Урмат Борченов, алпаруучу: “Менин балалыгым 3 жашымда эле түгөнүп калды”

Алпаруучу, тамада Урмат Борченов аялдардын укугун коргоо темасында ар дайым өз пикирин билдирип келет, кайдыгер эмес. Бул ирет алпаруучу мырзанын жашоосундагы аялзат тууралуу сүйлөштүк.

«Апам көп кайгырат, кайгырууга себеп жок болсо да табат»

– Апамдын сырдашымын. Апам бизди эркелеткидей деле болгон жок, анткени биздин балалык каатчылык мезгилге туш келди. Анын үстүнө үй-бүлөдө жалаң эркектербиз, жалаң эркектер жашаган үйдө кандай болорун билесиз да. Балдарга катуураак тарбия беришет эмеспи. Ошентсе да бизде баары жакшы болчу. Мен 3 жашка чыкканда атам кырсыктап калып, 1-2 жылдай биз менен чогуу жашабай калды, ошол учурда бизди апам жалгыз караганга туура келди. Атам кырсыктаганда мал-жаныбыздын көбүн тартып алышкан, калганы жуттан өлдү. Иши кылып аябай жакырландык. Ошол себептен 3 жашымда кичинекей баладан дароо чоң кишиге айланганга туура келди. Мындайча айтканда, менин балалыгым ошол 3 жашымда түгөнүп калды. Эртең менен тамакты көбүрөөк жеп койсок кечкиге жетпей каларын кичинекей болсом да туйчумун. Оор, кыйын турмушта апам баарын жалгыз көтөрдү. Биз айыл чарба иштерине аралаштык, апам болсо алынын жетишинче соода-сатык кылып, бир учурда арак жасап да сатканбыз. Эми жан багыш керек болчу да.

Апамдан сарамжалдуулукту үйрөндүм. Дайыма “адал эмгек менен оокат кылгыла, сарамжал болгула, сууну кордобогула” деп экологияга өзгөчө басым жасайт. Апам аябай боорукер, жароокер жан, бирөөгө кир санабайт, жасалмалуулукту, жасакерленгенди жактырбайт. Бирок кайгырганды жакшы көрөт (күлүп). Өмүрүндө өксүткөн учурлар көп болду да, ошондуктан го. Кайгырганга себеп жок болсо да таап алат. Тилекке каршы, агаларым дүйнөдөн эрте өтүп кетишти. Ал аз келгенсип, апамдын жалгыз иниси да каза болуп калган.

Апамдын Асан кайгылыгы мага да өткөн, мен да көп ойлоном, көп кайгырам. Атамды да, апамды да “залкар, даанышман, укмуш” деп айтпайм. Жөнөкөй, карапайым адамдар, башкысы, өздөрүн адам деген атка татыктуу алып жүргөн кишилер. Таман акысы, маңдай тери менен нан таап, жүрүм-туруму, иш-аракети менен бизге үлгү боло алышты.

«Таежелерим, эжекелерим мени азыркыдай Урмат кылышты»

– Апамдан кийин эле сөз кыла турган жашоомдогу аялзаты – бул таежелерим. Таежелерим бизге көп каралашты, жардамдашып жакын болушту. Мен 11-класста Бишкекте окудум, ошондо Маку таежемдин үйүндө жүрүп, бир жыл мени ошол таежем бакты. Чынында, аларга аябай ыраазымын, аларды жогору баалайм, сыйлайм. Азыр мүмкүн болушунча белек берип, көңүлдөрүн алып турганга аракет кылам.

Айта кетпесем болбойт, мектептеги мугалим эжелер да мага таасир берген, азыркыдай инсан болуп түптөлүшүмө салым кошкон адамдар. Кыргыз тилинен, орус тилинен сабак берген эжелерим мага жашоомдогу эң маанилүү айымдар болуп эсептелет. Класс жетекчим Айна эжеке жумушун сүйгөн, өтө кесипкөй, таланттуу мугалим. Ал дайым викториналарды, ой жүгүртүүнү кеңейтүүчү көптөгөн иш-чараларды, чоң-чоң сынактарды уюштуруп турчу. Анын аркасы менен биз деңгээлибизди өстүрүп, дүйнө таанымыбызды кеңейтип алганбыз убагында. Кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген Анара Сагынбаева, информатика мугалими Бермет эже, математикадан сабак берген Гүлжамал эже, тарыхтан сабак өткөн Гүлзина эже, башкы тарбиячыбыз Бүкөн эже, баары биригип келип биздин инсан болуп калыптанышыбызга пайдубал түзүп беришти. Бул кишилерсиз азыркы Урмат Урмат болбойт болчу. Жашоодогу мен карманган принциптердин, баалуулуктардын өзөгүн ушул айымдар, апалар, эжелер түзгөн. Мен аларга чексиз ыраазымын. Азыркы учурда алардын укугунун корголушу, гармонияда жашашы үчүн болгон аракетимди жумшайм.

