Махабат айдыңында
Ойлосоң оюңдан, түш көрсөң түшүңдөн кетпей түйшөлткөн, жан дүйнөгө жылуулук берген, оо, улуу махабат. “14-Февраль – Сүйүшкөндөр күнүн майрам деп эсептебейбиз” деп жээрип, канчалык аракет кылбайлы, жаштар толкунун токтото албайбыз. Танбайбыз, ашыктык оту бар үчүн ааламда адамдар жашап келишет, жуп-жубу менен. Мейли, ал кайсы динди тутпасын, кайсы тилде сүйлөбөсүн, жүрөктө жашайт махабат. Мына ошол Сүйүү күнүнө карата ишенимдүү досуңузга айланган “Супер-Инфо” “Таттуу түгөйлөр” фотосынагын жарыялаган эле. 15 жуптун сүрөтү сайтыбызга жайгаштырылып, колдонуучулардын добушуна коюлуп, жеңүүчүлөр аныкталды.
“БӨЛӨ, БӨЛӨ, БӨЛӨМ ДЕП, БӨЛӨМ ҮЧҮН ӨЛӨМ ДЕП...”
Бул сынактын жеңүүчүлөрү жердиги Нарындын Жумгалынан болгон 53 жаштагы Сайридинов Доктурбек менен жубайы 48 жаштагы Токтаналиева Гуля болду. Доктурбек мырза айдоочулук кесипти аркалап, азыр пенсияда. Гуля эже көп жыл китепканачы болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
– Гуля эже, баш кошкон күнүңүздөр күнү бүгүнкүдөй эсиңиздерде болсо керек?
– 1981-жылы июнь айында баш кошконбуз. Экөөбүз карын бөлөбүз. Жаш кезибизде ата-энебиз кудалап коюшкан эле. Кадимки кыргыз салты менен той берип баш кошконбуз. Быйыл бирге түтүн булатканыбызга 30 жыл болот. Жумгалда кайната, кайнененин колунда жүрүп, кийинчерээк балдарды окуталы деп борборго келип жашап калдык.
– Доктурбек байке, канча уул-кыздын ата-энеси болдуңуздар? Келин алып, кыз узаткансыздарбы?
– 5 балабыз бар. Улуусу Шербек. 1983-жылы төрөлгөн, азыр өз кесиби менен иштейт. Жакында эле сүйлөшүп жүргөн кызына сөйкө салып келдик. Буюрса, келиндүү болобуз. Анарбегим да жогорку билимдүү, ал да иштейт. Ортончум Айнагүл филолог, жакында бизди неберелүү кылат. Кичинекей уулум 7-класста, кенжетай, эркетай кызым 3-класста окуйт.
– Гуля эже, жолдошуңуздун бутун жууп отурган жериңизден сүрөткө түшүп, бизге жөнөтүпсүздөр?..
Г.: – “Суперди” сүйүп окуйбуз, кээде бир эле чыккан санын үчөөбүз алып алган күндөр болот. Гезиттен сынакты окуп калып, “катышсак болот турбайбы” деп калганбыз. Аны уккан кенжетайыбыз сүрөткө тартып кирди. Жолдошум айдоочу болуп көп жыл иштеди. Машинасын өзү жууйт, бутун мен жууп көнүп калыптырмын. Муну эми сый деп түшүнөм. “Жууп бер эми, колум жетпейт да” деп калганынан жууйм.
Д.: – Жаш кезде совхоздо иштеп, канчалык кыйналбайын, жеңил болчумун. Кийин машина айдап, жумушум жеңил болуп толуп кетпедимби. 15 жылдан ашып кетти го дейм, Гуля бутума суу куюп бергенине.
– Доктурбек байке, өмүр шеригиңиздин таңдайда калчу тамагы кайсы?
– Өзгөчө манты, анан палоосун мактап жейм. Палоону анча-мынча мыкты басам деген өзбек туугандардан да ашыра жасайт.
“ГҮЛ СУНАМ, ГҮЛҮМӨ”
Кызгалдактуу талаада жанаша отурган түгөйлөр экинчи орунду ээледи. 32 жаштагы Равшанбек Оштун Араван районунун тургуну. Келинчеги 25 жаштагы Наргиза Баткендин Сүлүктүсүнөн. Ортолорунда 1 жаштагы Айзада аттуу кызы бар. Равшан мырза Араван райондук администрациясында иштесе, келинчеги кесиби боюнча англис тил мугалими.
– Равшанбек байке, Баткендин кызын Араванга кантип алып келип алгансыз?
– Жубайым Наргизанын курбусу биздин айылга келин болуп түшкөн эле. Ошол тойдо Наргизаны көрүп, жактырып калдым. 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш коштук.
– 14-Февраль – Сүйүшкөндөр күнү дегенге көз карашыңыз кандай?
– Бул майрамды студент кезден бери майрамдап, уюштуруп келгем. Сүйүшсүн, күлүшсүн, дал ушул күнү бири-бирине сезимин билдиришсин. Майрам жакындап калбадыбы, ошондуктан сүйүктүүмө кучак толо гүл сунуп куттуктайм.
“БИРИ-БИРИБИЗДИ КЫЗГАНАБЫЗ”
Үчүнчү орун ээлери ээрчише баскан кыз-жигиттер. Нурлан 27 жашта, Чинара 25 жашта, экөө тең жеке ишкерлер.
– Нурлан, Чинара “Супердин сулуусу-2008” сынагынын жеңүүчүсү болгон эле, ошондон кийин эле көз артып калдыңызбы?
– Биздин таанышуу күтүүсүздөн болду. Чинаранын сынакка катышканынан кабарым жок болчу, бирок жүзү эмнегедир жылуу учурады. Ак шуба кийип, таажы тагынган кыз фотосалондон чыгып келатыптыр. Аны көрүп, артынан ээрчип алдым, тийишип сөз айтып. Ошондон кийин тааныш болуп калган элек.
– Кайсы мүнөзүңөр бири-бириңерге көп жага бербейт?
Ч.: – Нурлан ак көңүл, боорукер жан. Кээде ашыкча кызгана берет, ошонусу жакпайт.
Н.: – Чинара айтканды уккан жакшы кыз. Анан эле менден өтүп кызганып кеткени бар да.
– Кызганыч эмнеден чыгат?
– Нурлан өзү “повод” берет да кызганычка. Көп телефон чалуулар болот, ошондон чыгат.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө “Sun city” оюн-зоок борборунун муз майданына 1-орунга 1 айга, 2-орунга 3 жумага, 3-орунга 2 жумага эки кишилик жолдомо берилди. Эми эр ортону элүү жаштагы түгөйлөр өздөрү барбаса да, уул-кызы муз тээп көңүл ачканга эмнеге болбосун?! Учурдан пайдаланып “Sun city” оюн-зоок борборуна ыраазычылык билдиребиз.
CҮЙҮҮЛӨР СҮРӨТТӨН СЕЗИЛДИ
Бурул Исмаилова
star@super.kg