Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Душтагы сууга киргенде гана Шоола жеңилдене түштү. Денеге жабыла куюлган сууга кошулуп анын көз жашы шорголоп жатты. Үнсүз ыйлап жатты. Ал турмушка чыкты, демек, баары бүттү! Мүмкүн ушул нерсени кылбай койгондо кенедей болсо да үмүт болот беле, Канат экөөнүн чогуу болоруна? Балким, Канат акыркы жолугушууда ушуну айткысы келгендир, Шоола аны түшүнбөй калгандыр. Жаны кашайып жатты. Жанаттын аялы болгондо аны менен чогуу жатам деп ойлобогон экен буга чейин. Анын чыныгы аялы болом деп ойлобоптур, олуттуу карабаптыр бул нерсеге. Көкүрөгүндө тек гана ыза, Канаттан өч алуу каалоосу бар эле. Реалдуулук мээсине эми жетти. Эми гана жашоосу түп тамырынан бери өзгөргөнүн, кааласа-каалабаса да Жанаттын аялы экенин ойлоду. “Келесоомун мен, кимден өч алдым эми?” деп жатты ичинен. Көз алдына кучак толо гүл көтөрүп келе жатан Канат тартылды. Жанатты кучактап куттуктаганын, ал эми өзүн бир да жолу тиктеп койбогонун эстеди. Өкүнүч кандай оор, ушул биринчи күнү эле ал кабыл алган чечимине өкүндү. Бирок кеч болуп калган эле.

Жуунуп бүткөн Шоола бутунун учу менен акырын басып чыкты. Жанатты уктап калса керек деп ойлогон. Бирок өзүн күтүп отурганын көрүп селдейип туруп калды. Чачтары суу, элейип турган кыздын бакырайган көздөрүн көрүп Жанаттын боору ооруп кетти. Жанараакта эле жини келип  жаткан, анысы тарап кетти.

– Жакшы жуунуп чыктыңбы?- деди өзгөчө мээрим менен.

– Ооба, мен...

– Эч нерсе эмес, кел, мен кофе даярдап койдум. Кел...

Унчукпай кофе ичип отурушту. Шоола Жанаттын жүзүнө карай албай жатты. Таң атып бара жатканын терезеден тиктеп тура берди.

– Шоола?

– Ов.

– Мени карачы...

Шоола эрксизден Жанатка каректерин көтөрдү. Кыздын көзүндөгү өкүнүчтү көрүп жүрөгү мыкчыла түштү.

– Мен баарын түшүнөм, сен мени жаакка чаба электе эле ойлонушум керек эле. Кечир мени. Мен сага ушуга чейин кандай сый мамиле жасасам, мындан кийин да ошентишим керек эле. Сен мага көнүшүң керек, аны да сезип турам. Менден качпа, мен сени канча болсо да күткөнгө даярмын. Алдыбызда дагы далай бактылуу күндөрүбүз бар. Биз сөзсүз бактылуу болобуз. Суранам, ошого ишен. Мен сени ушунча күттүм, өжөрлүк менен, үмүт  менен күттүм. Сен мен үчүн бир башкача бакытсың. Мен сени сүйөм!

– Жанат, мени кечир, эмне деп айтарымды да билбей жатам.

– Унчукпа, андан көрө уктай гой. Сен чарчадың. Баары жакшы болот. Карачы, таң да атып калды.

Жаздыкка башын койгон Шоола ушул сөздү кайталап айтып жатты. “Баары жакшы болот”.

 

ххх

Канат оор үшкүрдү. Апасынын тиричиликке жетишпей, оорулуу атасын да карай албай, өзүнүн ден соолугу да жакшы болбой жатканын байкап жүрөт. Үйлөнүшү керек экенин да билет, жашы да өтүп  бара жатат. Мурун бир керемет болуп кетчүдөй, Шоола менен кайсы бир жолдордо кайрадан кол кармашып калчудай сезилчү. Кечээ жакында Шоола менен Жанаттын тоюнан кийин эч качан андай болбой турганын түшүндү. Так ошол күнү акыркы үмүтү чарт үзүлдү да, жүрөгүндө бир чоң орун бош калгандай сезилди. Буга сүйүнүш керекпи, же кайгырыш керекпи, өзү да билбейт. Апасы идиш жууюн деп жатканын байкап ордунан турду.

– Апа, мен жууп коём, чарчадыңыз. Барып жата бериңиз.

– Жок, балам, мен эле жууйм. Сен машыгууда балдарың менен убарасың. Анан атаңды жуунтуп массаж жасап, тамак ичиресиң. Сен да чарчадың, темир эмессиң. Анча-мынча үй жумуштарын мен эле жасайм. Эч кабатыр болбо. Андан көрө өзүң жакшы эс ал.

Апасы идишин жууп бүтүп жанына келгенде акырын сөз баштады. 