«Эмитен эле кыздарым жар тандоодо адашпаса экен деп санаа тартам»

– 2 кызыбыз бар. Кыздарым, буюрса, эстүү болуп чоңоюп келе жатышат. Улуу кызым мисалы, келинчегиме үнүмдү катуураак чыгарып сүйлөп же экөөбүз бир аз уруша кеткенде “оой” деп токтотуп коёт. Ал үй-бүлөдө тимбилдинг уюштурганды, баарын бириктиргенди, мыкты бата бергенди жакшы көрөт. Акылдуу, азыр 4 жарымга чыгып калды. Бала бакчага барат, баары менен тил табышат. Экинчи кызым 1 жарым жашта. Өжөр, өзүнүкүн бербейт. Мактана турган нерсе, кыздарыма телефон бербейбиз, экөөнө тең. “Балага жок дегенде 3 жашка чейин телефон бербеш керек” деген бир макала окуган элем. Себеби көзүнө абдан катуу зыяны тиет экен. Телефону жок эле чоңоюп жатышат, буюрса. Кээде туугандар, достор балдарына телефон берип калышса, аларды көрүп талашып калышат, болбосо сурабайт деле, эстебейт деле.

Кыздарымдын чоңойгонун көп элестетем. Коомдун жүгүн аркалай турган, мыкты, өзүнө ишенген, мага окшоп көп кайгырбай турган, акылдуу кыздар болот деп үмүт кылам жана ошондой болушуна аракеттенем. Турмушка чыгышканын азырынча элестете албайм, бирок аны ойлосоң коркунучтуу. Коомдогу ар кандай окуяларды угуп-көрүп отуруп, кандай адамдарга туш болушат дейсиң. Алар чоңойгон сайын өмүрлүк жар тандоо, түгөй тандоо тууралуу да көп сүйлөшүшүм керек. Ушул жар тандоодон адашышпаса экен. Ушул жагынан көп санаа тартам эмитен.

«Жубайым ата-эне болуш үчүн дайым окуп турат»

– 11-классты Бишкек шаарынан бүтүрдүм, жубайым экөөбүз ошол мектептен таанышканбыз. Ал 10-класста окучу, дебаттарга катышчу, а мен ошол иш-чараларды алпарчумун. Ал мектепте мен, мындайча айтканда, 1 жыл окуп да, иштеп да жүрдүм. Алпаруучулук, уюштуруучулук жагынан мурунку жатак-мектепте жакшы тажрыйба топтоп алган элем да. Бул мектептен кандай иш-чара болбосун өзүм уюштуруп, өзүм алпардым. Ошон үчүн мектепте бекер окудум. Ошондой иш-чаралардан көрүшүп, кээде сүйлөшүп калчубуз. Ошондо эле экөөбүздүн бир толкунда экенибиз байкалчу.

Бирок мектепти бүткөндөн кийин ал турмуш шартка байланыштуу Орусияга кетип, ал жактан "Аэрофлотко" жумушка орношуп, стюардесса болуп иштеп жүрдү. Кийин бөлөсүнүн тою болуп, мени алпаруучу катары чакырды. Ошондо турмуш кура электигин билип, баш кошуу сунушун киргизгем.

Абдан жароокер, балдарды жакшы карайт, ушул жаатта өзүн дайым өнүктүрүп турат. Аскат Абжанов деген блогер бар эмеспи, ошол мырзанын “бир кесиптин ээси болуш үчүн биз жылдап окуйбуз. Бирок ата-эне болуш үчүн окубайбыз. Негизи ата-эне болуш үчүн окушубуз керек. Бул жагынан аябай жоопкерчиликсиз мамиле кылабыз, биз адам өстүрүп коомго кошуп жатабыз” дегени бар. Ушул маселеде келинчегим атайын китептерди окуп, ар кандай сабактарга барып, тренингдерге катышып турат. Ошонун дагы жыйынтыгы болсо керек, кыздарыбыз жакшы, аң-сезимдүү, дени сак болуп чоңоюп жатышат. Бул үчүн ага ыраазымын.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1111, 22-28-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан