүү сабагынан жакшы чийчүмүн. Тентектик көп кылган жокмун. Бирок көчөдө көп жүрдүм, кайсы жерде кече болсо ошол жерде комуз менен ырдап жүрчүмүн, дискотекада жакшы бийлейт элем. Чыгармачыл адамдар сүйүүгө жакын болот окшойт. Толукта жүргөндө бир кызды аябай жакшы көрдүм. Менден 2 жаш кичүү эле. Класстагы балдардын баары билчү, анан ошого жабыштыра беришчү. Кийин биз көчүп баса бердик, ал кыз 7-классында каза болуп калыптыр. 7-8-класстын кыздары кирпигимди кармалап “красавчиксиң да, биз менен тең болгонуңда сага тиет элек” деп эрмектешер эле. Аларды көргөндө көзүмдү колум менен жаап каччумун (күлүп).

Комузду кичинемден үйрөндүм. Үйдөгүлөр атам баш болуп комуз чертишет эле. Жадакалса жеңелеримден бери ырдап, комуз чертишет азыр (күлүп). Апам 80ге чыгып калды, атам 2018-жылы 85 жашында каза болду. 2020-жылы эң улуу агамдын, 2022-жыл эң кичүү карындашымдын көзү өтүп кетти. Бул жоготуулар мени өтө кейитти, стресске кабылдым, бир туугандын күйүтү жаман экен. Карындашым аябай шайыр, берешен адам эле, жакшы ырдачу.

Эрте үйлөндүм, жубайым менен кыз-жигит катары 1 жылдан ашык сүйлөштүк. Эжемдин үйүндө жүргөндө таанышкам, ал да ошол райондо жашачу. Таанышабыз деп айланчыктап жүргөн таластык жигиттерден тартып алгам (күлүп). Өзү Таластын кызы. Күнүгө жумуштан чыкканда чакырып, колбаса алам да, аны тең ортосунан бөлүп, экөөбүз жечүбүз (күлүп). Учурда 1 уул, 2 кызыбыз бар. Уулум 22де, кызым 19да, кичинекейибиз 12де. Кудайга шүгүр, баш кошконубузга 23 жыл болду. 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1110, 15-21-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан