Карап, карап, карегим талып издесем да... “Таппадым сендей” ыры кимге арналган? 

Бул ырды белгилүү комчузчу, күүчү Нурак Абдрахманов көп жылдар бою эриш аркак жашаган өмүрлүк жарына арнап чыгарганын көпчүлүк билбесе керек. Муундан муунга өтүп ырдалып келе жатат. Роза Шакирова, Үмүтай  Абдышева, Айдай Стамкулова, Чолпон Камчыбекова, Чолпон Талипбек жана башка ырчылар ырдап жүрүшөт. Ырдын мыктылыгы ушул болсо керек, ким ырдабасын жаңы түс, жаңы дем тартуулап угарманга жагат. “Таппадым сендей” ыры качан, кантип жаралганын Нурак агабыздын жубайы Аманбүбү Төрөгелдиева айтып берди. 

“Агаңар Чехияда жүргөндө чыгарган”

– Негизи Нурак агаңардын көптөгөн ырлары, дастандары бар экенин билесиңер да. Ырларынын ичинен бир тобу мага арналган. Бул мактаныч деле эмес, чынында ушундай. Хит болгон “Аппак сүйүү”, силер сурап жаткан “Таппадым сендей” деген ырларын да мага арнап жазган. 2001-жылдар эле, агаңар Чехияга гастролго кеткен. Мына ошол жакта жүрүп жараткан ыры. Чыгармачыл адамдар ырларды кайсы учурда, кантип чыгарат, бул өздөрүнө гана таандык сезим эмеспи. Мен билгенден ошол Чехиядагы сапарында мени сагынган окшойт. Жанында жүргөн адамдардын аялдарын, алардын күйөөсүнө болгон мамилесин карап, салыштырып анан “сендей таптакыр жок, таппадым” деп жазган экен.  Бул ырды Нурак агаңардын аткаруусунда угуп көрсөңөр, шаңдуу ырдалган. “Сени тапканыма бактылуумун, тагдырыма ыраазымын” деген  мааниде ырдалат. Кийин эле өзгөрүп муңдуу ыргактар менен коштолуп кетти, ырды негизи көп ырчылар ырдады. Чолпон Талипбек деген ырчынын ырдаганын жаман же жакшы деп айтпайм, азыркы муунга жакты окшойт. Анткени балдарыма угузсам, алар жактырышты. “Элүү жылда эл жаңы” дегендей азыркыларга ушундай аткаруу жагат окшойт. Ал эми Чолпон Камчыбекова деген ырчы кыз тасманын саундтреги катары ырдап чыкпадыбы. Ал жакшы ырдаган, бирок сөздөрү бузулуп калган. Ырдын элге жетип турганы жакшы да, ырдай беришсин, каршылыгым жок.

“Биз сүйүүбүзгө татыктуу жашадык” 

– “Таппадым сендей” биз үйлөнгөндөн жыйырма  жылдан кийин чыккан. Ал киши чыгарган ырларынын баарын биринчи мага угузуп, тарыхын баяндап берер эле. “Ушул жери кандай болду?” деп кеңеш сурап калчу, мен оюмду айтчумун. Кээде “бул обонду кимге арнап чыгардыңыз?” деп тамашалап калсам, “сенден башка арнай турган кимим бар? Сага жалган айтып болбойт да” деп каткырып калчу. Ашыктык, махабат деген Кудай тарабынан берилген ырыскы да. Аны ар ким жүрөгүнүн тереңинде бапестеп багып, кир жугузбай сакташы керек окшобойбу.  Барктабаса өңү өчүп, бозоруп жок болуп кетет. Сүйүү бар үчүн жубайлардын баш кошконунан 20-40 жыл өтсө деле ушундай мыкты ырлар жарала берет тура. Биз  сүйүүбүзгө татыктуу жашадык. Агайыңар да ушинтип айтчу эле. “Сени менен 40 жылдай өмүр сүрдүм, бирок мага жарым сааттай эле жашагандай туюлат. Сүйүүбүз такыр эскирбегендей сезилет” деп калар эле, жарыктык. 

“Бир ырчы сөздөрүн бурмалап салган”

– Бул ырга байланыштуу дагы бир нерсе бар. Сөздөрү өзгөрүлүп кеткен деп жогоруда да айтпадымбы. “Таппадым сендейди” опера менен бир ырчы аял ырдап калат. Агайыңардан келип уруксат сурап, анан ырдап чыккан. Ал үн жаздырып ырды радиолорго берет. Атын да алмаштырып “Сага” деп койгон экен. Эмне себептен экенин билбейм, сөздөрүн бурмалап салыптыр. Андан кийинки ырдап чыккан жаш ырчылар да ошол из менен кетишти. Оригиналында такыр башка сөздөр. Кыргыздын тили укмуштай так эмеспи, бир эле сөздөн ырдын мааниси өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ошондо бир аз кыжалат болуп калган жайым бар. Болбосо ыр эл үчүн чыгарылат да, ырдалып жайыла бергенине кубанам. 

“Таппадым сендей”

Сөзү, обону Нурак Абдрахмановдуку

Жан дүйнөмдү үмүткө термей, кыялга термей,

Сага, сага санаалар сансыз агылат селдей.

Карап, карап, карегим талып издесем да,

Бүт дүйнөдө таппадым сендей, көрбөдүм сендей.

 

Өзүң үчүн нур чачкым келет асманда күндөй,

Өмүр бою өзүң деп ырдайм чарчоону билбей.

Жан жыргатып жарыгың чачып күлүп турчу,

Ансыз менин өмүрүм түндөй, көңүлүм түндөй.

 

Айдың көлдү айланып учкан айдарым желдей,

Сендей жанга көз арткан көптүр, эч тынчтык бербей.

Ишен, жаным, абайла, жаным, ким болсо да,

Чын баркыңды биле албас мендей, сүйө албас мендей.

Чолпон Талипбек, ырчы: “Таппадым сендейди” мага үч адам сунуштаган”

– “Таппадым сендей” эң жакшы көргөн ырларымдын бири. Мындан беш жыл мурун “ушул ырды ырдап чыкпайсыңбы” деп үч адамдан сунуш түшкөн. Бири сиңдим, актриса Мадина Талипбекова, ал учурда Кыргыз драма театрында иштечү. Ошол жактан угуп калып мага сунуштаган. Экинчиси диджей байкем Азамат Эркинбаев, үчүнчүсү курбумдун күйөөсү эле. Чыгарма мага да жакты, мааниси терең, обону сөзүнө шайкеш келген ыр. Аранжировкасын Өктөм Сапар уулу жасады. Ырдын жолу ачык болду, тез эле аранжировка жасалып, клип тартылып элге да жакшы сиңип кетти.

Эски ырды жаңылап ырдап чыгуу кооптуу, анткени мурунку аткаруучуларга салыштырып сындар көп айталат. Сын мени коркуткан жок, ар кимдин тандоосун сыйлайм, кимдин аткаруусунда уккусу келсе уга берет. Анткени бул ырды көп ырчылар ырдап чыккан.  Мен ырдын автору Нурак Абдрахманов агабызга жолуга албай калдым. Көзү өтүп кеткенине байланыштуу кызынан уруксат сурап ырдап чыккам. Репертуарымдагы өзүмө абдан жаккан ырлардын бири. 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан