ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Египет

ЕГИПЕТТИКТЕРДИН КЫРГЫЗДАН ЭМНЕСИ КЕМ?
4-февралда Мубарак президенттик кызматта калып, сентябрда таза шайлоо өткөрүүгө АКШ менен Евробиримдиктин макулдугун алгандан кийин, өлкөдө шахматтагыдай пат абалы (каршылаш эки тарап тең жеңип чыгууга мүмкүн болбой калган абал) түзүлгөн эле. Бирок египеттиктер чоң казаттын алдынан тыныгып алайын дешсе керек, 8-февралда оппозициянын Мубарактын кызматтан кетүүсүн талап кылган массалык акциялары уланды. “Каирдеги “Тахрир” аянтына митингге чыккандардын саны 1-февралдагы “Миллиондордун маршынан” да ашуун” деген маалыматтар бар. Аянтка Египеттин бардык социалдык катмарларынын өкүлдөрү чогулуп, бул жаңыланууну бүт Египет коомчулугу каалап жатканынан кабар берет. Кошумчалай кетсек, 7-февралда Эл аралык көз карандысыз укук коргоо уюму Египеттеги кагылышууларда курман болгондордун саны 297ге жеткенин кабарлады. Кыргыздардай болуп 79 миллион египеттиктер 82 жаштагы президентин кетире алышабы же жокпу, күтө туралы.

Япония

ИТТЕР РАК ИЛДЕТИН АНЫКТАЙ АЛЫШАТ
Тынып-тынчыбас япондор дүйнөнү түрдүү ачылыштар менен таң калтырууну улантышууда. Бул жолу күн чыгыш өлкөсүнүн окумуштуулары медицинада ачылыш жасашты. Ал боюнча иттер адамдын заңын жыттоо жана дем алуусу аркылуу ичеги рак илдетин аныктай алышат.
Учурда бул максатта Кюсю университетинде лабрадор-ретривер породасындагы Мэрин аттуу ургаачы ит пайдаланылууда. Мэрин дүйнөдө ракты аныктоо боюнча башка бир да итти алдына салбайт жана ага клонун жасоо үчүн “куда түшкөндөр” көбөйүүдө.

Түштүк-Чыгыш Азия

КАМБОДЖА МЕНЕН ТАИЛАНДДЫН ЭСКИ ЖАРАСЫ КАЙРА КОЗГОЛДУ
Таиланд менен Камбоджанын чек арасында эски жер талаштын айынан кайрадан чыр башталды. 4-февралда башталган эки тараптуу ок атышууларда 2 таиланддык менен 3 камбоджалык окко учкан. Мындан тышкары карапайым адамдардын да түрдүү жаракат алгандары айтылууда. Таиланддын өкмөт башчысы коңшу өлкө менен мамиледе жумшактыкка жол берип жаткандыгы үчүн кызматтан кетиши мүмкүн деген божомолдор бар.
1904-жылдан бери талашка түшүп келген Преа Вихеа чиркөөсү XI кылымда курулган. Ошол жылдары чек ара тактоодо аталган чиркөө жайгашкан жер Таиландга тийген. Бирок 3 жылдан кийин Камбоджаны колонияга айландырып алган француздар жаңы карта түзүп, ал боюнча чиркөө колониясына таандык экендигин айтып чыгышат. Мына ошондон бери кызуу талаш жүрүп келет. 2008-жылы эки өлкө атайын тынчтык келишимге кол койгонуна карабастан, кагылышуулар кайталанып, курмандыктар болууда.

АКШ

КАТОЛИКТЕР ТЕЛЕФОН АРКЫЛУУ КҮНӨӨСҮН ЖУУЙБУ?
Американын Форт-Уэйна-Саут-Бенд (Индиана штаты) католик чиркөөсүнүн епискобу Кевин Роадс католиктерге Айфондун “Күнөөсүнөн арылуу” кызматын пайдаланууга уруксат берди. Бул кызматтан диний ишенимин бекемдөөнү каалагандар жана чиркөөгө баргысы келгендер пайдалана алышат. Бирок аталган "күнөөсүнөн тазалануу” чиркөөгө баргандын ордун баса албайт. Ал эми мындай кызматтын жаратуучулары католиктердин ишенимин заманбап технологиялар менен байланыштыруу максатында иштеп чыккандыктарын айтышууда. АКШда январдан баштап иштей баштаган бул кызматтын баасы 1 доллар, 99 цент.

Араб дүйнөсү

АРАБ ЛИДЕРЛЕРИНЕ ЭМНЕ БОЛДУ?
Тунис революциясы жана Египеттеги окуялар таасирин тийгизип жатабы, айтор, бир катар араб өлкө башчылары планда жок шашылыш реформаларды жасоого киришишти.
Биринчи болуп Иорданиянын падышасы Абдалла II үн катып, “өкмөттү отставкага кетирип, жаңы министрлер реформа жасайт” деп убада берди.
Экинчи болуп чечкиндүү кадамга Йемендин президенти Али Абдулла Салех барды. 32 жылдан бери “такта отурган падыша” 2013-жылы президенттик шайлоого катышпастыгын айтты.
Үчүнчү каарман Сириянын президенти Башар Асад болсо элинин эң жарды катмарынын өкүлдөрүнө 250 миллион доллар субсидия бөлдү. Тизмени улай жүрүп отурсак, 19 жылдан бери өзгөчө кырдаалда жашап келаткан Алжирдин президенти Абдельазиз Бутефлика да элдин оюн эске алууга аргасыз болду. Эми өлкөдөн өзгөчө кырдаал режими алынып салынат. Саясий партиялардын лидерлери радио-телеканалдар аркылуу коомчулукка кайрыла алышат жана борбордон башка аймактарда тынчтык митингдерине уруксат берилди.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 432, 11-17-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан