(Башы өткөн сандарда)
Ушундай болду. Акыл калчап чечилбеген, эмоция менен гана кабыл алынган ката иш болду. Шоола Жанатка “сага турмушка чыгам, экөөбүз бактылуу болобуз” деп айтканы менен, акыйкатта жүрөгүндө башка нерсе болчу. Апасынын “сенин жашооң шамал учурган жалбырактай болуп калды. Канат эч нерсе болбогондой өз жашоосу менен жашап жатпайбы” деген сөзү ага катуу тийди. Анын жүрөгүндө тек гана ыза бар болчу. Канатка болгон таарыныч, анын өзүнө болгон кайдыгерлиги, экөөнүн сүйүүсүнө болгон кыянаттыгы акылын тумандатып салган эле. Жанатка турмушка чыкканда “Кантип жашайм? Деги эле ушул адам мени бактылуу кылабы? Агасынын башын аттап жаткан адам, мага канчалык туруктуу боло алат?” деп акыл токтотконго да алы келбеди. Жүрөгү ызадан чычаладай болуп күйүп жатканда кабыл алды чечимди. Бир билгени Канаттан өч алуу эле. “Ал дагы эзилсин, мендей болуп жаны кашайсын” деген ыза болчу. Ар күнү анын иниси менен Шоола жашап жатканын көрүп жүрөгү канасын, жаны кашайсын деген сокур сезим, өч алуу ниети бар эле бул чечимдин түпкүрүндө. Ушундай болду. Экөөнүн чечими кийин баарынын башына үйүлө турган балээ болорун ушул учурда ойлошкон жок. Шоола үйүнө кирип кеткенден кийин Жанат машинесин көңүлдүү айдап жөнөп кетти.
ххх
“Укмуш үлпөт той өткөрөбүз, мындай той Кыргызстанда боло элек” деди өпкөсү көпкөн Жанат. Акчасын укмуштай чача турган болду. Экөө үйлөнүү тою болор күндү кеңешип, даярдана башташты. Бул кабар чагылгандай тез тарады. Жанат Ажар менен тез эле ажырашты. Калган майда-чүйдө буюмдарын алайын деп барса үйдө уулу Айдар менен Канат бар экен. Канатты көрүп кабагы бырышты.
– Сен кайдан? Ушул жакта эле жашап жаткан окшойсуң,- деди жактырбай.
– Ассалом алейкум!- деди Канат эч нерсе болбогондой. – Айдар экөөбүз ойноп отурабыз, Ажар жумушта. Мен баланы бакчадан алып келдим, азыр кетем.
– Хм, кайсы жумушту кыйратат экен?- деди Жанат кабыгын чытый.
– Аны сенден сурайт беле?- деди какшыктаган Канат. Айдар атасын сагынып калган экен, моюнунан кучактап бир нерселерди айтып жатты. Жанат болсо үйдөн бир нерселерин таппай убара. Ушул учурда Ажар кирип келди.
– Аке, сизди күттүрүп койдум. Жумушта кармалып...- деп келе жатып Жанатты көрдү. Жалдырап туруп калды.
– Эмне жалдырап карайсың, мен калган буюмдарымды алып кеткени келдим. Компьютеримди салдым. Кымбат сааттарым бар эле, ошолорду таппай жатам. Таап берчи,- деди Жанат саламга келбей. Ажар үн катпай сурагандарын таап берди. Алчусун алып чыгып бара жаткан атасынын бутуна жармашып Айдар ыйлап жиберди.
– Атаке, кетпе! Мени менен кал...- деди бала.
Жанат эч нерсе деп айткан жок, бутуна жармашып ыйлап жаткан бала башка бирөөнүн баласындай эле кайдыгер карап турду. Бала огобетер ыйлай баштаганда аны бутунан бошотуп туруп чыгып кетти. Ыйлап жаткан баланы, аны кучактап ыйлап алган Ажарды көрүп туруп Канат чыдабай кетти. Жанаттын аркасынан чыкты.
– Эй, ушунчалык мээң чирип калганбы? Үйдө ыйлап жаткан баланы сооротуп коюп чыксаң өлүп кетет белең?
– Шоола күтүп жатат мени!- деди маашырлана жылмайган Жанат. Канаттын өңү өзгөрө түшкөнүн байкады. "Ии, дагы далай жүзүң өзгөрөт" деди ичинен. Канат чын эле жаман болуп кетти. Эмне деп айтарын билбей туруп калды.
– Үйлөнүү тоюбуз болот, байкеси. Сени да күтөбүз.
– Сен жинди болуп калыпсың! Эртерээк дарылан,- деди башын аргасыз чайкаган байкеси.
– Хе, силерден башкача ой жүгүрткөн адамдар эле жинди болуп калат да, ээ? Силер ойлогонсуңар да, Жанат өмүр бою силер сызып берген сызык менен жашайт деп. Жок! Мен мындан ары эч кимден акыл сурабайм. Шоола экөөбүз бактылуу болобуз. Болгондо да силердин көз алдыңарда бактылуу болобуз.
– Жанат, эсиңе кел! Бул эмне деген бунт? Сенин кылганыңды 16 жаштагы бала да кылбайт. Айтчы, сен ушунчалык аны сүйсөң аны жалынсыз отко ыргытат белең? Ал сенин, менин үй-бүлөмө киргенде бактылуу болот деп кантип ойлоп жатасың? Көзүңдү ач, кеч болуп кала элегинде артка кайт.
– Акыл айтканыңа рахмат. Биз чечим кабыл алдык. Үйлөнөбүз! Баса, атам менен апама айтпа, өзүм айтам.
Жанат ушуларды айтып машинесине отурду. Канатка жылмайып колун булгалап койду, Канат болсо эмне кыларын билбей туруп калды. Иниси го башынан бир көк бет неме, Шоола кантип бул чечимге барды деп ишенбей турду. Оюнда экөөнү тең сактап калмакчы болду эле, болбоду. Көкүрөгүн ачыштырган ойлор менен жалгыз караан кала берди.
ххх
Үйлөнүү тою жакын калганда Жанат өзү келди ата-энесине. Чай ичип отурушкан эле. Чакыруу кагазын сунду.
– Ата, апа, биздин үйлөнүү үлпөт тоюбузга келиңиздер. Кыздын калыңы, тиги-бу деген нерселерди силер кылышыңар керек эле, бирок убара кылган жокмун. Баарын өзүм жайгардым. Силер болгону тойго келип беришиңер керек. Мени уят кылбай келип бергиле эми... Кыз жактын ата-энеси... Баса, тууган-уруктун тизмеси мына, ушуларды чакырдым. Силер да бир карап койгула.
Атасы Жусуп инсульттан кийин жакшы сүйлөй алчу эмес, кагазды алды да тытып салды. Бир нерсе дегендей болду.
– Эми бул эмнеси, жарыктык киши?- деди Жанат. Апасы оор үшкүрдү.
– Биз барбайбыз, Жанат. Эми өз жашооң өзүңдө. Бизге да келбе, тигини ээрчитип алып үйдүн босогосун аттаба. Атаң дагы каршы. Канаттын бетин кантип карайсыңар ал экөөң, түк акылым жетпеди. Чечимди чыгарыпсың, мындан аркысына да кайыл бол. Биз мындан ары сенин жашооңдо жокпуз. Тоюңа дагы бара албайбыз.
Жанат күлүп башын чайкады. Апасына карап көзүндөгү жалын жалт эте түштү.
– Жок, апакеси, жаңыласыңар. Барасыңар, Шооланын ата-энесинин жанында туруп өз жоопкерчилигиңерди аткарасыңар. Эмнеге, билесиңби? Мен дагы силердин уулуңармын. Канат эле эмес, Жанат да силердин балаңар. Ушул күнү кааласаңар да, каалабасаңар да жанымда болосуңар. Болбосо...
– Болбосо эмне?
– Канаттан силер эмне жашырып жүргөнүңөрдү ага айтып берем. Ал атамдын өз уулу эмес экенин айтып берем. Ал кургур атам Жусуп деп ойлоп майып болгон немени карап жүрөт. Эгерде анын баласы эмес экенин билгенде...
Апасы Жанатты жаактан ары чаап жиберди.
– Жаагыңды бас!
– Айбан, айбан!- деди атасы да кышылдап бир нерселерди айтып.
– Өтмүштү териштире турган сенсиңби?- деди апасы титирей. – Андай жомокту ким айтып жүрөт? Акылы жок акмак десе...
– Тескерисинче, акылым көп болгон үчүн билип алдым сырыңарды, апа. Канат акылы жок, шектенип да койбой жүрөт. А мен башынан эле билгем. Ушул жерде бир нерсе бар экенин билгем. Ал тургай ал кимдин баласы экенин да билем. Милиционер болуп жүрүп атам таппады. Мен таптым, апакеси! Сенин жашыруун ашыгың ким экенин да билем. Кайда жашай турганынан да кабарым бар. Андан да кызыгы...
Апасы жек көрө тиктеди уулун. Мынчалык жаны ачышарын билген. Бирок анын акыркы көзүрү ушул эле. Коркутуп болсо да ата-энесин тойго алып барышы керек.
– Сен кайдан чыккан акмак болдуң? Сени мен төрөгөм, кайдан ушунчалык жек көрүү менен жашап калдың сен? Мен сага мээрим бердим, сүйүү бердим. Сен менин уулумсуң! Кантип ушул сөздөрдү айтып жатасың? Жанат, мен сени тааныбай турам...
(Уландысы кийинки санда)