Шоумен, тамада, “Көңүлдүү жигиттер” лигасынын негиздөөчүсү Кадыр Жарматов бул аптанын каарманы. Кадыр мырза чыгармачылыкта кумурскадай эле эмгектенип жаткандардын бири, кыргыз КВНин кайра жандантуу үчүн болгон күч-аракетин жумшап жүргөнүн айтат. Маекте ушул долбоор, чыгармачылыгы, балдары, тагдыры, үй-бүлөсү тууралуу сүйлөштүк.
– Саламатсызбы, Кадыр мырза? “Көңүлдүү жигиттер” лигасынын жаңы сезону Бишкектен ачылганы жатыптыр, даярдыктар кандай?
– Саламатчылык. Ооба, “Көңүлдүү жигиттер” лигасынын жаңы сезону 23-апрелде борбор шаарыбызда Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында ачылат. Даярдык жакшы, жалпы күйөрмандарды ошол жакка чакырабыз.
Биздин муунду жакшы билесиздер да, “Тамашоу” деген мектептен чыкканбыз, ошол жактан элге таанылганбыз. Ал долбоордон көп таланттар чыкты, ошол балдар эми кыргыз киносун жандандырып жатышат. Алып баруучулук, тамадалык, актёрлук, сценарий жазуу, шоумендик жактан жакшы келе жатышат. Алардын катарында биз да барбыз. “Тамашоудо” ойноп жүргөн кезде биз, “No Name” командасы “Тамашоунун” Оштогу филиалын уюштурганбыз. Мен администратор, Мурат Жалиев алып баруучу эле. Филиалды 8 жыл жетектеп, кийин тапшырып бердим. Ал ортодо 1-2 жылдай бош жүрүп калдым. Мен бир нерсе уюштурмайын тура албайм, бул мага хобби сыяктуу. Ошол мезгилде түштүк тарапта КВНдер токтоп калды, кээ бир жаштарыбыздын “Тамашоуго” Бишкекке барганга мүмкүнчүлүгү жок. Анан түштүк тараптан жакшы командаларды таптап, Бишкекке жиберип турабыз деген максат менен 2019-жылы “Көңүлдүү жигиттер” театрын ачканбыз. Эрмек (ред.: Нурбаев) байкеге айтсам, “өзүң бил” деп уруксатын берген. Бирок театр эмес, лигага айланып кетти.
Андан бери долбоорго коңшу өлкөлөрдөн: Каракалпакстандан, Өзбекстандын Ташкент, Андижан шаарларынан, Казакстандын Шымкент, Алматы шаарларынан, Кыргызстандын ичинен Ош, Бишкек, Жалал-Абад, Баткенден командалар келип ойноп жатышат. Канча бир пайыз эл аралык деңгээлге чыга алдык десем болот. Быйыл бул долбоорду уюштурганыбызга 5 жыл болуп жатат, Ош шаарында эле өзүбүз менен өзүбүз жүрө бербей, борбор калаага жылууну пландадык. Кантсе да борбордо мүмкүнчүлүктөр кенен эмеспи. Анын үстүнө азыр көпчүлүгү киного ооп кетти, андыктан Бишкек шаарында, дегеле Кыргызстанда кыргыз КВНин кайра жандантуу максатында борбор калаага аттандык. Мындан ары, буюрса, ар бир оюнубуз Бишкекте өтөт.
– Жакшы. Чыгармачылыкта дагы кандай иштер менен алексиз?
– Элибиздин жакшылыгында кызмат кылабыз, тойлордо тамадалык, концерттерде алпаруучулук кылам. Биздин муун бүт эле кино тармагына кетпедиби, бизден кийин сахнага чыккан балдар дагы жакшы кинолорду тарта башташты. Досторубуз түрткү берип биз дагы жакшы бир комедиялык фильмге сценарий жазганбыз. Ошол фильмди быйыл май-июнь айларында тартууга белсенип турабыз. Ушул жаңылык.
– “Тамашоу” дүркүрөп, анын артынан сиздер популярдуу болуп турган кезди эстегенде көз алдыңызга биринчи эмнелер тартылат?
– Э-эй, ал кез өзүнчө бир алтын доор эле. Студенттик курак, жаштык кез, бойдок элек, үй-бүлө көйгөйү жок, даярдыкка убакыт кенен болчу. Анан “ары кеттик” десек ары, “бери кеттик” десек бери, каалаган жагыбызга кете берчүбүз. Сахнага кенен чыкчубуз, мүмкүнчүлүктөр кенен эле, кыскасы, жаштыктын алтын доору эске келет. Азыр эми үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болгондон кийин бир бутуң чыгармачылыкта болсо, бир бутуң үй-бүлөдө болуп убакыт тартыш.
– Кадыр Жарматов кандай алып баруучу, кандай тамада болду?
– 10 жыл башта тойлорду кандай алып барсам, азыр деле ошондой алып барам. Учурга, мезгилге карап кээде иш-чара, тойлорду олуттуу алып барасың, жай сүйлөйсүң. Кээде жалжаңдаш керек болот, элди күлдүрүш үчүн. Эми тойго ар кандай адамдар келет да, ар кандай аура болот. Өзүмдү “мындай тамадамын” деп айта албайм, аны эл өзү бааласын. Ар ким өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт дешет эмеспи. Ошентсе да өзүмдү өзүм оор басырыктуу, анан сабырдуу тамадамын деп эсептейм.
– Сизде таланттын канча кыры бар?
– Мынча кырдуу талантмын дебейм. Алып баруучулук колумдан келет, бул жарым кыр болсо, ага кошумча ролик, кинолорго сценарий жазам, анан музыкалык аспаптардан пианинодо, аккордеондо бир аз ойной алам. Уюштуруучулук жөндөмүм бар, ушул нерселердин баарын бириктирип толук бир кырдуу талантмын десем болот.
– Жогоруда айтканыңыздай, мындан ары Бишкек шаарында иш кылсаңыз, борборго көчүп келүү пландарыңыз да барбы?
– Туура, буга чейин чыгармачылыкта көбүнчө Ош шаарында иштегенбиз. Быйылкы планыбыз Бишкекте. Кинобузду да жарым-жартылай Бишкектен тартабыз дегендей, бир бутум Ош шаарында, бир бутум Бишкекте болот. Бишкектен дагы үй алышым керек деген оюм бар, бирок буга азыр мүмкүнчүлүгүм, шартым жок. Мүмкүнчүлүк болуп калса, борбор шаарыбыздан да үй-жай кылабыз.
– Ушуга чейинки жашооңузда кетирген эң чоң катам деп эмнени айтасыз?
– Келинчегимди жоготконумду элдин баары билет, 3 жыл болуп калды. Бир жолу жубайым ооруп жүргөнүн айткан эле. Ошондо аны мечиттин имамына алып барып 3-4 жолу дем салдырып, “болду, жакшы болуп калды” деп жөн коюптурмун. “Эмнеге аягына чейин кам көрбөдүм, эмнеге олуттуу карабадым, минтсем болот эле го” деген ойлор келет ушуга чейин. Кенебестик кылыптырмын, эң чоң катам ушул.
– Маектериңизде апаңыздан 1 жашыңызда айрылып калганыңызды, аны сагынып ыйлаган күндөрүңүздү айтып жүрөсүз. Энени сагынуу өксүгү басылдыбы?
– Ата-энеге болгон өксүк такыр айыкпайт экен. 1 жашымда апамдан айрылсам, студент кезде атамдан калдым. Бир эле кейигеним – балдарым менин тагдырымды кайталап калышты, ушул өкүндүрөт.
– Балдарыңыз кандай чоңоюп жатышат?
– Күн өтө берет экен да. Чоңоюп жатышат, чоң уулум 6-классты, андан кийин кызым 4-классты, үчүнчү кызым 1-классты бүтүп жатат. Эң кичинекейим 5ке чыгайын деп калды. Буюрса, 1-2 жылда ал дагы мектеп босогосун аттайт. Кудайга шүгүр, жакшы, чоңоюп жатышат, көз тийбесин.
– Былтыр маектешкенибизде жеке жашооңузда жаңылыктар бар экенин, аны кийинчерээк жарыя кыларыңызды айткан элеңиз...
– Ооба, жаңылыктар бар. Эң негизгиси, балдарым эсен-аман чоңоюп жатышат, ушуга шүгүр. Тойдон, көчөдөн жолугуп калганда эжелер сурайт, адам баласы кызыгат экен да, “канттиң, кыйналган жоксуңбу, балдарың чоңоюп жатабы?” деп. Анан аягында “үйлөндүңбү?” дешет (күлүп). Сиздер дагы ошондой эле суроо бердиңиздер. Бир дагы массалык маалымат каражаттарына айта элек болчумун, бирок жеке сурагандарга ачык эле айтып жүрөм. Башым бош эмес, кайра эле ошол кайын журтумдан үйлөнгөм. Тагдыр насип ошол жакта экен.
– Жакшы, бактылуу болуңуздар!
Гулийпа Маметосмон кызы