– Сиз бир кыз тууралуу айтып жаттыңыз беле, апа? 

– Эмне кыз?

– Мага ылайыктуу дегенсип таежем менен сүйлөшүп жатканыңызды уктум эле. Ким эле ал? Кандай кыз экен?

Апасынын кабагы жадырап кетти да, кайра муңайым жылмайды. Канатты жакшы билет, дагы бир жолу өзүн курмандыкка чалгысы келип жатат. Инисине кыңк этпеди. Тагдырына көнүп берди. Эми апасына жардамчы болсун деп үйлөнгөнү жатат. Мындай курмандыкты апа кантип кабыл алышы керек?

– Сен каалабасаң үйлөнүштүн кереги жок, балам. Билем, бизге жакшы болсун деп ойлоп жатасың. Убакыт өтөт, бардык жаралар айыгат. Сенин дагы жакшы бир кызга көңүлүң түшөт. Ошондо турмуш курушуңду каалайм. Азыр убагы боло элек. Убагы келет.

– Жаралар айыгат деңиз...

– Сөзсүз айыгат!

– Мен өзүм үчүн бул жашоодо эч нерсе деле каалабаптырмын, апа, кичинемден эле бир чоң тилегим сиздин, Жанаттын бактылуу болушу болду. Апам бактылуу болсун дедим. Сиздин сулуу жүзүңүз чындап бактылуу болушун кааладым. Бирок эмнегедир бул учур мени көпкө күттүрдү. Сиз такыр бактылуу жашаган жоксуз, азыр башка бир адамдын жашоосун жашап жаткандайсыз. Кээде ушунун баарына өзүмдү күнөөлүү сезем.

– Мен да жашоону туура эмес жашадым, балам. Жанат кимди тартты дейсиң, албетте, мени тартты. Аны өзүмө окшоштурам. Менин жашоом, менин каталарым... Мен дагы көк беттенип бакыт маңдайымда турса, башканы ойлоп жашадым. Үй-бүлөнүн, атаңдын баркын билбей, өтмүшкө байланып жашадым. Жанат дагы келинчеги, уулу менен бактылуу эле. Бирок эмне кылды? Куду мен сыяктуу жаңылыштык кетирди. Балким, балдар ата-энесинин жаңылыштыгын эске салуу үчүн  ушундай тагдырга туш болушат. Мен акыркы убактарда ушуну ойлоп жүрөм.

– Жок, апа, сизди эч бир жаңылыштык кетирди деп ойлобойм. Баарын туура кылдыңыз. Жанатка өзүңүздү салыштырбаңыз.

Апасы кайгылуу башын чайкады.

– Сен билбейсиң, мен дал Жанат сыяктуу өз бактымды көрбөдүм. Жанат жаңылыш кадам жасаганда гана өз катамды түшүндүм. Жараткан менин көзүмдү Жанат аркылуу ачты. Мен күнөөлүүмүн баарына...

– Күнөөңүз эмне?

– Тагдырыма баш ийбегеним. Тагдырыма баш ийгенде баары башкача болмок. Силер да, атаң да, мен да бактылуу болмокмун. Өтмүшүмө байланып жашадым. Өтмүш эмне,  өкүнүчтөн башка эч нерсеге жарабаган бир нерсе экен.

Канат эч нерсе түшүнбөдү. Такып сураса ачуу чындыкты айтып жибергенге даяр эле, бирок Канат унчукпады. Өзү билбеген бир туюк сыр бар экенин башынан эле билчү. Бирок билбеген боюнча калууну туура көрдү.

– Баары бир жанагы кызды бир байкап көрүңүз, апа, балким, болуп кетер. Атамды карап, үй иштерин кылуу да сизге кыйын болуп бара жатат. 

– Ооба, сураштырып көрөйүн.

– Баса, Айдар тентекти үйгө алып келейин. Атасын сагынып жүрөт. Бир аз биз менен чогуу болсо алаксып калар.

– Ооба, алып кел, балам. Атаң да аны көрсө кубанып калат.

 

ххх

Шоола ойгонсо Жанат жумушка кетип калган экен. Көзүн ачып эле тойдон келген гүлдөрдү байкады. Дароо иреттеп  баштады. Банкаларга, чакаларга салып иреттеп жатты. Ушул учурда эшиктин коңгуроосу чырылдап калды. Жанат болсо ачкычы менен ачат эле, ойлонуп туруп эшикти ачты. Бет маңдайында Жанаттын мурунку аялы Ажар турган эле. Экөө тең бири-бирин сыртынан таанышчу. Биринчи жолу бет келишти.

– Салам, сага эки ооз сөзүм бар эле. Кирип сүйлөшсөк болобу,- деди Ажар токтоо гана.

Шоола баш ийкеп жол бошото берди. Ажар чечкиндүү басып үйгө кирди...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1113, 5-11-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан